Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 15-июну № 418
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
16-майындагы № 225 «Кыргыз Республикасынын коомдук
саламаттык сактоо жаатындагы нормативдик укуктук
актыларын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Ишке кирүүдө милдеттүү алдын ала жана декреттелген контингенттин мезгил-мезгили менен медициналык кароолорунан өтүүсүнүн жол-жоболорун санариптештирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 225 «Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо жаатындагы нормативдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
«11. 2026-жылдын 1-сентябрына чейин берилген кагаз жүзүндөгү медициналык корутундулардын колдонуу мөөнөтү алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин сакталат деп белгиленсин.»;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишке кирүүдө милдеттүү жана мезгил-мезгили менен медициналык текшерилүүгө тийиш болгон декреттелген контингенттин тизмесинде:
– эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Лабораториялык жана функциялык изилдөөлөрдүн натыйжалары саламаттык сактоонун мамлекеттик санариптик технологиялык системаларын колдонуу менен электрондук формада түзүлөт, өткөрүп берилет жана эске алынат.»;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кызматкерлерди ишке кирүүдө милдеттүү түрдө алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өткөрүү жөнүндө нускамада:
– төмөнкүдөй мазмундагы 32, 33-пункттар менен толукталсын:
«32. Кыргыз Республикасында декреттелген контингенттин кызматкерлерин санариптик технологиялык системаларды колдонуу менен медициналык кароолорду уюштуруу жана өткөрүү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
33. Декреттелген контингенттин кызматкерлерин санариптик технологиялык системаларды колдонуу менен медициналык кароолордун натыйжалары электрондук медициналык китепчеге таризделет.».
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 16-июнундагы № 44 (3804) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |