ТоктомКүчүндө

Ак-Башат айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 2 «2026-жылдын бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жана 2026-жылдын 1-январына карата акча каражаттарынын калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндө» токтому

Редакция09.02.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 9-февралы № 2

2026-жылдын бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жана 2026-жылдын 1-январына карата акча каражаттарынын калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102- беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №- 123-мыйзамынын 34-беренесинин , Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгынын 4-пунктунун, ошондой эле бюджет боюнча туруктуу комиссиянын “2026-жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү жана 2026-дын 1 –январына карата акча каражаттарынын калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө” корутундусун угуп , талкуулап, Ак-Башат айылдык кеңеш токтом кылат:

 

1. 2026-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү Ак-Башат айыл өкмөтү тарабынан берилген 2800,0 миң сом атайын каражаттарды эсепке алуу менен 55495,7 миң сом болуп бекитилсин.

2. 2026-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү төмөнкү булактардан түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы белгиленсин .

 

Элемент

 Кирешенин аталышы

план

11111100

Киреше салыгы

36843,3

11122200

Патентин негизинде салык

850,0

11311200

Кыймылсыз мүлк салыгы

1197,2

11312200

Транспорт салыгы

0

11321100

Үй жанындагы,короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгы

540,0

11321200

Айыл чарба багытындагы жерлерден алынычуу салык

0

11321300

Айыл чарба багытындагы болбогон жерлерден алынычуу салык

4681,2

11462440

Роялти

8,0

14152100

Калктуу конуштарды жерди ижарага алуу акысы

5550,0

14152600

МФАЧ жерлерин ижарага берүү

3000,0

14211200

Муниципалдык мулктүү ижарага берүү

26,0

 

Жалпы киреше

52695,7

 

Атайын счет

2800

 

Атайын счет менен бардыгы

55495,7

 

Теңдештирүүчү грант

0

 

Бардыгы

55495,7

 

3. 2026-жыл ичиндеги чыгашаларды каржылоо бөлүмдөр бекитилсин.

 

Раздел

Чыгымдардын аталышы

Бардыгы ( миң.сом)

 

Мамлекеттик кызматтар

15540,8

 

Турак жай-коммуналдык чарба

25644,5

 

Өзгөчө кырдаал

300,0

 

Маданият

4476,4

 

Мектепке чейинки мекеме

1984,0

 

Билим берүү

2050,0

 

Социалдык коргоо

2700,0

 

Жалпы чыгым

52695,7

 

Атыайын счет

2800,0

 

Бардыгы

55495,7

 

4. 2026-жылга жергиликтүү бюджеттен чыгашаларды каржылоо корголгон беренелер боюнча артыкчылык менен ( эмгек акы, тамак-аш, коммуналдык төлөмдөр, социалдык кызмат көрсөтүүлөр) иш жүзүндө алынган кирешелердин эсебинен жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

5. 01.01.2026-жылга карата бюджет боюнча 15248,3 миң сом суммасындагы акча каражаттарынын калдыгы төмөнкү бөлүмдөр боюнча бөлүштүрүлсүн :

Раздел

Аталышы

Суммасы ( миң сом)

Турак жай-коммуналдык чарба

Самосвал-автоунаа сатып алуу

4075,0

Турак жай-коммуналдык чарба

Манипулятор-автоунаа сатып алуу

3850,0

Турак жай-коммуналдык чарба

Техникалык көзөмөл кызматтары үчүн кредиттик карыз

 

259,0

Аппарат

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын эмгек акысы

350,0

Аппарат

Социалдык фондко чегерүүлөр

60,4

Турак жай-коммуналдык чарба

Суу жана таштанды үчүн төлөм

500,0

Турак жай-коммуналдык чарба

Жолдорду оңдоо

6153,9

6. Муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын 40 пайызга үстөктөр жогорулатуу белгиленсин.

7. 2026-жылдын 1-январына карата атайын эсепке – 1633,6 миң сом акча каражаттарынын калдыгы бала бакчалардын тамак –ашына бөлүштүрүлсүн

8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

И.С. Рыскулов