ЖарлыкКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 16-июнундагы № 216 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 308 «Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчөлүк белгилери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы

Редакция16.06.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 16-июну № 216

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2025-жылдын 11-ноябрындагы № 308

«Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчөлүк белгилери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 308 «Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчөлүк белгилери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин байрагынын техникалык өзгөчөлүгүндө:

– 2-главанын 1-пунктунда «бийиктиги – 0,3221 м, туурасы – 0,18 м» деген сөздөр «бийиктиги – 0,3350 м, туурасы – 0,1200 м» деген сөздөргө алмаштырылсын;

– жогоруда аталган техникалык өзгөчөлүктүн 2-тиркемеси ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 19-июнундагы № 45 (3805) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

С.Н. Жапаров