ЖарлыгыКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 30-майындагы № 192 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» Жарлыгы

Редакцияот 30.05.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 30-майы № 192

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү

сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын

токтотуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 96-беренесинин 3-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 3-бөлүгүнө ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:

 

1. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн мурда жөнөтүлгөн Абдуллаев Болотбек Абдырахманович каза болгондугуна байланыштуу анын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду жана ал ээлеген кызмат ордунан 2026-жылдын 22-майынан тартып бошотулду деп эсептелсин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

С.Н. Жапаров