МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 25-июнундагы № 94 «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

Редакция25.06.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

 

2026-жылдын 25-июну № 94

 

"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

1-берене.

"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1052-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

20-беренеде:

а) экинчи абзацта "25 пайыз" деген сөздөр "50 пайыздан кем эмес" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ушул Фондду түзүү жана пайдалануу тартиби, ошондой эле каражаттарынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2026-жылдын 20-майында

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши кабыл алган