ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-декабрындагы № 828 «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 12-декабры № 828

"Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө дене тарбия жана күжүрмөн даярдыкты өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу" мамлекеттик мекемеси түзүлсүн (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик спорт клубу).

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

Ж. Сатыбалдиев