МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрели № 87 «2024-жылдын 3-декабрында Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2025-жылдан тартып 2029-жылга чейинки мезгилге Экономикалык өнүктүрүү жаатында кызматташуу фондунан (EDCF) кредиттер жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы

Редакция29.04.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2025-жылдын 29-апрели № 87

2024-жылдын 3-декабрында Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2025-жылдан тартып 2029-жылга чейинки мезгилге Экономикалык өнүктүрүү жаатында кызматташуу фондунан (EDCF) кредиттер жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2024-жылдын 3-декабрында Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2025-жылдан тартып 2029-жылга чейинки мезгилге Экономикалык өнүктүрүү жаатында кызматташуу фондунан (EDCF) кредиттер жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Алкактык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө корей тарапка белгиленген тартипте кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 2-майындагы № 33 (3689) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2026-жылдын 2-апрелинде

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган