Редакцияот 08.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 8-июлу № 467

 

 

«Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу» мамлекеттик мекемесинин айрым маселелери жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын физикалык, спорттук жана аскердик-прикладдык даярдоону өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин спорттук инфраструктурасын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик спорт клубунун ишинин багыттарын кеңейтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу» мамлекеттик мекемеси «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Борбордук аскердик спорт клубу» мамлекеттик мекемеси деп кайра аталсын.

2. «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Борбордук аскердик спорт клубу» мамлекеттик мекемеси «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу» мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп саналат деп белгиленсин.

3. «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Борбордук аскердик спорт клубу» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-декабрындагы № 828 «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 22-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 6-пункту.

5. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн штаттык сандын жана тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 51 (3811) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев