МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 89 «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

Редакция11.06.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2026-жылдын 11-июну № 89

 

"Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

74-берененин 12-бөлүгүндө:

а) 4-пунктта "нотариалдык күбөлөндүрүлгөн" деген сөздөр алып салынсын;

б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Берилүүчү документтердин көчүрмөлөрүнүн аныктыгын текшерүү электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана мамлекеттик маалымат тутумдарын пайдалануу аркылуу жүзөгө ашырылат.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 16-июнундагы № 44 (3804) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын         Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган