ЖарлыкКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 20-декабрындагы № 372 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө» Жарлыгы

Редакцияот 20.12.2025
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2025-жылдын 20-декабры № 372

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун

судьяларын дайындоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 95-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер жөнүндө сунушу боюнча токтом кылам:

 

1. 2026-жылдын 5-январынан тартып курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын төмөнкү жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын:

- Бишкек шаардык сотуна:

Абыкеев Талайбек Капарович;

Байдаева Лейла Алиевна;

Омуралиев Мэлис Асанбекович;

- Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна

Тентимишов Марлэн Бактыгулович;

- Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна

Жолдошбаев Мирлан Эргешбаевич;

- Ысык-Көл облустук сотуна

Мырзаканова Бермет Низамидиновна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров