Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА ЖАНА КОММЕРЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 29-апрели № 92
Кыргыз Республикасындагы өсүүнүн таяныч борбору үчүн мастер-планды иштеп чыгуунун методологиясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-февралындагы № 81 токтому менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын 1-пунктун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 10-пунктунун 3-пунктчасынын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобонун 12-пунктунун 3-пунктчасынын үчүнчү абзацына ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасындагы өсүүнүн таяныч борбору үчүн мастер-планды иштеп чыгуунун методологиясын (мындан ары – методология) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараттары жана Кыргыз Республикасынын райондук мамлекеттик администрациялары, Кыргыз Республикасынын областык жана райондук маанидеги шаарларынын мэриялары өсүүнүн таяныч борборлорунун мастер-пландарын иштеп чыгууда методологияны жетекчилике алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгы:
1) методологияны практикалык колдонууга көмөк көрсөтсүн;
2) катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» № 117 токтомуна ылайык ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын;
3) ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып, үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсү мамлекеттик жана расмий тилдеринде, кагаз жана электрондук түрдө, аталган буйрукту жарыялоо булактарын көрсөтүү менен эки нускада Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик бирдиктүү реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
4) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып, үч жумуш күндүн ичинде, буйруктун көчүрмөсү маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри |
| Б.Т. Сыдыков |