ПриказКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 17-15 «Электр менен камсыздоочу уюм менен кардардын ортосунда керектелген электр энергиясы үчүн каржылоолук эсептешүүлөрдө эске алынуучу трансформаторлордо, зымдарда жана электр өткөрүүчү каптама зымдын чубалгыларындагы электр энергиясынын жоготууларын эсептөө Усулдамасын бекитүү жөнүндө» буйругу

Редакция30.06.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ

 

2026-жылдын 30-июну № 17-15

Электр менен камсыздоочу уюм менен кардардын ортосунда

керектелген электр энергиясы үчүн каржылоолук эсептешүүлөрдө эске

алынуучу трансформаторлордо, зымдарда жана электр өткөрүүчү

каптама зымдын чубалгыларындагы электр энергиясынын

жоготууларын эсептөө Усулдамасын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 “Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:

1. Электр менен камсыздоочу уюм менен кардардын ортосунда керектелген электр энергиясы үчүн каржылоолук эсептешүүлөрдө эске алынуучу трансформаторлордо, зымдарда жана электр өткөрүүчү каптама зымдын чубалгыларындагы электр энергиясынын жоготууларын эсептөө Усулдамасы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Адам ресурстары жана иш кагаздарын жүргүзүү башкармалыгы ушул буйрукту каттоо жөнүндө өзүнчө журналда каттоосун жүргүзсүн жана “Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы” автоматташтырылган маалымат системасына киргизсин.

3. Электр энергетика башкармалыгы:

- ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин расмий веб-сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жарыяласын;

- ушул буйруктун электрондук версиясын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу катталган күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде Укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкына киргизүү үчүн жөнөтсүн.

4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2026-жылдын 1-июлунда https://minenergo.gov.kg/media/nla_documents/%D0%9F%D0%A0%D0%98%D0%9A%D0%90%D0%97_%D0%9C%D0%B5%D1%82%D0%BE%D0%B4%D0%B8%D0%BA%D0%B0-%D0%A3%D1%81%D1%83%D0%BB%D0%B4%D0%B0%D0%BC%D0%B0.pdf расмий сайтында жарыяланды

5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө электр энергетика башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Министр

А.Д. Рысбеков