Редакцияот 02.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

 

2026-жылдын 2-июлу № 99

 

 

2026-жылдын 9-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кытай Эл Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасына жеңилдетилген кредит берүү жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

2026-жылдын 9-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кытай Эл Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасына жеңилдетилген кредит берүү жөнүндө алкактык макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Алкактык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кытай тарапка кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2026-жылдын 25-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган