Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-майындагы № 348 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Мамлекеттик агенттик) туризм чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздоочу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп эсептелет.
2. Мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин туризм чөйрөсүндөгү тийиштүү функцияларынын укук улантуучусу болуп саналат.
3. Мамлекеттик агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Мамлекеттик агенттик туризм чөйрөсүндөгү маселелер боюнча өзүнүн ишин аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактардын бирикмелери жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө координациялайт жана жүзөгө ашырат.
5. Мамлекеттик агенттик оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, обочолонгон мүлккө ээ, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн атайын эсептерге топтолуучу каражаттардын, гранттардын, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен каржыланат.
Мамлекеттик агенттиктин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, өз алдынча балансы, казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, ошондой эле штампы, мамлекеттик жана расмий тилдерде белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибутикасы бар.
Мамлекеттик агенттик өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерге кирет, жарандык-укуктук мамилелерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында, өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамиленин тарабы болуп чыгууга укуктуу.
6. Мамлекеттик агенттиктин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик";
- расмий тилде: "Государственное агентство по развитию туризма при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
7. Мамлекеттик агенттиктин жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, А.Токтоналиев көчөсү, 96.
2-глава. Максаттары
8. Мамлекеттик агенттиктин ишинин максаттары болуп туризм чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле туризм чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруу болуп саналат.
3-глава. Милдеттери
9. Мамлекеттик агенттиктин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик жана региондук деңгээлдерде туризм чөйрөсүндөгү саясатты координациялоону камсыз кылуучу механизмди түзүү, мамлекеттик бюджетти толтуруу, ошондой эле туристтик, экскурсиялык, мейманканалык жана туризмди коштоочу кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү үчүн олуттуу экспорттук мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон туризмдин экономикалык натыйжалуулугун жогорулатуу жана Кыргызстандын экономикасынын жогорку кирешелүү тармагына өзгөртүп түзүү максатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
2) туризмди өнүктүрүүнүн ченемдик укуктук базасын жана мамлекеттик программаларын өркүндөтүү;
3) туристтик ишти мамлекеттик жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү;
4) туризм чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын бирикмелеринин жана башка уюмдардын ишин координациялоону камсыз кылуу;
5) туризмди туруктуу өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү, туристтик тармакты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу;
6) өлкөнүн оң имиджин калыптандыруу, улуттук туристтик продуктуну ички жана эл аралык рыноктордо илгерилетүү;
7) туристтик тармактын абалын жана өнүгүү тенденцияларын мониторингдөө, талдоо жана болжолдоо;
8) туризм чөйрөсүндө эл аралык кызматташууну өнүктүрүү;
9) мамлекеттик маалыматтык системаларды, санариптик платформаларды иштеп чыгуу, ошондой эле ведомстволор аралык маалыматтар базаларына интеграциялоо жолу менен туризм чөйрөсүндө санариптик жана инновациялык чечимдерди өнүктүрүү.
4-глава. Функциялары
10. Мамлекеттик агенттик өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
1) тармактык саясаттын функциялары:
- туризм чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- туризмди экономиканын жогорку кирешелүү тармагына айландыруу максатында аны өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- туризмди өнүктүрүүнүн негизги тенденцияларына жана багыттарына комплекстүү талдоо жүргүзүү жана болжолдоо;
- туристтик инфраструктура объекттеринин абалына талдоо жүргүзүү жана туристтик агымдарга мониторинг жүргүзүү;
- мамлекеттер аралык башкаруу органдарында жана эл аралык уюмдарда Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринде жана ченемдеринде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте жана учурларда кызматташууну жүргүзүү;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу практикасын жалпылоо, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
- туризмдин абалын изилдөө, жалпылоо жана талдоо, Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнүн негизги стратегиялык багыттарын аныктоо;
- туризмдин дүйнөлүк рыногунун конъюнктурасын изилдөө жана туризм чөйрөсүн өркүндөтүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүү;
- маалыматтарды жана эл аралык тенденцияларды талдоонун негизинде мамлекеттик саясатты оңдоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- туризм чөйрөсүндө концептуалдык стратегиялык документтерди, анын ичинде туризмдин маркетингдик стратегиясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- туризмдин бирдиктүү статистикалык жана маалыматтык-аналитикалык системасын түзүүгө демилге көтөрүү жана катышуу;
- экологиялык, социалдык, экономикалык жана маданий туруктуулукту камтыган туризмди туруктуу өнүктүрүүнүн глобалдык критерийлерин киргизүүгө көмөк көрсөтүү;
- туристтик сезондордун пландарын иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына бекитүүгө киргизүү;
- туризм секторуна гранттарды, техникалык, донордук жана демөөрчүлүк жардамдарды тартууга өбөлгө түзүүчү документтик долбоордук базаны даярдоо жана түзүү;
- эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча функцияларды жүзөгө ашыруу, Кыргыз Республикасынын кызматташуусу жана туризм чөйрөсүндөгү эл аралык иш-чараларга катышуусу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген чөйрөлөрдө кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдерди ишке ашыруу;
- жергиликтүү региондук деңгээлде туризм чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүү жана илгерилетүү;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, жаратылыш комплекстерин жана тарыхый-маданий объекттерин өзүнө камтыган туристтик ресурстарды сактоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- көрсөтүлүүчү туристтик кызматтардын сапатын жана аларды көрсөтүүнүн коопсуздугун жогорулатуу, анын ичинде бийик тоолуу зоналардагы тоо туризминин жана альпинизмдин багыттары боюнча чараларды көрүү;
- туристтик иштин объекттеринин жана субъекттеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү;
- туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик информациялык системанын ишин жүргүзүү;
- туризмдин түрлөрү боюнча классификацияны иштеп чыгуу жана бекитүү;
- жайгаштыруу каражаттарын мамлекеттик классификациялоо системасынын иштөөсүн камсыз кылуу;
- жайгаштыруу каражаттарын классификациялоо боюнча катчылыктын ишин контролдоону жүзөгө ашыруу;
- жайгаштыруу каражаттарына категорияларды ыйгаруу жөнүндө күбөлүктөрдү берүү;
- классификацияланган жайгаштыруу каражаттарынын реестрин жүргүзүү;
2) координациялоо, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо функциялары:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү/объекттерди жөнгө салуу, классификациялоо, камсыздандыруу, стандартташтыруу жана сертификациялоо системаларын уюштуруу;
- туристтик тармактагы сапаттын жана коопсуздуктун улуттук стандарттарын белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана киргизүү, алардын сакталышына мониторинг жүргүзүү;
- тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактардын бирикмелери жана туризм чөйрөсүндөгү башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын туризм чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана ишке ашыруу боюнча ишин тармактар аралык жана региондор аралык координациялоо;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, тармактык уюмдардын жана мекемелердин ишин жана туризм чөйрөсүндө белгиленген максаттуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышын контролдоо;
- туристтик объекттердин абалына, аларды сарамжалдуу пайдаланууга, сактоого жана калыбына келтирүүгө мониторинг жүргүзүү;
- туризм боюнча уюмдардын ишине мониторинг жүргүзүү;
3) колдоо жана кызмат көрсөтүү функциялары:
- туристтик иштин субъекттерин мамлекеттик колдоо чараларын жана туристтик бизнеске дем берүү механизмдерин иштеп чыгуу;
- инфраструктураны жана туризмдин жаңы түрлөрүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- туристтик агымдардын абалына талдоо жүргүзүү;
- туристтик иштин субъекттери тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына талдоо жүргүзүү;
- статистикалык маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу, маалымат алмашуу үчүн башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү, аналитикалык серептерди жана божомолдорду даярдоо;
- тармакта кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик стандарттарды өнүктүрүү боюнча ишти уюштуруу;
- Кыргыз Республикасында Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жумушчу органынын функцияларын аткаруу жана аны маалыматтык-аналитикалык жактан камсыздоо;
- туризм чөйрөсүнө ата мекендик жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, туристтик инфраструктуранын жана туристтик дестинациялардын жаңы объекттерин түзүү жана иштеп жаткандарын реконструкциялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү жана акысыз негизде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын белгиленген тартипте кароо;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактарга маалыматтык-консультациялык көмөк көрсөтүүнү камсыз кылуу;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтык-аналитикалык материалдарды даярдоо жана жайылтуу;
- туристтик иш-чараларды өткөрүүдө коомдук туристтик бирикмелерге маалыматтык жана администрациялык колдоо көрсөтүү;
- жарнамалык-маалыматтык кампанияларды жүргүзүү, көргөзмөлөргө, форумдарга жана туристтик иш-чараларга катышуу, улуттук стенддерди жана презентацияларды уюштуруу;
- улуттук туристтик брендди калыптандыруу жана илгерилетүү максатында өлкөнүн туристтик потенциалын илгерилетүүгө мамлекеттик заказды жайгаштыруу;
- Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын пропагандалоого өбөлгө түзүүчү билим берүүчү, маркетингдик иш-чараларды жана жарнамалык роликтерди иштеп чыгуу;
- туризм чөйрөсүндөгү субъекттерге методикалык жана консультациялык жардам көрсөтүү;
- башка өлкөлөрдөгү ата мекендик туристтик уюмдардын кызыкчылыктарын илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү;
- улуттук жана эл аралык уюмдар менен туризм багыты боюнча байланыштарды түзүү жана биргелешкен изилдөөлөрдү, агартуу иштерин жүргүзүү;
- туризм жөнүндө санариптик илгерилетүү инструменттерин, маалыматтык платформаларды, маалымат базаларын жана порталдарды өнүктүрүү;
- санариптик чечимдерди киргизүү, туристтер жана туристтик иштин субъекттери үчүн онлайн-сервистерди өнүктүрүү;
- туристтик индустриядагы инновациялык долбоорлорду жана стартаптарды колдоо;
- улуттук туристтик статистиканы эл аралык маалымат системалары менен интеграциялоо.
Мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын туризм чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык башка функцияларды да жүзөгө ашырат.
5-глава. Укуктары
11. Жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик агенттик төмөнкү укуктарга ээ:
1) туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча жана Мамлекеттик агенттиктин ишинин маселелери боюнча сунуштарды киргизүүгө;
2) чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен долбоорлорду иштеп чыгууга жана эл аралык келишимдерге, башка документтерге кол коюуга белгиленген тартипте катышууга;
3) Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери аткаруу үчүн милдеттүү болгон ички ведомстволук актыларды кабыл алууга;
4) Мамлекеттик агенттиктин ишинин маселелери боюнча координациялык жана кеңешүүчү органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду), анын ичинде ведомстволор аралык органдарды түзүүгө;
5) туризм чөйрөсүндө пилоттук долбоорлорду демилгелөөгө;
6) мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө катышууга;
7) уставдык капиталында мамлекеттик үлүшү бар чарбакер коомдордо акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча мамлекеттин атынан юридикалык жактардын уюштуруучусу катары чыгууга жана уставдык капиталында мамлекеттик үлүшү бар чарбакер коомдордо акционердин укуктарын жүзөгө ашырууга;
9) Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык институттардын, комиссиялардын, эксперттик топтордун, атайын жумушчу топтордун ишине, анын ичинде ведомстволор аралык жана өкмөттөр аралык деңгээлдерде катышууга;
10) Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык (региондук) уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоого;
11) туризм чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын тартууга;
12) мамлекеттик программаларды, концепцияларды жана башка долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин, административдик ведомстволорунун, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, илимий-изилдөө жана башка ишке тартылган уюмдардын, мекемелердин өкүлдөрүн, эксперттерди Мамлекеттик агенттиктин ишинин багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн тартууга;
13) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден туризм чөйрөсүн өнүктүрүү маселелери боюнча материалдарды, сунуштарды жана корутундуларды суроого жана алууга;
14) башка юридикалык жана жеке жактар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
15) келишимдерди түзүүгө жана бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана башка укуктарды жана милдеттерди алууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга;
16) негизги фонддордон, жүгүртүү каражаттарынан, башка материалдык баалуулуктардан жана финансылык ресурстардан турган, Мамлекеттик агенттикке бекитип берилген мүлктү белгиленген тартипте пайдаланууга жана тескөөгө;
17) жергиликтүү деңгээлде туризмди башкаруу системасын түзүү максатында Мамлекеттик агенттиктин ведомстволук мекемелерин жана аймактык бөлүмдөрүн түзүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
18) Мамлекеттик агенттиктин адистеринин туруктуу негизде квалификациясын жогорулатууну, тренингдерди өткөрүүнү, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө тажрыйба алмашуусун камсыз кылууга;
19) Мамлекеттик агенттиктин бюджетин түзүүгө катышууга жана сунуштарды киргизүүгө;
20) иштин тиешелүү чөйрөсүндө маалыматты жарыялоо, Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча башка материалдарды жайгаштыруу үчүн жалпыга маалымдоонун басма каражаттарын белгиленген тартипте уюштурууга;
21) Мамлекеттик агенттиктин өзгөчө айырмаланган кызматкерлери, ошондой эле Мамлекеттик агенттиктин милдеттерин аткарууга көмөк көрсөткөн башка жеке жана юридикалык жактар үчүн белгиленген тартипте ведомстволук сыйлыктарды (төш белгилерди, сыйлыктарды, грамоталарды) уюштурууга;
22) Мамлекеттик агенттиктин компетенциясынын алкагында кызматташуу жөнүндө меморандумдарга, келишимдерге, макулдашууларга, протоколдорго жана башка документтерге белгиленген тартипте кол коюуга;
23) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
6-глава. Ишти уюштуруу
12. Мамлекеттик агенттикти Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор башкарат.
13. Мамлекеттик агенттиктин директору Мамлекеттик агенттикке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
14. Мамлекеттик агенттикте директордун биринчи орун басары жана директордун орун басары кызмат орундары каралган, алар Мамлекеттик агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз директорго баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Мамлекеттик агенттиктин ишин уюштурат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы директордун орун басарларын директордун сунушусуз эле бошотууга укуктуу.
Директор жок учурда анын милдеттерин директордун биринчи орун басары аткарат.
Директор жана директордун биринчи орун басары бир учурда жок болгон учурда директордун милдеттерин директордун орун басары аткарат.
15. Мамлекеттик агенттиктин директору:
1) Мамлекеттик агенттиктин ишине жалпы жетекчиликти жүргүзөт;
2) Кыргыз Республикасынын, чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен болгон мамилелерде Мамлекеттик агенттиктин атынан чыгат, Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте эл аралык келишимдерге кол коёт;
3) Мамлекеттик агенттиктин аппаратынын түзүмүн, штаттык расписаниесин, кирешелер жана чыгымдар сметасын белгиленген эмгек акы төлөө фондунун жана чектелген штаттык санынын чегинде бекитет;
4) Мамлекеттик агенттиктин кызмат адамдарынын Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген уюштуруучулук, кадрдык, финансылык жана башка маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарын белгилейт;
5) Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерин белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аларга сыйлоо чараларын колдонот, тартиптик жазаларды салат;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Мамлекеттик агенттиктин ишин жүргүзүү үчүн бюджеттик ассигнованиелердин көлөмү жөнүндө сунуштарды берет;
7) бюджеттик каражаттардын пайдаланылышын контролдойт;
8) Мамлекеттик агенттиктин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин, ошондой эле Мамлекеттик агенттиктин милдеттерин аткарууга көмөк көрсөткөн башка жеке жана юридикалык жактарды ведомстволук сыйлыктар (төш белгилер, сыйлыктар, грамоталар) менен сыйлайт;
9) Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтөт;
10) Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерине белгиленген тартипте класстык чендерди ыйгарат;
11) өз компетенциясынын чегинде Мамлекеттик агенттиктин бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды жана башка ведомстволук актыларды чыгарат жана алардын аткарылышын контролдойт;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик агенттиктин мүлкүн, финансылык каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат, ишеним каттарды берет, келишимдерди жана бүтүмдөрдү түзөт, ошондой эле финансылык жана эмгек тартибинин сакталышын камсыз кылат;
13) Мамлекеттик агенттиктин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
14) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
15) Мамлекеттик агенттиктин алдына коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
16. Мамлекеттик агенттикте 7ден кем эмес адамдан турган коллегия түзүлөт, анын курамына Мамлекеттик агенттиктин директору, директордун орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү, ошондой эле Мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү кирет.
Мамлекеттик агенттиктин коллегия мүчөлөрүнүн персоналдык курамы жана Мамлекеттик агенттиктин коллегиясы жөнүндө жобо Мамлекеттик агенттиктин директору тарабынан бекитилет.
7-глава. Мүлкү жана каражаттары
17. Мамлекеттик агенттиктин мүлкүн негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле ыкчам башкаруу укугунда бекитип берилген башка материалдык баалуулуктар түзөт, алардын наркы өз алдынча баланста көрсөтүлөт.
18. Мамлекеттик агенттик бекитип берилген мүлктү мүлктүн менчик ээсинин макулдугу менен гана ажыратууга же башка ыкма менен тескөөгө укуктуу.
19. Мамлекеттик агенттик мүлктү эксплуатациялоонун ченемдерин жана эрежелерин сактоо менен анын сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылат.
20. Мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана отчет түзөт, ошондой эле статистикалык отчет түзөт.
21. Мамлекеттик агенттиктин ишин каржылоо республикалык бюджетте каралган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында уруксат берилген башка булактардын эсебинен белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
22. Мамлекеттик агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
23. Мамлекеттик агенттиктин ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.