Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-июну № 400
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 756 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында жана атайын кызматтарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 36 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгынын 3-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 756 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында жана атайын кызматтарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда жана атайын кызматтарда согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды колдонуунун эрежесинде:
– 1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Куралдарды жүгүртүү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, мамлекеттик күзөт органынын, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын аскердик бөлүктөрүндө жана уюмдарында, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атайын кызматтарында, Кыргыз Республикасынын сот приставдары кызматтарында (мындан ары – мамлекеттик аскерлештирилген уюмдар жана атайын кызматтар) жүзөгө ашырылат.»;
– 27-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Чет өлкөлүк аскерлештирилген уюмдардын жана атайын кызматтардын чет мамлекеттердин башчыларын жана чет мамлекеттердин өкмөттөрүнүн башчыларын, мамлекеттик күзөткө алынууга тийиш болгон башка чет өлкөлүк мамлекеттик, саясий, ошондой эле коомдук ишмерлерди алар Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн мезгилде коштоочу кызматкерлеринин, ошондой эле кызматтык зарылчылыкка байланыштуу мамлекеттик күзөт органынын чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасына келген адамдардын куралдарды жана алардын ок-дарыларын Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүсү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгуусу мамлекеттик күзөт органынын уруксаты боюнча жүргүзүлөт.»;
үчүнчү абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин» деген сөздөр «мамлекеттик күзөт органынын» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Мамлекеттик чек араны кайтаруу, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, мамлекеттик күзөт органы өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 9-июнундагы № 42 (3802) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |