Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 2-июлу № 456
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы
№ 338 «Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 «Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти жөнүндө жободо:
- 12-пунктта:
онунчу жана он биринчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- жаңы ӨКЖАларды түзүү жана иштеп жаткандарын кеңейтүү, алардын функциялык зоналарын белгилөө боюнча иштерди уюштуруу;
- ӨКЖА тармагын экологиялык, экономикалык жана илимий жактан негизделген өнүктүрүү жолу менен биотүрдүүлүктү сактоону камсыз кылуу;»;
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«- биотүрдүүлүк объекттерин сарамжалдуу пайдаланууга көмөк көрсөтүү;
- пландоо жана отчеттуулук маселелерин кошкондо, ӨКЖАнын ишин координациялоону камсыз кылуу.»;
- 13-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) тармактык саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндө:
- Министрликке белгиленген тартипте төмөнкүлөргө тиешелүү сунуштарды жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана башка материалдарды киргизет:
биотүрдүүлүктү сактоону камсыз кылуу жаатында укуктук мамилелерди түзүү;
ӨКЖАны түзүү, зоналаштыруу жана чек араларын аныктоо, аларды пайдалануу, категорияларын өзгөртүү жана жоюу тартиби;
ӨКЖА тармагын жана жаратылыш объекттерин өнүктүрүү;
мамлекеттик жана ведомстволук мониторинг жүргүзүү, ӨКЖА тармагында белгиленген режимди сактоо;
ӨКЖАнын мамлекеттик кадастрын жүргүзүү;
ӨКЖАнын паспортун жана жаратылыштын жылнаамасын жүргүзүү тартиби;
ӨКЖАнын аймагында жарандардын жүрүү тартиби;
жаратылыш-корук иши;
жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин сактоо зоналарын, кайра өндүрүү участокторун, экологиялык коридорлор тармагын түзүү жана иштетүү режими;
биотүрдүүлүк объекттерин эсепке алуу, кадастрын жана мониторинг жүргүзүү шарттары, мөөнөттөрү жана тартиби;
Министрликтин тиешелүү ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүн координациялоодо ӨКЖА тармагын иштетүү боюнча инвестицияларды, гранттык каражаттарды тартуу жана алдынкы тажрыйбаны пайдалануу;
биотүрдүүлүктү сактоону, кайра өндүрүүнү жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу чөйрөсүндө укуктук мамилелерди белгилөө;
жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн нормативдерин жана юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, козу карындарга жана мумие камтыган минералдык чийки затка келтирген зыяны үчүн айыптардын (доолордун) өлчөмдөрүн эсептөө үчүн тарифтерди белгилөө;
жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануунун нормативдерин жана ченемдерин белгилөө, аларды пайдаланууга чектөөлөрдү жана тыюу салууларды киргизүү;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде биотүрдүүлүктү сактоо, ӨКЖА тармагын, илимий жана экологиялык туризмди өнүктүрүү жана иштетүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты, улуттук жана эл аралык программаларды, долбоорлорду, макулдашууларды жана келишимдерди иштеп чыгууну демилгелейт жана жүзөгө ашырат;
- ӨКЖА субъекттеринин ишин уюштурат;
- башка кызыкдар юридикалык жана жеке жактар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Кызыл китебин белгиленген тартипте жүргүзүүгө катышат;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу практикасын жалпылайт, аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;»;
2-пунктчанын онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- ӨКЖА тармагына жана аңчылык жерлерине тиешелүү аймактарда токой жайгаштыруу жана аңчылык жайгаштыруу иштерин жүргүзүүгө катышат;»;
2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«- жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин жана алар байырлаган (жашаган) жана өскөн чөйрөнү коргоону уюштурат жана жүзөгө ашырат, ошондой эле биотүрдүүлүк объекттерине таасир тийгизген менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар жана жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын жаратылыш коргоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча белгиленген тартипте чараларды көрөт;
- ӨКЖАга жана аңчылык жерлерге тиешелүү аймактарды токой-аңчылык жайгаштыруу боюнча иштерди пландайт жана жүргүзүүнү координациялайт;
- ведомстволук ӨКЖАнын финансы-чарбалык ишин пландоону, анын ичинде ӨКЖАны башкаруу пландарын түзүү, аткаруу жана талдоо, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн жана башка түшүүлөрдөн алынган каражаттарды пайдалануу бөлүгүндө координациялайт;»;
3-пунктчанын экинчи абзацындагы «жайыттарды» деген сөз «ӨКЖА жерлерин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«- токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларын (токой жоготууларын) жөнгө салат жана эсептерин жүргүзөт;
- ведомстволук ӨКЖАда жаратылыш ресурстарын пайдалануу, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жана биотүрдүүлүктүн объекттерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен байланышкан финансы-экономикалык эсептөөлөрдү координациялоону жана методикалык коштоону ишке ашырат;
- ӨКЖАда кайтаруу жана биотехникалык иш-чараларды пландоону, уюштурууну жана өткөрүүнү жүзөгө ашырат;»;
4-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- мамлекеттик маалыматтар базасын (биотүрдүүлүк, ӨКЖА тармактары, жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү укук бузуулар, ӨКЖАнын ишинин финансылык-чарбалык көрсөткүчтөрү жана башкалар) түзүүнү, жүргүзүүнү жана талдоону, тиешелүү маалыматтык материалдарды даярдоону жана басып чыгарууну ишке ашырат;»;
5-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү жана акысыз негизде мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт;»;
- 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«- юридикалык жана жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу фактыларын жана ӨКЖАда жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине зыян келтирүүчү башка укукка каршы аракеттерди белгиленген тартипте болтурбоого, аныктоого жана токтотууга;
- транспорт каражаттарын, буюмдарды, кол жүктөрдү, багажды, аңчылык, кармоо/чогултуу куралдарын, башка предметтерди, ошондой эле ӨКЖАда олжолонгон продукцияны кароону белгиленген тартипте жүргүзүүгө;
- жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуунун жана ӨКЖАнын аймагындагы жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине зыян келтирүүчү башка укукка каршы аракеттердин аныкталган фактылары боюнча протоколдорду, актыларды жана башка материалдарды түзүүгө;
- ӨКЖАда юридикалык жана жеке жактардан мыйзамсыз олжолонгон (сатып алынган) жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин же продукциясын, ошондой эле алардан жасалган буюмдарды белгиленген тартипте алып коюуга, аларды белгиленген тартипте пайдаланууга, сатууга же жок кылууга;
- өзүнүн компетенциясына ылайык жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуунун жана ӨКЖАда жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине зыян келтирүүчү башка укукка каршы аракеттердин аныкталган фактылары боюнча протоколдорду (актыларды) түзгөн адамдарга келтирилген зыяндын ордун толтурууда өндүрүлгөн доолордун суммаларынан сый акы каражаттарын төлөп берүүгө;
- ӨКЖА субъекттеринен жазгы жана күзгү кыдырып текшерүүлөр, жазгы токой өстүрүү иштерин техникалык кабыл алуу, токой өсүмдүктөрүн жана питомниктерди инвентаризациялоо боюнча жыйынды маалыматтарды, иштин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн ар кварталдык финансы-чарбалык отчетторду кабыл алууга;
- иши же аракети биотүрдүүлүк ресурстарына таасир тийгизген юридикалык жана жеке жактардан (анын ичинде чет өлкөлүк) укук белгилөөчү жана уруксат берүүчү документтердин көчүрмөлөрүн, маалыматтарды, маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү, ошондой эле белгиленген отчеттуулукту белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- берилген ыйгарым укуктардын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ӨКЖАнын каражаттарынын жана мамлекеттик мүлкүнүн максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдоону жүзөгө ашырууга;
- ӨКЖАны башкаруу пландарын, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан алынуучу каражаттардын эсебинен ишке ашырылуучу иш-чараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну координациялоого;
- биотүрдүүлүктү сактоо жана ӨКЖА тармагын өнүктүрүү боюнча коюлган милдеттерди чечүү үчүн техникалык кеңешти уюштурууга.».
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин башкаруу схемасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 49 (3809) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |