РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 490-т (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын коррупцияга каршы жүрүм-турумунун типтүү стандарттарын бекитүү жөнүндө) тескемеси

Редакцияот 30.06.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР

КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

 

2026-жылдын 30-июну № 490-т

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 «2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (2025–2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) 5-главасынын 1-пунктунун 3-пунктчасын ишке ашыруу, мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын коррупцияга каршы жүрүм-турумуна бирдиктүү жана системалуу талаптарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын коррупцияга каршы жүрүм-турумунун типтүү стандарттары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору жана башка мамлекеттик органдары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (макулдашуу боюнча):

1) үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын коррупцияга каршы жүрүм-турумунун типтүү стандарттарына ылайык мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын коррупцияга каршы жүрүм-турумунун стандарттарын белгиленген тартипте иштеп чыксын жана бекитсин, ошондой эле аларды кызматтык ишке киргизүүнү жана колдонулушун методикалык коштоону камсыз кылсын;

2) бул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев