Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 23-июну № 93
Эмгек, социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым
мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын
айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
90-беренеде:
а) аталышы «жөлөкпулду» деген сөздөн кийин «, стипендияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү» деген сөздөр менен толукталсын;
б) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Менчигинин түрүнө карабастан ишкананын, мекеменин же уюмдун кызмат адамы тарабынан эмгек акыны, пенсияларды, жөлөкпулдарды, стипендияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөбөө же өз убагында төлөбөө -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.».
2-берене
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2025-жылдын 28-январы, № 6) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы 68-пункт менен толукталсын:
«68) башка социалдык төлөмдөр - менчигинин жана чарба жүргүзүүнүн формасына карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар тарабынан калкты материалдык (акчалай) камсыз кылуунун эмгек мыйзамдарында белгиленген, формалары, аларга эмгектик мертинүүнүн же кесиптик оорунун кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толтуруу, компенсациялар жана бир жолку жөлөкпулдар кирет.»;
2) 49-берененин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунда «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөр «Президентинин» деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 108-беренеде:
а) 1-бөлүк «бирок» деген сөздөн кийин «учурдагы календардык жылда» деген сөздөр менен толукталсын;
б) мамлекеттик тилдеги берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
«2. Белгиленген убакыт ченеминен ашык айкалыштырып иштөө иштелген убакытка же аткарылган жумушка жараша төлөнөт.»;
в) расмий тилдеги берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Работа по совместительству сверх установленной нормы времени оплачивается в зависимости от проработанного времени или выработки.»;
4) 243-берененин 3-бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын эмгек акыны өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө мыйзамдарына ылайык» деген сөздөр алып салынсын.
3-берене
«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
27-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«27-статья. Пенсияларды төлөө
1. Өткөн ай үчүн пенсиялар пенсионерлердин каалоосу боюнча алардын банктык же башка кредиттик уюмдардагы эсептерине чегерүү же болбосо почта кызматынын уюмдары же Социалдык фонддун бөлүмдөрү тарабынан жашаган жерге жеткирүү жолу менен төлөнөт.
2. Пенсияны төлөөнү беш күндөн ашык кечиктирүү мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн төлөнбөгөн сумманын 0,15 пайызы өлчөмүндө туумду кошуп эсептөөгө алып келет.
Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн туумдардын жалпы суммасы карыздын негизги суммасынын 200 пайызынан ашпашы керек. Туумдардын эң жогорку суммасына бул чектөө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу органдары тарабынан пенсияларды төлөөнүн мөөнөтү өткөрүлгөн күндөн тартып пенсионер карыздын мөөнөтү өткөн суммасын төлөп берүү жөнүндө жазуу жүзүндө талап койгон күнгө чейинки мезгилге карата гана колдонулат. Пенсионер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу органдарына карыздын мөөнөтү өткөн суммасын төлөп берүү жөнүндө жазуу жүзүндө талап койгондон кийин туумдардын эң жогорку суммасына чектөө колдонулбайт жана ушул бөлүктө көрсөтүлгөн туумдар иш жүзүндө эсептешүү күнүнө чейин кошуп эсептелет.
Ушул статья пенсия төлөөнүн белгиленген мөөнөтү бузулган учурда колдонулат.
3. Пенсияны төлөө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүргүзүлөт.
Пенсияларды өз убагында төлөбөө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке алып келет.
4. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн жоболору ал жеткис күчтүн жагдайлары (форс-мажор) келип чыкканда колдонулбайт.».
4-берене
«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 765-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 14-берененин 2-бөлүгүндө «өнүктүрүү» деген сөз «камсыздоо» деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 17-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«17-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды туура эмес дайындоо, төлөө жана төлөөнү кечиктирүү үчүн жоопкерчилик
Мамлекеттик жөлөкпулдарды туура эмес дайындоого жана төлөөгө күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына же жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Жөлөкпулдарды төлөөнү беш күндөн ашык кечиктирген эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аларды алуучуларга инфляциянын расмий белгиленген деңгээлин эске алуу менен төлөп берет, ошондой эле мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн төлөнбөгөн сумманын 0,15 пайызы өлчөмүндө туумдун ордун толтурат.
Ушул беренеде көрсөтүлгөн туумдардын жалпы суммасы карыздын негизги суммасынын 200 пайызынан ашпашы керек. Туумдардын эң жогорку суммасын бул чектөө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жөлөкпулдарды төлөөнүн мөөнөтү өткөн күндөн тартып алуучу карыздын мөөнөтү өткөн суммасын төлөп берүү жөнүндө жазуу жүзүндө талап койгон күнгө чейинки мезгилге карата гана колдонулат. Алуучу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга карыздын мөөнөтү өткөн суммасын төлөп берүү жөнүндө жазуу жүзүндө талап койгондон кийин туумдардын эң жогорку суммасына чектөө колдонулбайт жана ушул беренеде көрсөтүлгөн туум иш жүзүндө эсептешүү күнүнө чейин кошуп эсептелет.
Жөлөкпулдарды өз убагында төлөбөө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке алып келет.».
5-берене
«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2023-жылдын 18-августу, № 66) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
41-берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
«21. Стипендияларды төлөө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында акчалай түрдө жүргүзүлөт.
Стипендияларды өз убагында төлөбөө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке алып келет.
Стипендияларды төлөөнү беш күндөн ашык кечиктирген билим берүү уюмдары аларды алуучуларга инфляциянын расмий белгиленген деңгээлин эске алуу менен төлөп берет, ошондой эле мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн төлөнбөгөн сумманын 0,15 пайызы өлчөмүндө туумдун ордун толтурат.
Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн туумдардын жалпы суммасы карыздын негизги суммасынын 200 пайызынан ашпашы керек. Туумдардын эң жогорку суммасына бул чектөө билим берүү уюмдары тарабынан стипендияларды төлөөнүн мөөнөтү өткөн күндөн тартып билим алуучу карыздын мөөнөтү өткөн суммасын төлөп берүү жөнүндө жазуу жүзүндө талап койгон күнгө чейинки мезгилге карата гана колдонулат. Билим алуучу билим берүү уюмуна карыздын мөөнөтү өткөн суммасын төлөп берүү жөнүндө жазуу жүзүндө талап койгондон кийин туумдардын эң жогорку суммасына чектөө колдонулбайт жана ушул бөлүктө көрсөтүлгөн туумдар иш жүзүндө эсептешүү күнүнө чейин кошуп эсептелет.».
6-берене
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) «Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 26-июнундагы № 23 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 90-ст.);
2) «Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясындагы «жана башка социалдык төлөөлөрдү» деген терминдин чечмелениши тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 19-апрелиндеги № 83 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 7, 269-ст.);
3) «Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 19-июлундагы № 113 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1016-ст.);
4) «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана «Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 18-декабрындагы № 227 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 9, 1228-ст.);
5) «Эмгек жана социалдык камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамынын 3-беренеси («Эркин-Тоо» гезити, 2023-жылдын 14-марты, № 19).
7-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 26-июнундагы № 47 (3807) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2026-жылдын 13-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |