Редакцияот 11.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2026-жылдын 11-июну № 89

 

"Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

74-берененин 12-бөлүгүндө:

а) 4-пунктта "нотариалдык күбөлөндүрүлгөн" деген сөздөр алып салынсын;

б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Берилүүчү документтердин көчүрмөлөрүнүн аныктыгын текшерүү электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана мамлекеттик маалымат тутумдарын пайдалануу аркылуу жүзөгө ашырылат.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 16-июнундагы № 44 (3804) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын         Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган