ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 394 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 05.06.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 5 - июну № 394

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 «2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (2025–2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) 5-главасынын 1-пунктунун 2-пунктчасын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 429 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө Жободо:

- 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

«– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;».

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы № 511 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин Уставында:

- 20-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:

«– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;».

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 406 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу «Балдар үчүн ишеним телефону» борбору» мамлекеттик мекемеси жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу «Балдар үчүн ишеним телефону» борбору» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:

- 23-пункт төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

«– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;».

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө жободо:

- 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.».

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 317 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө жободо:

- 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:

«– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;»;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти жөнүндө жободо:

11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.».

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 319 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жөнүндө жободо:

- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 81-пунктча менен толукталсын:

«81) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;».

7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 392 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин уюштуруу маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү жөнүндө жободо:

- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.».

8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 185 «Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө жободо:

- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:

«– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;».

9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 9-июнундагы № 42 (3802) жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев