Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын “16” майындагы № 225 токтому менен бекитилген |
Ишке кирүүдө милдеттүү жана мезгил-мезгили менен медициналык
текшерилүүгө тийиш ,болгон декреттелген контингенттин тизмеси
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 418 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Декреттелген контингенттин тизмеси | Адистердин тизмеси жана кароолордун | Текшерүүлөрдүн тизмеси жана эсептүүлүгү |
1. | Тамак аш продуктуларын чыгаруу, сактоо, сатуу жана бардык түрдөгү транспортто ташуу процессинде ал продуктулар менен байланышта болгон тамак- аш тармактарынын, өнөр- жай, коомдук тамактануу ишканаларынын, бардык мекемелердин азык-түлүк блокторунун, буфеттердин, сүт ашканаларынын, соода- сатыктын, базалардын, кампалардын кызматкерлери | Терапевт - ишке кирүүдө жана андан ары жылына 1 жолу. Дерматовенеролог – ишке кирүүдө жана андан ары жылына 1 жолу. Стоматолог, лор – крем-кондитердик цехтердин, өндүрүштөрдүн, окуп жаткан кондитерлердин окуусуна кирүүдө, андан ары эпидкөрсөткүчтөр боюнча | Флюорография - ишке кирүүдө жана андан ары жылына 1 жолу. Ичегиде инфекциялардын, гельминтоздордун болушуна текшерүү ишке кирүүдө жана андан ары жылына 1 жолу. Крем-кондитердик цехтердин, өндүрүштөрдүн, кондитер адистиги боюнча окуп жаткандар үчүн алкым тешигинен жана мурундан патогендүү стафилококко мазок ишке кирүүдө жана андан ары жылына 1 жолу. Микропреципитация реакциясы (РМП) |
2. | Кызматкерлери милдеттүү медициналык текшерилүүгө тийиш ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда өндүрүштүк практикадан өтөөрдүн алдында жана өтүп жаткан мезгилде орто окуу жайлардын, колледждердин окуучулары, ЖОЖдордун студенттери | Практика өтүүчү ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызматкерлериндей эле | Практика өтүүчү ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызматкерлериндей эле |
3. | Төрөт үйлөрүнүн (бөлүмдөрүнүн), балдар ооруканаларынын (бөлүмдөрүнүн) медициналык кызматкерлери | Терапевт - ишке кирүүдө жана андан ары жылына 1 жолу. Дерматовенеролог – ишке кирүүдө. Стоматолог, лор - ишке кирүүдө жана андан ары эпидкөрсөткүчтөр боюнча | Флюорография - ишке кирүүдө жана андан ары жылына 1 жолу. Ичегиде инфекциялардын, гельминтоздордун болушуна текшерүү ишке кирүүдө, андан ары эпидкөрсөткүчтөр боюнча. Алкым тешигинен жана мурундан патогендүү стафилококко мазок – ишке кирүүдө жана андан ары жылына бир жолу. Микропреципитация реакциясына (РМП) кан, гонореяга мазок – ишке кирүүдө |
4. | Бардык профилдеги хирургдар, операциялык медайымдар, анестезиолог врачтар, анестезист медайымдар жана операциялык блоктордун башка кызматкерлери, стоматологдор, отоларингологдор | Терапевт - ишке кирүүдө жана андан ары жылына 1 жолу. Стоматолог, лор – ишке кирүүдө жана андан ары эпидкөрсөткүчтөр боюнча | Флюорография - ишке кирүүдө жана андан ары жылына 1 жолу. Алкым тешигинен жана мурундан патогендүү стафилококко мазок ишке кирүүдө, андан ары эпидкөрсөткүчтөр боюнча. ВГВ, ВГС менен ВИЧке канды изилдөө ишке кирүүдө, андан ары жылына 1 жолу |
5. | Иш процессинде кан менен байланышта болгон же ар кандай парентералдык процедураларды жүргүзгөн, менчигинин түрүнө карабастан медициналык мекемелердин персоналы | Терапевт - ишке кирүүдө жана андан ары жылына 1 жолу | Флюорография - ишке кирүүдө жана андан ары жылына 1 жолу. ВГВ, ВГС менен ВИЧке канды изилдөө ишке кирүүдө, андан ары жылына 1 жолу |
6. | ЖОЖдордун, окуу-тарбия берүү мекемелеринин (жалпы билим берүү мектептери, мектеп- интернаттар, атайын орто окуу мекемелери ж.б.), балдар жана өспүрүмдөр үчүн спорттук, дарылоо- ден соолукту чыңдоо мекемелеринин кызматкерлери, балдар китепканаларынын китепканачылары | Терапевт - ишке кирүүдө жана андан ары жылына 1 жолу. Дерматовенеролог – ишке кирүүдө жана андан ары эпидкөрсөткүчтөр боюнча | Флюорография - ишке кирүүдө жана андан ары жылына 1 жолу. Микропреципитация реакциясына (РМГТ) кан алуу ишке кирүүдө жана андан ары эпидкөрсөткүчтөр боюнча |
7. | Балдардын мектепке чейинки мекемелеринин кызматкерлери (бала бакчалар, наристе үйлөрү, балдар үйлөрү) | Терапевт, дерматовенеролог – ишке кирүүдө жана андан ары жылына 1 жолу | Флюорография - ишке кирүүдө жана андан ары жылына 1 жолу. Ичегиде инфекциялардын, гельминтоздордун болушуна текшерүү ишке кирүүдө, андан ары эпидкөрсөткүчтөр боюнча. Микропреципитация реакциясына (РМП) кан алуу жылына 1 жолу |
8. | Дарыканалардын, фармацевтикалык заводдордун, дары-дармек каражаттарын даярдоо, бөлүштүрүү жана сатуу менен иштеген фирмалардын кызматкерлери | Терапевт - ишке кирүүдө жана андан ары жылына 1 жолу. Дерматовенеролог – ишке кирүүдө | Флюорография ишке кирүүдө жана андан ары жылына 1 жолу. Микропреципитация реакциясына (РМП) кан алуу |
9. | Мончолордун, бассейндердин, дарылоо ванналарынын, кир жуучу жайлардын, жатаканалардын кызматкерлери, үй кызматкерлери, мейманканаларда кабаттардын башчылары | Терапевт, дерматовенеролог – ишке кирүүдө жана андан ары жылына 1 жолу | Флюорография - ишке кирүүдө жана андан ары жылына 1 жолу. Микропреципитация реакциясына (РМП) кан, гонореяга мазок ишке кирүүдө жана андан ары жылына 1 жолу |
10. | Чачтарачтардын, косметологиялык салондордун, сулуулук салондорунун кызматкерлери | Терапевт, дерматовенеролог – ишке кирүүдө жана андан ары жылына 1 жолу | Флюорография - ишке кирүүдө жана андан ары жылына 1 жолу. Микропреципитация реакциясына (РМП) кан алуу, канды ВГВга жана ВГСга текшерүү ишке кирүүдө, андан ары жылына 1 жолу |
11. | Суу түтүк курулмаларынын кызматкерлери жана суу түтүк тармактарын тейлөөчү адамдар | Терапевт - ишке кирүүдө | Флюорография - ишке кирүүдө жана андан ары жылына 1 жолу. Ичеги инфекцияларынын, гельминтоздордун болушуна текшерүү ишке кирүүдө, андан ары эпидкөрсөткүчтөр боюнча |
12. | Коомдук транспорттун, маршруттук таксилердин кондукторлору, айдоочулары | Терапевт - ишке кирүүдө жана андан ары жылына 1 жолу | Флюорография - ишке кирүүдө жана андан ары жылына 1 жолу |
Эскертүү: Бул тизме менен кызматкерлердин минимум тизмеси, изилдөөлөрдүн көлөмү жана эсептүүлүгү аныкталган, алар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин макулдашуусу боюнча да, жергиликтүү саламаттык сактоо органдары жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча санитардык-эпидемиологиялык кызматтар тарабынан да кайра каралышы мүмкүн. Бул талаптар тамак-аш өнөр-жайынын төмөнкү ишканаларына жайылтылбайт: ачыткы, крахмал, жашылча кургатуучу, туз өндүрүүчү, туз кайра иштетүүчү, тамеки, спирт, ликер-арак, чайды таразалап өлчөөчү ишканалар, тегирмендер, элеваторлор, буудайды, унду, акшакты сактоо үчүн кампалар. Бул ишканаларда медициналык кароо Иштөөдө кызматкерлердин алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өтүшү милдеттүү болгон зыяндуу заттардын жана жагымсыз өндүрүштүк факторлордун тизмесине жана Аткарууда кызматкерлердин алдын ала жана мезгил-мезгили менен кароодон өтүшү милдеттүү болгон иштердин тизмесине ылайык болгон зыяндарга карата жүргүзүлөт. Лабораториялык жана функциялык изилдөөлөрдүн натыйжалары саламаттык сактоонун мамлекеттик санариптик технологиялык системаларын колдонуу менен электрондук формада түзүлөт, өткөрүп берилет жана эске алынат. Алкым тешигинен жана мурундан патогендүү стафилококко мазок ишке кирүүдө жана андан ары жылына бир жолу балдар ооруканаларында жаңы төрөлгөндөрдүн патологиясы бөлүмүнүн кызматкерлеринде гана текшерилет. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 418 токтомунун редакциясына ылайык) | |||