РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майындагы № 361-т (Интернат тибиндеги балдар мекемелерине, улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерге шефтик колдоо көрсөтүү) тескемеси

Редакция20.05.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 20-майы № 361-т

 

Интернат тибиндеги балдар мекемелерине, улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерге социалдык колдоо көрсөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жана административдик ведомстволору кураторлукту (шефке алууну) жүзөгө ашыруу үчүн интернат тибиндеги балдар мекемелерине, улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерге тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жана административдик ведомстволору кураторлук кылган интернат тибиндеги балдар мекемелерине, улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерге ар тараптуу демөөрчүлүк колдоо көрсөтүү боюнча борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүү үчүн бюджеттик же Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы акча каражаттарын жыл сайын карасын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 1165-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев