Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 8-июлу № 469
Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринин иштөө маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринин укуктук статусун тартипке келтирүү, Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен маалымат берүү менен байланышкан маселелерди регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 27-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен маалыматтарды берүү тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген ID-картага жана жалпы жарандык паспортко документтерди кабыл алуу, тариздөө, жекелештирүү, эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускамада:
– 52-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«52. Жарактуу жана жараксыз паспортторду эсепке алуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринин маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.».
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 329 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 204 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 329 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161 «Жарандарды Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору менен документтештирүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пунктунун 2-пунктчасы;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 «Санариптештирүү, калкты каттоо жана документтештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 4-пункту.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 51 (3811) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |