Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2026-жылдын 20-майы № 1
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
2024-жылдын 22-январындагы №1-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алуу менен буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы №1-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жободо:
‒ 312-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“312. Контрактты (келишимди) түзүүдө:
1) товарларды сатып алууга, кызматтарды көрсөтүүгө жана жумуштарды аткарууга аванстык төлөмдүн өлчөмү мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары үчүн контракттын (келишимдин) суммасынын 20 пайызына чейин белгиленет.
Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга контракттын (келишимдин) суммасынын 20 пайызынан ашык болгон аванстык төлөмдүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарына белгилениши мүмкүн;
2) Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу товарларды берүүгө, чийки заттарды жана материалдарды сатып алууга байланышкан жумуштарды аткарууга, дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды, ошондой эле билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын сатып алууга аванстык төлөмдүн өлчөмү контракт (келишим) түзүүдө тараптар тарабынан белгиленет;
3) мамлекеттик сырларды коргоо, өзгөчө кырдаалдар, улуттук коопсуздук жана коргонуу менен түздөн-түз байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга аванстык төлөмгө карата талап коюлбайт;
4) мамлекеттик ишканалардан жана мекемелерден товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга аванстык төлөмдүн өлчөмү контракт (келишим) түзүүдө тараптар тарабынан белгиленет. ”.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы:
1) бул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий сайтына жарыяласын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары - Борбордук казыналыктын директору У.М.Аманбаевге жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр |
| Р.М.Суйналиев |