Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
“27” январдын 2026-жылдагы №13
Курама айылдык кеңешинин “10” октябрдын 2025-жылдагы №40 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы №241 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси” 51-беренесине ылайык, Курама айылдык кеңешинин X-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Курама айылдык кеңешинин “10” октябрдын 2025-жылдагы №40 “Панфилов районунун Эфиронос айылынын Некрасова-Самат-Ата көчөлөрүн асфальттоо иштери жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын: Эфиронос айылындагы Некрасова-Самат-Ата көчөлөрүн асфальттоо иштери боюнча долбоор бекитилип, жергиликтүү бюджеттен 1 475 505 сом (бир миллион төрт жүз жетимиш беш миң беш жүз беш сом) каражат бөлүнсүн.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Курама айылдык кеңешинин туруктуу бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.К.Джумагулов |