Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 16-июну № 216
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2025-жылдын 11-ноябрындагы № 308
«Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчөлүк белгилери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 308 «Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчөлүк белгилери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин байрагынын техникалык өзгөчөлүгүндө:
– 2-главанын 1-пунктунда «бийиктиги – 0,3221 м, туурасы – 0,18 м» деген сөздөр «бийиктиги – 0,3350 м, туурасы – 0,1200 м» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– жогоруда аталган техникалык өзгөчөлүктүн 2-тиркемеси ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 19-июнундагы № 45 (3805) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |