ЖарлыкКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 23-майындагы № 182 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302»Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө«Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы

Редакция23.05.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

 

2026-жылдын 23-майы № 182

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

 

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жободо:

- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи абзац менен толукталсын:

"- жыл сайын калк менен милдеттүү жолугушууларды өткөрөт;";

- 3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын:

"10-1. Ушул жобонун 10-пунктунун жыйырма экинчи абзацында каралган ыйгарым укуктуу өкүлдүн калк менен милдеттүү жолугушуулары жылына 2 жолу, ар бир жылдын февраль-мартында жана ноябрь-декабрында өткөрүлөт.".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров