КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 2-апрели № 353-VIII
«Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын
кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2025-жылдын 22-декабрындагы чыг. № 18-13755) «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 14-апрелинде https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/7565 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | М.А. Маматалиев |