РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 299-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Чоктал Резорт» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Ысык-Көлдүн жээгинде эл аралык деңгээлдеги «Choktal Resort» көп функциялуу туристтик-рекреациялык курортун куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тууралуу инвестициялык макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси

Редакцияот 28.04.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси

 

2026-жылдын 28-апрели № 299-т

 

Улуттук экономикага түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, Ысык-Көл облусунун туристтик чөйрөсүн туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 31-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Чоктал Резорт" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Ысык-Көлдүн жээгинде эл аралык деңгээлдеги "Choktal Resort" көп функциялуу туристтик-рекреациялык курортун куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тууралуу инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев