Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 2-апрели № 358-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 21-январындагы № 75-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
- жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Аматов Жаныбек Женишбекович;".
2. "Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 21-январындагы № 76-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-пункттун жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2. төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Алиев Медербек Кубанычевич парламенттик делегациянын башчысы болуп шайлансын.".
3. "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 21-январындагы № 77-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы Кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 112-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 114-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-пунктта:
- бешинчи, сегизинчи жана онунчу абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Абдуллаев Азизбек Ашимжанович;";
1. 2-пунктта:
- жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- тогузунчу абзацта "; Жаанбаев Уланбек Коргонбаевич" деген сөздөр алып салынсын;
- он биринчи абзацта "Аматов Жаныбек Женишбековичти" деген сөздөр "Абдуллаев Азизбек Ашимжановичти" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссияга - Айтиев Темирлан Тынычбековичти.".
6. "Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 115-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Ормонов Улугбек Зулпукарович;";
1. төмөнкүдөй мазмундагы 1-2-пункт менен толукталсын:
"1-2. Талиева Камила Абдыразаковна Улуттук комитеттин башчысынын орун басары болуп шайлансын.".
7. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосунда Кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 116-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
- экинчи абзацта "- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басары, комиссиянын тең төрагасы" деген сөздөр алып салынсын;
- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
8. "Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 117-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-пунктта:
- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"билим берүү, маданият, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссияга - Карыбек уулу Улукбек, Машрапова Гүлай Эгемназаровна, Торобекова Нуржамал Турсуналиевна;";
"айлана-чөйрө, жаратылыш ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссияга - Атажанов Ырысбек Ысламович, Ахмедова Айгуль Абдилхаевна.".
9."Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 118-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 2-пункттун экинчи абзацында "Сулайманов Кундузбек Кошалиевич," деген сөздөр алып салынсын.
10. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| М.А. Маматалиев |