Загрузка документа…
| 1-Тиркеме |
| Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин «___»_______2026-ж.№________ буйругуна |
Мамлекеттик кызматтын паспорту
Кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби
Мамлекеттик кызматтын паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоолорунда өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн, ошондой эле биостимуляторлордон биологиялык коргоо – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдарын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестринин 8- главасы, 3-пункту (мындан ары – кызмат) |
2 | Кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Юридикалык жана жеке жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | – “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын – “Органикалык өндүрүш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти жөнүндө жобо; – “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | – Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарын зыянкечтерге, илдеттерге жана отоо чөптөргө каршы биологиялык иштетүүнү жүргүзүү, ошондой эле биостимуляторлорду колдонуу; – Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимди, биологиялык коргоо каражаттарын берүү боюнча товардык коштомо кагазды жана кызмат көрсөтүлгөндүгүн ырастаган аткарылган иштердин актысын электрондук же кагаз түрүндө берүү. |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: – онлайн арыздардын түшүү тартибине жараша, ведомстволук Агропортал (https://portal.agrosmart.gov.kg/services/bio-agent- purchase) аркылуу; –жандуу кезеке туруу тартиби боюнча; – түзүлгөн келишимге ылайык, айыл чарба жерлеринде, күнөсканаларда жана өсүмдүктөр өстүрүлгөн башка аянттарда; – жарандардын имаратка, ошондой эле санитардык- гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө), анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн тоскоолдуксуз кирүүсү камсыз кылынганда, имараттар жана жайлар пандустар жана кармагычтар менен жабдылган шартта, талаа шарттарын кошпогондо. Жайлар күтүү үчүн орундар, санитардык-гигиеналык жайлар (дааратканалар), ошондой эле жылытуу, суу менен камсыздоо жана телефон байланыш системалары менен жабдылат. Региондордо борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана канализация системаларына кошулуу мүмкүн болбогон учурда, короодогу дааратканаларды пайдаланууга жол берилет. Жеңилдетилген категориядагы жарандар (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, тыл эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, майыптыгы бар адамдар, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Эгерде алар имаратка көтөрүлө алышпаса, кызматкер документтерди кабыл алуу үчүн арыз ээсинин жанына өзү түшүп барат. Кызмат алуучуларга ыңгайлуу болушу үчүн, кызмат көрсөтүлгөн жерде кызматты алуу үчүн керектүү документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | – арыз ээсинин онлайн арызын кабыл алуу жана электрондук форматта келишим түзүү үчүн белгиленген максималдуу убакыт – 30 мүнөт; – кызмат көрсөтүү келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө айыл чарба өсүмдүктөрү эгилген аянттарда түздөн-түз көрсөтүлөт; – мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аткарылгандыгы тууралуу актыны түзүү жана берүү үчүн белгиленген максималдуу убакыт – 30 мүнөт. |
Кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат тууралуу маалыматты төмөнкү жерлерден алууга болот: – Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин борбордук кеңсесинен, дареги боюнча: 722137, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ленин району, Новопавловка айылы, Деповская көчөсү, 80, ошондой эле анын облустардагы аймактык башкармалыктарынан. Иш графиги: саат 09:00дөн 18:00гө чейин, дем алыш күндөрү – ишемби жана жекшемби. Түшкү тыныгуу: саат 12:30дан 13:30га чейин; – ведомстволук Агропорталдан (https://portal.agrosmart.gov.kg/services/bio-agent- purchase); – арыз ээсине жеке кайрылуу учурунда оозеки түрдө же телефон байланышы аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратына жана анын облустардагы аймактык башкармалыктарына кайрылуу менен; – маалыматтык такталарда, ошондой эле брошюралардан жана буклеттерден. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүп жаткан кызмат тууралуу маалыматтын жайылышы төмөнкү жолдор менен жүргүзүлөт: – ЖМК аркылуу (маалыматтык сайттар, радио, телевидение); – ведомстволук Агропортал (https://portal.agrosmart.gov.kg/services/bio-agent- purchase) аркылуу; – маалыматтык такталар, брошюралар, буклеттер аркылуу; – жарандардын жеке кайрылуулары, ошондой эле телефон байланышы аркылуу. – Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик пораталы (http://portal.tunduk.kg/). Даректер, телефон номерлери жана иштөө графиги, ошондой эле мамлекеттик кызматтын стандарты маалыматтык такталарда жана Министрликтин расмий сайтында (https://egov.kg) жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат көрсөтүүсүнө тартылган кызматкерлердин кабинетинин эшиктерине маалыматтык тактайчалар илинет. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер төмөнкү негизги этикалык принциптерди сактоого тийиш: сылык, боорукер, туура мамиле кылуу, чыдамкай болуу, принципиалдуу болуу, маселени терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин кунт коюп угуп, анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди негиздеп берүү. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функционалдык милдеттерди) жана кесиптик- этикалык нормаларды сактоого милдеттүү, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеши, жарандарга карата көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыз кылышы, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоого тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдарга (майыптыгы бар адамдар үчүн, кары пенсионерлер, согуш жана эмгек ардагерлери, кош бойлуу аялдар) мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана баарлашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Кызматты алуу үчүн керектөөчү төмөнкү документтерди берет: – ведомстволук Агропорталы (https://portal.agrosmart.gov.kg/services/bio-agent- purchase) аркылуу электрондук түрдө кызмат алуу боюнча арыз; – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы төлөнгөндүгүн тастыктаган электрондук документ (квитанция, чек).
Жандуу кезек тартибинде: – жеке жак үчүн – электрондук же кагаз түрүндө керектөөчүнүн өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү; – юридикалык жак үчүн – электрондук же кагаз түрүндө юридикалык жакты каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; Арыз ээсинен төмөнкүлөрдү талап кылууга тыюу салынат: – “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга мүмкүн болгон документтерди талап кылуу. |
13 | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөөнүн негизинде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен, монополияга каршы жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдашуусу аркылуу бекитилет. Мамлекеттик кызматтын баасы прейскурантта көрсөтүлөт, ал төмөнкүдөй жайгаштырылат: – ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын жана аймактардагы облустук башкармалыктарынын имараттарындагы маалыматтык такталарда; – ведомстволук Агропорталда (https://portal.agrosmart.gov.kg/services/bio-agent- purchase). Төлөм электрондук (накталай эмес) түрдө жүргүзүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: – ушул стандартта көрсөтүлгөн шарттарга жана мөөнөттөргө ылайык, маалыматтын тактыгы жана өз убагында берилүүсү; – жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; – кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгү жарандардан ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу аркылуу камсыздалат; – кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жана жайга кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык- тиричилик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; – акыркы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө шайкеш келиши; – жарандардын даттануулары жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу; Кыргыз Республикасынын “Административдик иштин негиздери жана административдик жол- жоболор жөнүндө” Мыйзамында белгиленгендей, мамлекеттик кызматты алган жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышы |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат электрондук форматта ведомстволук Агропортал аркылуу (https://portal.agrosmart.gov.kg/services/bio-agent- purchase) төмөнкү бөлүгүндө көрсөтүлөт: – арызды кабыл алуу; – мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча келишим түзүү; – мамлекеттик кызмат үчүн төлөм жүргүзүү; – мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча аткарылган иштердин актысы. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоолорунда өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн, ошондой эле биостимуляторлордон биологиялык коргоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистери тарабынан талаага барып жүргүзүлөт. |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат: – арыз ээси тарабынан ушул стандарттын 12- пунктунда көрсөтүлгөн документтер толук берилбегенде; – мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн акысы төлөнбөгөндө. |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай эмес көрсөтүлгөн учурда керектөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине, ошондой эле агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле даттануунун маңызы, кызматты керектөөчүнүн колу жана датасы камтылууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт Даттанууларды жана дооматтарды кароо белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги, ошондой эле агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Даттануулар жана дооматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан, ошондой эле агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу белгиленген тартипте каралат. Жазуу түрүндөгү кайрылууну карап чыгуу жана арыз берүүчүгө жооп жөнөтүү мөөнөтү анын катталуу күнүнөн баштап 14 (он төрт) күндөн ашпоого тийиш. Эгерде арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын даттанууга байланыштуу чечими менен макул болбосо, ал аны соттук тартипте даттанууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үзгүлтүксүз, 3 (үч) жылда бир 1 (бир) жолудан кем эмес каралып турушу керек |