МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 99 «2026-жылдын 9-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кытай Эл Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасына жеңилдетилген кредит берүү жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы

Редакция02.07.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

 

2026-жылдын 2-июлу № 99

 

 

2026-жылдын 9-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кытай Эл Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасына жеңилдетилген кредит берүү жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

2026-жылдын 9-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кытай Эл Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасына жеңилдетилген кредит берүү жөнүндө алкактык макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Алкактык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кытай тарапка кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2026-жылдын 25-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган