Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 29-апрели № 87
2024-жылдын 3-декабрында Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2025-жылдан тартып 2029-жылга чейинки мезгилге Экономикалык өнүктүрүү жаатында кызматташуу фондунан (EDCF) кредиттер жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2024-жылдын 3-декабрында Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2025-жылдан тартып 2029-жылга чейинки мезгилге Экономикалык өнүктүрүү жаатында кызматташуу фондунан (EDCF) кредиттер жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Алкактык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө корей тарапка белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 2-майындагы № 33 (3689) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 2-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |