Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-июнундагы № 405-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2024-жылдын 25-декабры № 846-т

 

Электр кыймылдаткычы менен автомобилдердин ата мекендик өндүрүшүн өнүктүрүүгө дем берүү, автомобиль тармагында экономикалык кез карандысыздыкты чыңдоо жана энергиянын туруктуу булактарына экологиялык өтүү боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобонун 5510-пунктунун 2-пунктчасына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте "Жису" кытай-кыргыз биргелешкен автомобилдик өндүрүштүк компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомуна электр кыймылдаткычы менен автотранспорт каражаттарын чогултуу жана өндүрүү боюнча заводду куруу үчүн Чүй облусу, Сокулук району, Ак-Жол айылы, Разное көчөсү дарегинде жайгашкан, мамлекеттин менчигинде турган, идентификациялык коду 1-02-22-0030-0188, жалпы аянты 1,0 га болгон жер участогун 49 жылдык мөөнөткө ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берсин.

2. "Жису" кытай-кыргыз биргелешкен автомобилдик өндүрүштүк компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомуна ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун так максаттуу багыты боюнча пайдаланууну камсыз кылуу сунушталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев