ЖарлыкКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-майындагы № 166 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы

Редакция14.05.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

 

2026-жылдын 14-майы № 166

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын

8-декабрындагы № 336 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү

киргизүү тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлыктын 2-тиркемесинде:

− 7-пунктта:

биринчи абзацта «11» деген цифралар «12» деген цифраларга алмаштырылсын;

жетинчи абзацта «1» деген цифра «2» деген цифрага алмаштырылсын;

− 15-пунктта:

биринчи абзацта «68» деген цифралар «70» деген цифраларга алмаштырылсын;

он биринчи абзацта «39» деген цифралар «41» деген цифраларга алмаштырылсын;

он үчүнчү абзацта «11» деген цифралар «13» деген цифраларга алмаштырылсын;

он алтынчы абзацта «8» деген цифра «10» деген цифраларга алмаштырылсын;

−.«Жыйынтыгы» позициясында «271» деген цифралар «274» деген цифраларга алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) ушул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын издеп тапсын;

2) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 19-майындагы № 36 (3796) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

С.Н. Жапаров