РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрели № 323-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, «Кыргызалтын» ачык акционердик коому жана «Цзыцзинь Голд Интернейшинал Компани Лимитед» (Zijin Gold International Company Limited) компаниясынын ортосундагы металлургиялык заводду куруу жана Талды-Булак менен Андаш кендерин өздөштүрүү боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө Инвестициялык келишимдин долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси

Редакцияот 30.04.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси

 

2026-жылдын 30-апрели № 323-т

 

Металлургиялык заводду куруу, Андаш жана Талды-Булак кендерин өздөштүрүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 31-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун жана «Цзыцзинь Голд Интернейшинал Компани Лимитед» (Zijin Gold International Company Limited) компаниясынын ортосундагы Металлургиялык заводду куруу,  Андаш жана Талды-Булак алтын кендерин өздөштүрүү боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев