Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-февралы № 2
2026-жылдын бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жана 2026-жылдын 1-январына карата акча каражаттарынын калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102- беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №- 123-мыйзамынын 34-беренесинин , Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгынын 4-пунктунун, ошондой эле бюджет боюнча туруктуу комиссиянын “2026-жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү жана 2026-дын 1 –январына карата акча каражаттарынын калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө” корутундусун угуп , талкуулап, Ак-Башат айылдык кеңеш токтом кылат:
1. 2026-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү Ак-Башат айыл өкмөтү тарабынан берилген 2800,0 миң сом атайын каражаттарды эсепке алуу менен 55495,7 миң сом болуп бекитилсин.
2. 2026-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү төмөнкү булактардан түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы белгиленсин .
Элемент | Кирешенин аталышы | план |
11111100 | Киреше салыгы | 36843,3 |
11122200 | Патентин негизинде салык | 850,0 |
11311200 | Кыймылсыз мүлк салыгы | 1197,2 |
11312200 | Транспорт салыгы | 0 |
11321100 | Үй жанындагы,короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгы | 540,0 |
11321200 | Айыл чарба багытындагы жерлерден алынычуу салык | 0 |
11321300 | Айыл чарба багытындагы болбогон жерлерден алынычуу салык | 4681,2 |
11462440 | Роялти | 8,0 |
14152100 | Калктуу конуштарды жерди ижарага алуу акысы | 5550,0 |
14152600 | МФАЧ жерлерин ижарага берүү | 3000,0 |
14211200 | Муниципалдык мулктүү ижарага берүү | 26,0 |
| Жалпы киреше | 52695,7 |
| Атайын счет | 2800 |
| Атайын счет менен бардыгы | 55495,7 |
| Теңдештирүүчү грант | 0 |
| Бардыгы | 55495,7 |
3. 2026-жыл ичиндеги чыгашаларды каржылоо бөлүмдөр бекитилсин.
Раздел | Чыгымдардын аталышы | Бардыгы ( миң.сом) |
| Мамлекеттик кызматтар | 15540,8 |
| Турак жай-коммуналдык чарба | 25644,5 |
| Өзгөчө кырдаал | 300,0 |
| Маданият | 4476,4 |
| Мектепке чейинки мекеме | 1984,0 |
| Билим берүү | 2050,0 |
| Социалдык коргоо | 2700,0 |
| Жалпы чыгым | 52695,7 |
| Атыайын счет | 2800,0 |
| Бардыгы | 55495,7 |
4. 2026-жылга жергиликтүү бюджеттен чыгашаларды каржылоо корголгон беренелер боюнча артыкчылык менен ( эмгек акы, тамак-аш, коммуналдык төлөмдөр, социалдык кызмат көрсөтүүлөр) иш жүзүндө алынган кирешелердин эсебинен жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
5. 01.01.2026-жылга карата бюджет боюнча 15248,3 миң сом суммасындагы акча каражаттарынын калдыгы төмөнкү бөлүмдөр боюнча бөлүштүрүлсүн :
Раздел | Аталышы | Суммасы ( миң сом) |
Турак жай-коммуналдык чарба | Самосвал-автоунаа сатып алуу | 4075,0 |
Турак жай-коммуналдык чарба | Манипулятор-автоунаа сатып алуу | 3850,0 |
Турак жай-коммуналдык чарба | Техникалык көзөмөл кызматтары үчүн кредиттик карыз
| 259,0 |
Аппарат | Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын эмгек акысы | 350,0 |
Аппарат | Социалдык фондко чегерүүлөр | 60,4 |
Турак жай-коммуналдык чарба | Суу жана таштанды үчүн төлөм | 500,0 |
Турак жай-коммуналдык чарба | Жолдорду оңдоо | 6153,9 |
6. Муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын 40 пайызга үстөктөр жогорулатуу белгиленсин.
7. 2026-жылдын 1-январына карата атайын эсепке – 1633,6 миң сом акча каражаттарынын калдыгы бала бакчалардын тамак –ашына бөлүштүрүлсүн
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| И.С. Рыскулов |