Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 20-майындагы № 361-т
тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 29-декабры № 1165-т
Интернат тибиндеги балдар мекемелерине, улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерге социалдык колдоо көрсөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жана административдик ведомстволору кураторлукту (шефке алууну) жүзөгө ашыруу үчүн интернат тибиндеги балдар мекемелерине, улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерге тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Интернат тибиндеги балдар мекемелерине, улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерге кураторлукту (шефке алууну) жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жана административдик ведомстволору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында тыюу салынбаган каражаттардын эсебинен интернат тибиндеги балдар мекемелерине, улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерге ар тараптуу жана демөөрчүлүк колдоо көрсөтсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 385-т тескемеси;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 402-т тескемеси.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Кураторлукту (шефке алууну) жүзөгө ашыруу үчүн интернат тибиндеги балдар мекемелерине, улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерге бекитилген министрликтер, мамлекеттик комитет жана административдик ведомстволор
№ | Кураторлукту (шефке алууну) жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар | Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин, улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелердин аталышы |
1 | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | Кара-Суу дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектеби |
К.Тилебалиев атындагы жетим балдар жана ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар үчүн Панфилов жатак-мектеби | ||
2 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | Талас атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак-мектеби |
Тарбиялоонун өзгөчө шарттарына муктаж балдар жана өспүрүмдөр үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектеби | ||
3 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | Беловодскийдеги балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси |
Красноречка атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак-мектеби | ||
4 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | Сокулуктагы сүйлөөдө оор бузулуулары бар балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектеби |
Үч-Коргон атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак-мектеби | ||
5 | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги | Үй-бүлөлүк типтеги "Мээрим-ментор" үйү |
Дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектеби | ||
6 | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги | Ж.Ниязов атындагы атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак-мектеби |
Жетим балдар жана ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар үчүн Военно-Антоновка балдар үйү | ||
7 | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги | Жалал-Абад балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси |
Жетим балдар жана ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар үчүн Чалдыбар жатак-мектеби | ||
8 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | Беловодск атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак-мектеби |
Азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектеби | ||
9 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | Психикалык өнүгүүсү жетишпеген балдар үчүн атайын башталгыч жатак-мектеби |
М.Разаков атындагы жетим балдар жана ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар үчүн Мырза-Аке жатак-мектеби | ||
Улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн Бакай-Ата социалдык стационардык мекемеси | ||
10 | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги | Үй-бүлө тибиндеги "Бактылуу балалык" балдар үйү |
"Сюзен" патронаттык-адаптациялык борбору | ||
Жетим балдардын энелеринин өз ара жардамдашуу комитетинин "Келечек" коомдук бирикмеси | ||
11 | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | Ош шаардык балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борбору |
Ош шаарындагы азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектеби | ||
12 | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги | Балдарды реабилитациялоо, өнүктүрүү жана үй-бүлөнү колдоо мамлекеттик борбору |
Жетим балдар жана ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар үчүн Чүй жатак-мектеби | ||
Жашы жете элек балдарды реинтеграциялоо "Айданек" борбору | ||
Балдарды социалдык адаптациялоо борбору (БСАБ) | ||
Бишкек ш. мэриясынын Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борбору | ||
13 | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети | Угуусу начар жана кечирээк укпай калган балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектеби |
В.В.Терешкова атындагы № 11 негизги мектеп-интернаты | ||
14 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | Беловодскийдеги мектеп жашына чейинки балдар үйү |
Жалал-Абаддагы "Ак-Жол" балдар үчүн комплекстүү реабилитациялык борбору | ||
15 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Сокулуктагы реабилитациялык борбору |
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн үй-бүлө тибиндеги балдар үйү | ||
16 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | Үй-бүлө тибиндеги "Ташмамат" үйү |
"Боорукердик" үй-интернаты | ||
17 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик | Ош шаарындагы Азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектеби № 12 атайын көмөкчү мектеп-интернаты |
18 | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги | Республикалык адистештирилген борбордук нерв системасы жабыркаган жана психикасы бузулган балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борбору |
Үй-бүлө тибиндеги "Нур-Булак" балдар үйү | ||
19 | Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура, жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги | Сүлүктү атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак-мектеби |
Кара-Суу дүлөй балдар үчүн атайын жатак типтеги бала бакчасы |