Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин буйругуна тиркеме 2026-жылдын «__» «_________» № ____________ |
Тартип
Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия
Падышалыгына (Ажылык жана Умра) зыяратын
уюштуруу жана ишке ашыруу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Ажылык жана умраны уюштуруу принциптери
3-глава. Негизги түшүнүктөр
4-глава. Башкаруу жана координациялоо системасы
5-глава. Бирдиктүү санариптик система
6-глава. Зыяратчыларды каттоо жана электрондук кезекти түзүү (ажылык үчүн)
7-глава. Квоталарды бөлүштүрүү жана зыяратчылар топторун түзүү (ажылык үчүн)
8-глава. Конкурстук жол-жоболор жана кызмат көрсөтүүчүлөрдү тандоо тартиби
9-глава. Умраны уюштуруу тартиби
10-глава. КМДБнун каржылык камсыздоосу жана уюштуруу жыйымы
11-глава. Коштоочу адамдар жана алардын ишинин тартиби
12-глава. Тейлөө стандарттары жана зыяратчылардын коопсуздугун камсыз кылуу
13-глава. Зыяратчылардын укуктарын коргоо жана кайрылууларды кароо тартиби
14-глава. Коррупцияга каршы механизмдер, мониторинг жана санариптик аудит
15-глава. Өзгөчө кырдаалдарга чара колдонуу жана кризистик башкаруу
16-глава. Системанын натыйжалуулугунун мониторинги
17-глава. Тартипти бузгандык үчүн жоопкерчилик
18-глава. Корутунду жана өтмө мезгилге тиешелүү жоболор
№ 1-тиркеме
№ 2-тиркеме
№ 3-тиркеме
№ 4-тиркеме
№ 5-тиркеме
№ 6-тиркеме
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жөнгө салуу предмети.
1.1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын жарандарынын зыяратын уюштуруунун бирдиктүү уюштуруучулук, укуктук, санариптик, каржылык жана контролдук механизмдерин белгилейт, ошондой эле мамлекеттик органдардын, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (мындан ары — КМДБ), умра операторлорунун, коштоочу адамдардын жана ажылык менен умраны жасоого байланышкан процесстердин башка катышуучуларынын ишин жөнгө салат.
1.2. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 34-беренесинин, Кыргыз Республикасынын «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 18-беренесинин жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 18-беренесинин жоболоруна ылайык иштелип чыккан, аларда ар бир адамга дин тутуу эркиндигине, өз дининин ишенимдерин жекече же башкалар менен бирге, ачык же жашыруун түрдө, анын ичинде диний жоро-жоболорду жана зыяратты аткаруу аркылуу туткан укугу кепилденет.
1.3. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын жарандарынын дин тутуу эркиндигине жана диний жоро-жоболорду аткарууга болгон конституциялык укуктарын ишке ашырууну камсыз кылууга, ажылык жана умраны уюштуруу процесстеринин ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга, зыяратчылардын коопсуздугун камсыз кылууга, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, зыяратка теңме-тең жетүү шарттарын түзүүгө, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерди, ортомчулук схемаларды жана башка укукка сыйбаган аракеттерди жокко чыгарууга багытталган.
1.4. Ажылык жана умраны уюштуруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу мыйзамдуулукту, ачык-айкындуулукту, коопсуздукту, жарандардын укуктарын коргоону, уюштуруучулук процесстердин сапатын камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максаттарында гана жүзөгө ашырылат жана дин таануу, теология, диний жоро-жоболорду аткаруу маселелерине, ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жана Аалымдар кеңешинин компетенциясына кирген диний мүнөздөгү башка маселелерге жайылтылбайт.
1.5. Кыргыз Республикасынын жарандарынын ажылыгын жана умрасын өткөрүүнү уюштуруу жана ал үчүн жоопкерчилик бул Тартипке ылайык Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жүктөлөт.
1.6. Бул Тартиптин талаптарынын аткарылышын контролдоо дин иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген компетенциянын чегинде жүзөгө ашырылат.
2-глава. Ажылык жана умраны уюштуруу принциптери
2.1. Негизги принциптер.
Ажылык жана умраны уюштуруу төмөнкү принциптерге негизделет:
– мыйзамдуулук;
– адам жана жаран укуктарын, эркиндиктерин сактоо;
– басмырлоого жол берилбестик;
– жарандардын зыяратка тең укуктуу жетүүсү;
– кабыл алынган чечимдердин ачык-айкындуулугу;
– процесстерди санариптештирүү;
– жеке маалыматтарды коргоо;
– зыяратчылардын коопсуздугун камсыз кылуу;
– процесстердин катышуучуларынын жеке жоопкерчилиги;
– коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбестик.
2.2. Тыюу салынган аракеттер.
Ажылык жана умраны уюштурууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
– орундарды белгиленген тартиптен тышкары алмаштыруу;
– расмий эмес кезек түзүү;
– расмий эмес төлөмдөрдү алуу;
– автоматташтырылган процесстерге кийлигишүү;
– белгиленген уруксатсыз кызмат көрсөтүү;
– кызматтардын баасы жөнүндө маалыматты жашыруу;
– жасалма документтерди колдонуу;
– зыяратчылардын укуктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Сауд Арабия Падышалыгынын (мындан ары — САП) мыйзамдарынын талаптарын бузуу.
2.2.1. Бул Тартиптин максаттары үчүн негизги түшүнүктөр, санариптик системанын иштөө механизмдери, конкурстук жол-жоболордун тартиби, кызмат көрсөтүүчүлөрдү тандоо критерийлери, санариптик аудит жана каржылык ачык-айкындуулук механизмдери, ошондой эле башка жол-жоболук маселелер бул Тартип жана ага карата тиркемелер менен аныкталат.
3-глава. Негизги түшүнүктөр
3.1. Бул Тартипте колдонулган терминдер.
Бул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
Ажылык – мусулмандардын ишеним менен диний практикасынын негизин түзгөн, САПнын Мекке жана Медина шаарларында жана алардын тегерек-чөйрөсүндө так белгиленген мезгилде жасалган жыл сайынкы зыяраты.
Умра – ажылык мезгилинен башкасы, жылдын каалаган мезгилинде жасалган, мусулмандардын САПнын Мекке жана Медина шаарларына кичи зыяраты.
Зыяратчы – жоро-жоболорду аткаруу үчүн диний мааниге ээ (ыйык) жерлерге сапар жасаган адам.
Ажылык жана умраны уюштуруунун бирдиктүү санариптик системасы (Бирдиктүү санариптик система) – зыяратка байланышкан маалыматтарды автоматташтырууну, каттоону, эсепке алууну, мониторинг жүргүзүүнү, санариптик коштоону жана сактоону камсыз кылган маалыматтык система (ажылык жана умра).
Электрондук кезек – бул Тартиптин шарттарына ылайык ажылыкты жасоо үчүн орундарды кезек-кезеги менен бөлүштүрүүчү автоматташтырылган система.
Квота – САП тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ажылыкка бөлүнгөн орундардын саны.
Умра оператору – жарандардын умраны жасоо максатында сапарларын уюштуруу үчүн КМДБ тарабынан белгиленген тартипте аккредитациядан өткөн юридикалык жак.
Умра операторунун аккредитациясы – юридикалык жакка умраны уюштуруу боюнча ишке расмий жол берүү жол-жобосу.
Коштоочу адам – белгиленген тандоодон, даярдыктан жана сертификациядан өтүп, зыяратчылар тобун координациялоо үчүн бекитилген адам.
Ведомстволор аралык комиссия – Кыргыз Республикасынын жарандарынын ажылык жана умрасын уюштуруу маселелери боюнча туруктуу негизде иштеген координациялык орган.
Оперативдик штаб – процесстердин катышуучуларынын аракеттерин ыкчам координациялоо жана чара колдонуу үчүн ажылыкка даярданыш жана аны өткөрүү мезгилинде түзүлүүчү координациялык орган.
Конкурстук жол-жоболор – бул Тартиптин талаптарына ылайык жүргүзүлгөн товарларды, иштерди жана кызматтарды жеткирүүчүлөрдү тандоо жол-жоболору.
Кызыкчылыктардын кагылышы – ажылык жана умраны уюштуруу процесстеринин катышуучусунун жеке кызыкчылыгы анын кабыл алган чечимдеринин адилеттүүлүгүнө таасир этүүчү же таасир этиши мүмкүн болгон жагдай.
Санариптик аудит – зыяратка байланышкан санариптик процесстерди жана маалыматтарды талдоо, текшерүү жана мониторинг жүргүзүү боюнча иш-чаралардын комплекси.
Резервдик тизме – бошогон орундарды толтуруу үчүн белгиленген тартипте түзүлүүчү зыяратчылардын тизмеси.
Сауд Арабия Падышалыгынын Ажылык жана умра иштери министрлиги (мындан ары - САП) – ажылык жана умраны уюштуруу маселелерин жөнгө салуучу Сауд Арабия Падышалыгынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы.
Зыяратчылардын жеке маалыматтары – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарга кирген, зыяратчылар жөнүндөгү маалыматтар.
Мониторинг – зыярат системасынын ачык-айкындуулугун, коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында ажылык жана умраны уюштуруу процесстерин туруктуу байкоо, талдоо жана баалоо системасы.
4-глава. Башкаруу жана координациялоо системасы
4.1. Мамлекеттик жөнгө салуунун максаттары жана чектери.
Ажылык жана умраны уюштуруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу мыйзамдуулукту, ачык-айкындуулукту, коопсуздукту, зыяратчылардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга, процесстерди санариптештирүүгө, коррупцияга жол бербөөгө, кызматтардын сапатын жогорулатууга жана зыярат ишинин катышуучуларын координациялоого багытталган. Мындай жөнгө салуу жарандардын дин тутуу эркиндигине негизсиз чектөөлөрдү киргизбөөгө, диний жоро-жоболордун аткарылышына тоскоолдук түзбөөгө же КМДБ менен Аалымдар кеңешинин компетенциясына кирген дин таануу, теология жана диний жоболор маселелерине кийлигишпөөгө тийиш.
4.2. КМДБнун ролу.
4.2.1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын ажылыгы менен умрасын уюштуруу КМДБ тарабынан Ведомстволор аралык комиссия жана дин иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, САПнын талаптарына жана бул Тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
4.2.2. КМДБ САПнын Ажылык жана умра иштери министрлиги, ошондой эле САПнын башка ыйгарым укуктуу органдары жана уюмдары менен өз ара аракеттенүүдө ажылык жана умраны уюштуруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана бул Тартипте каралган ыйгарым укуктардын чегинде Кыргыз Республикасынын расмий өкүлү болуп саналат.
4.2.3. КМДБнын жетекчилиги дин иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен белгиленген тартипте сүйлөшүүлөргө, квоталарды, ажылык жана умранын уюштуруучулук шарттарын макулдашууга, Кыргыз Республикасынын жарандарынын зыяратын уюштурууга байланышкан келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө катышат.
4.2.4. КМДБ келишимдерге кол коюлгандан кийин 3 жумуш күнүнүн ичинде түзүлгөн макулдашуулардын көчүрмөлөрүн эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү үчүн Ведомстволор аралык комиссияга жана дин иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
4.3. Дин иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функциялары.
Дин иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул Тартиптин талаптарынын аткарылышын координациялоону, контролдоону жана мониторингин жүзөгө ашырат, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү, мамлекеттик органдардын өз компетенциясынын чегинде катышуусун, ошондой эле ачык-айкындуулук, коопсуздук жана зыяратчылардын укуктарын коргоо боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат.
4.4. Ведомстволор аралык комиссиянын статусу жана курамы:
4.4.1. Зыярат процессин координациялоо, келип чыккан маселелерге ыкчам чара колдонуу, зыяратчылардын коопсуздугун камсыз кылуу жана чечимдердин макулдашылгандыгын камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын ажылык менен умрасын уюштуруу маселелери боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүлөт.
4.4.2. Ведомстволор аралык комиссия туруктуу негизде иштеген координациялык орган болуп саналат жана төмөнкүлөрдүн өкүлдөрүнөн түзүлөт:
– дин иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
– Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы;
– Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;
– Жарандык авиация боюнча мамлекеттик агенттик;
– санариптик өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
– зарылчылыгына жараша башка мамлекеттик органдар жана уюмдар.
4.5. Ведомстволор аралык комиссиянын жетекчилиги жана катчылыгы:
4.5.1. Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийинин орун басары болуп саналат.
4.5.2. Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары болуп бөлүм башчысынан жогору эмес деңгээлдеги КМДБнун кызматкери дайындалат.
4.5.3. КМДБ Комиссиянын катчылыгынын функцияларын аткарат, анын ишине уюштуруучулук, маалыматтык, протоколдук жана башка коштоону камсыз кылат.
4.6. Комиссиянын курамын бекитүү тартиби жана анын мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги.
4.6.1. Ведомстволор аралык комиссиянын курамы мамлекеттик органдар жана КМДБ тарабынан расмий түрдө сунушталган талапкерлердин негизинде дин иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
4.6.2. Мамлекеттик органдар жана КМДБ өз ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн Комиссиянын ишине катышуусун камсыз кылуу үчүн, ошондой эле кабыл алынган чечимдердин өз компетенциясынын чегинде өз убагында, толук жана талаптагыдай аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
4.7. Комиссиянын ыйгарым укуктары жана чечимдеринин милдеттүүлүгү.
4.7.1. Ведомстволор аралык комиссия зыяратты уюштуруунун тутумдук маселелерин карайт, процесстердин катышуучуларынын ишин координациялайт, ажылык жана умра механизмдерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат, көйгөйлүү маселелер боюнча мониторинг жүргүзөт, ошондой эле коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар жана зыяратка байланышкан башка маселелерди карайт.
4.7.2. Бул Тартипте белгиленген компетенциясынын чегинде Ведомстволор аралык комиссия кабыл алган чечимдер мамлекеттик органдарды, КМДБны, умра операторлорун, коштоочу адамдарды жана тартылган башка адамдарды кошо алганда, ажылык жана умраны уюштуруу процесстеринин бардык катышуучулары үчүн милдеттүү болуп саналат.
4.8. Оперативдик штаб жана убактылуу координациялык механизмдер.
4.8.1. Ажылыкка даярданыш жана аны өткөрүү мезгилинде күнү-түнү бою координацияны, САПнын ыйгарым укуктуу органдары менен өз ара аракеттенүүнү, зыяратчыларды коштоону, өзгөчө кырдаалдарга чара колдонууну, ошондой эле коштоочу адамдар, дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана мамлекеттик органдар менен ыкчам өз ара аракеттенүүнү камсыз кылган Оперативдик штаб түзүлөт.
4.8.2. Оперативдик штабдын, убактылуу жумушчу топтордун, техникалык комиссиялардын жана башка координациялык механизмдердин курамы дин чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Муфтийи тарабынан бекитилет.
4.9. Товарларды жана кызматтарды жеткирүүчүлөрдү конкурстук негизде тандоо.
4.9.1. Ажылыкты уюштурууга тартылган авиаташуучуларды, мейманканаларды, транспорттук жана медициналык уюмдарды, камсыздандыруу компанияларын жана товарларды, иштерди жана кызматтарды жеткирүүчү башка субъекттерди тандоо бул Тартип жана ага карата тиркемелерде белгиленген тартипте гана ачык конкурстук жол-жоболор аркылуу жүзөгө ашырылат.
4.9.2. Кызыкчылыктардын кагылышы бар, конкурстук комиссиянын мүчөлөрү менен кызыкчылык байланышы же бул Тартипте белгиленген тартипте Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүчү бузуучулардын реестрине киргизилген жактар жана уюмдар конкурстук жол-жоболорго катышууга жол берилбейт.
5-глава. Бирдиктүү санариптик система
5.1. Бирдиктүү санариптик система жөнүндө жалпы жоболор.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын ажылыгы менен умрасын уюштуруунун бирдиктүү санариптик системасынын (мындан ары - Бирдиктүү санариптик система) алкагында санариптик мониторинг, тобокелдиктерди автоматтык түрдө аныктоо, ички контролдоо, санариптик аудит жана аналитика механизмдеринин иштеши камсыз кылынат. Көрсөтүлгөн механизмдер бузууларды, коррупциялык көрүнүштөрдү, системага уруксатсыз кийлигишүү аракеттерин жана башка укукка сыйбаган аракеттерди алдын алууга багытталган.
5.2. Системаны техникалык коштоо жана өнүктүрүү.
5.2.1. Бирдиктүү санариптик системаны техникалык коштоо, жаңылоо, маалыматты коргоо, токтоосуз иштешин камсыз кылуу жана өнүктүрүү дин иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан санариптик өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана КМДБ менен бирге аныктоочу тартипте жүзөгө ашырылат.
5.2.2. Техникалык талаптар, системанын архитектурасы, иштөө регламенттери, ведомстволор аралык санариптик өз ара аракеттенүү тартиби, резервдештирүү, санариптик аудит, маалыматтарды сактоо механизмдери жана башка жол-жоболук маселелер бул Тартипке өзүнчө тиркемелер менен белгиленет.
5.2.3. Техникалык коштоо Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш. Бул өзгөртүү зарыл, анткени Кыргыз Республикасынын Санариптик кодексинин (мындан ары – КР СК) 78-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, жеке маалыматтарды иштетүү алардын коопсуздугун камсыз кылуучу, агып кетүүнү, жоголууну, бузулууну же мыйзамсыз жетүүнү алдын алуучу уюштуруучулук жана техникалык чараларды милдеттүү түрдө кабыл алуу менен жүзөгө ашырылышы керек.
5.3. Бирдиктүү санариптик системанын функциялары
5.3.1. Бирдиктүү санариптик система милдеттүү маалыматтык система болуп саналат, ал аркылуу төмөнкүлөр жүзөгө ашырылат:
– зыяратчыларды каттоо;
– электрондук кезекти түзүү (ажылык үчүн);
– квоталарды бөлүштүрүү;
– каржылык операцияларды жүргүзүү;
– санариптик мониторинг;
– конкурстук жол-жоболор;
– коштоочу адамдарды эсепке алуу;
– кайрылууларды кароо;
– аналитика жана бул Тартипте каралган башка процесстер.
5.4. Системаны колдонуунун милдеттүүлүгү
Бирдиктүү санариптик системаны колдонбостон ажылык жана умраны уюштурууга, анын иштеши убактылуу техникалык жактан мүмкүн болбогон учурларды же башка өзгөчө жагдайларды кошпогондо, жол берилбейт. Мындай учурларда аракеттердин тартиби Ведомстволор аралык комиссия тарабынан аныкталат.
5.5. Бирдиктүү санариптик системага карата талаптар
Бирдиктүү санариптик система төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
– процесстерди автоматташтыруу жана кол менен кийлигишүүнү жокко чыгаруу;
– бардык аракеттерди санариптик каттоо жана кабыл алынган чечимдердин ачык-айкындуулугу;
– жеке маалыматтарды коргоо;
– ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү;
– санариптик мониторинг жана аудит жүргүзүү мүмкүнчүлүгү.
5.6. Бирдиктүү санариптик система төмөнкүлөргө жол бербөөгө тийиш:
– санариптик издерди жок кылуу;
– маалыматтарды уруксатсыз өзгөртүү;
– электрондук кезекке кийлигишүү;
– маалыматты белгиленген тартиптен тышкары өзгөртүү;
– расмий эмес же системага интеграцияланбаган маалыматтык системаларды колдонуу.
5.7. Бирдиктүү санариптик системага интеграция жана жетүү
5.7.1. Бирдиктүү санариптик система ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маалыматтык системалары менен милдеттүү түрдө интеграцияланууга тийиш, мунун максаты – ажылык жана умраны уюштурууда зарыл болгон маалыматтарды автоматтык түрдө текшерүү.
5.7.2. Зыяратчыларга каттоо, кезек, төлөмдөр, маршруттар, билдирмелер, коштоочу адамдар жана зыяратты уюштурууга байланышкан башка маалыматтар жөнүндө маалымат берүүчү жеке кабинет, мобилдик тиркеме жана башка санариптик сервистер аркылуу кызматтарга жетүү камсыз кылынат.
5.8. Техникалык үзгүлтүктөр учурунда кол менен кийлигишүү тартиби.
5.8.1. Бул Тартиптин 5.5 жана 5.6-пункттарында белгиленген кол менен кийлигишүүгө тыюу салуу зыяратчынын каттоосунун туура эмес болушуна же бөгөттөлүшүнө алып келген, Бирдиктүү санариптик системанын техникалык каталарын, анын ичинде оптикалык символдорду таануу (OCR) бузулушун, паспорт маалыматтарын туура эмес таанууну, электрондук кезекти түзүүдөгү программалык катаны жоюу учурларына жайылтылбайт.
5.8.2. Маалыматтарды оңдоо үчүн инженерлик жетүү укугу Бирдиктүү санариптик системанын техникалык иштеп чыгуучусунун ыйгарым укуктуу кызматкерлерине «төрт көз» принцибин сактоо менен (КМДБнун өкүлү жана дин иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү болгон кеминде эки ыйгарым укуктуу адам) Ведомстволор аралык комиссиянын контролу алдында берилет.
5.8.3. Инженерлик жетүүнүн чегиндеги ар бир аракет (кайрылуу фактысын, негизин, өзгөртүүлөрдүн мазмунун, ошондой эле кийлигишкен адамдар жөнүндө маалыматты кошо алганда) өзгөртүлгүс логдо (блокчейн) милдеттүү түрдө катталууга жана аракет жасалган учурдан тартып 24 сааттан ашпаган мөөнөттө коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тиешелүү билдирме жөнөтүлүүгө тийиш.
6-глава. Зыяратчыларды каттоо жана
электрондук кезекти түзүү (ажылык үчүн)
6.1. Бирдиктүү санариптик системада каттоо тартиби.
Кыргыз Республикасынын жарандарын ажылык жана умраны жасоо үчүн каттоо Бирдиктүү санариптик система аркылуу гана жүзөгө ашырылат. Каттоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына, САПнын шарттарына, ошондой эле бул Тартипте белгиленген эрежелерге жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары укуктуу.
Мында, каттоо учурунда төлөм 5 адамдан ашпаган киши үчүн: негизги зыяратчы жана анын жакын туугандары үчүн (4 адамдан ашпаган санда) мүмкүн болот.
Мурда ажылык кылган зыяратчы кезектеги ажылыкты акыркы ажылык кылгандан кийин 5 жылдан эрте эмес мөөнөттө кайталап жасай алат, мындан, ажылык кылган зыяратчы акыркы 5 жылда ажылык кылбаган жакын туугандарын коштоп жүргөн учур тиешелүү эмес.
Каттоо ыктыярдуу мүнөзгө ээ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, САПнын талаптарында жана бул Тартипте каралган негиздерден башкача чектелүүгө тийиш эмес.
6.2. Бирдиктүү санариптик системада инсандыкты аныктоо жана маалыматтарды текшерүү.
6.2.1. Каттоо учурунда жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук алуу шартында мамлекеттик маалыматтык системаларды, биометрикалык верификацияны жана мыйзамдарда белгиленген башка механизмдерди колдонуу менен зыяратчынын инсандыгын милдеттүү түрдө аныктоо жүргүзүлөт.
6.2.2. Бирдиктүү санариптик система автоматтык режимде төмөнкүлөрдү текшерет:
– документтердин жарактуулугу;
– кайталама каттоонун жоктугу;
– САПнын талаптарына ылайык келиши;
– зыяратты жасоого тоскоол болгон чектөөлөрдүн бар-жоктугу;
– берилген маалыматтардын дурустугу.
6.3. Бирдиктүү санариптик системада каттоодо төмөнкүлөргө жол берилбейт:
– жарандын ыктыярдуу макулдугусуз каттоо;
– жасалма же чындыкка туура келбеген документтердин негизинде каттоо;
– бир адамды бир нече жолу каттоо;
– каттоо процесстерине кийлигишүү;
– белгиленген тартиптен тышкары ортомчулук схемаларды колдонуу.
6.4. Электрондук кезекти түзүү.
Каттоо аяктагандан жана белгиленген бардык талаптардын аткарылышы ырасталгандан кийин зыяратчыга автоматтык түрдө каттоо номери ыйгарылат жана электрондук кезек түзүлөт. Электрондук кезек каттоонун ырасталган ырааттуулугуна жараша автоматтык режимде гана түзүлөт. Электрондук кезекти түзүүгө, өзгөртүүгө же илгерилетүүгө кол менен кийлигишүүгө жол берилбейт.
6.5. Бирдиктүү санариптик системадагы зыяратчылардын тизмелери.
6.5.1. Ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана зыяратчылардын укуктарын коргоо максатында Бирдиктүү санариптик системада төмөнкүлөр түзүлөт:
– зыяратчылардын негизги тизмеси;
– резервдик тизме;
– күтүү тизмеси.
6.5.2. Орундарды бөлүштүрүү бул Тартипте жана Ведомстволор аралык комиссиянын чечимдеринде түз каралган учурларды кошпогондо, кезекке ылайык автоматтык түрдө жүзөгө ашырылат.
7-глава. Квоталарды бөлүштүрүү жана
зыяратчылар топторун түзүү (ажылык үчүн)
7.1. Квоталарды бөлүштүрүү.
7.1.1. САП тарабынан Кыргыз Республикасына берилген ажылык-квоталарын бөлүштүрүү САПнын ыйгарым укуктуу органдарынын талаптарына жана шарттарына так ылайык, ачык-айкындуулук, жарандардын тең укуктуу жетүүсү, процесстерди санариптештирүү жана коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
7.1.2. Бөлүнгөн квоталардын саны, мөөнөттөрү, шарттары жана аларды бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү маалыматтар бекитилгенден кийин үч күндөн кечиктирилбестен Бирдиктүү санариптик система, ошондой эле расмий маалымат каражаттары аркылуу милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.
7.2. Квоталарды бөлүштүрүүдө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
– квоталарды кол менен бөлүштүрүү;
– орундарды белгиленген тартиптен тышкары резервге коюу;
– орундарды сатуу;
– кезекти өзгөртүү;
– бул Тартипте көрсөтүлгөн негиздерсиз айрым адамдарга артыкчылык берүү.
7.3. Зыяратчылар топторун түзүү.
7.3.1. Квоталар бөлүштүрүлгөндөн кийин зыяратчылар топтору төмөнкүлөрдү эске алуу менен түзүлөт:
– маршруттар;
– чыгуу графиктери;
– транспорттук логистика;
– жайгашуу орундары;
– медициналык талаптар;
– жаш курак өзгөчөлүктөрү;
– башка уюштуруучулук факторлор.
7.3.2. Топторду түзүү КМДБ тарабынан Бирдиктүү санариптик система аркылуу жүргүзүлөт. Ар бир топко белгиленген тандоодон, даярдыктан жана сертификациядан өткөн коштоочу адамдар бекитилет.
8-глава. Конкурстук жол-жоболор жана кызмат көрсөтүүчүлөрдү тандоо
тартиби
8.1.1. Ажылыкты уюштурууга тартылган товарларды, иштерди жана кызматтарды жеткирүүчүлөрдү тандоо, бул главада белгиленген тартипте конкурстук негизде жүзөгө ашырылат.
8.1.2. Конкурстук жол-жоболор төмөнкүлөргө карата жүргүзүлөт:
– авиаташуучулар;
– мейманканалар жана жайгашуунун башка объекттери;
– транспорттук уюмдар;
– тамактануу менен камсыздоочулар;
– логистикалык жана тейлөө уюмдары;
– атайын кийим формаларын тигүү;
– зыяратка байланышкан товарларды жана кызматтарды жеткирген башка субъекттер.
8.2. Конкурстук комиссия.
Конкурстук жол-жоболорду жүргүзүү үчүн Ведомстволор аралык комиссия көрсөтүлгөн жеткирүүчүлөрдү тандоо боюнча конкурстук комиссия катары да чыгат.
8.3. Конкурска даярдануу.
8.3.1. Конкурстук комиссия тарабынан каралышы үчүн материалдарды даярдоону КМДБ жүргүзөт, ага рынокту алдын ала мониторинг кылуу тапшырылат. Мындай мониторинг бааларды, кызмат көрсөтүү шарттарын, коопсуздук талаптарына жана САПнын Ажылык жана умра иштери министрлигинин талаптарына ылайык келишин талдоону, ошондой эле потенциалдуу жеткирүүчүлөрдүн репутациясын жана тажрыйбасын изилдөөнү камтыйт.
8.3.2. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча КМДБ потенциалдуу жеткирүүчүлөрдөн коммерциялык сунуштарды талап кылууну уюштурат. Тиешелүү рынокто керектүү санда жеткирүүчүлөрдүн жоктугу же Ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен ырасталган башка негиздүү жагдайлар болгон учурларды кошпогондо, ар бир кызмат түрү боюнча сунуш кылынуучу сунуштардын саны кеминде үч болууга тийиш.
8.4. Коммерциялык сунуштарды карап чыгууда Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүлөрдү эске алат:
– кызматтардын баасы;
– кызматтардын сапаты;
– жайгаштыруу жана тейлөө шарттары;
– коопсуздук талаптары;
– САПнын Ажылык жана умра иштери министрлигинин талаптарына ылайык келиши;
– жеткирүүчүнүн репутациясы жана тажрыйбасы;
– зарыл уруксат берүүчү документтердин бар болушу;
– мурунку ишинин жыйынтыктары;
– техникалык жана уюштуруучулук мүмкүнчүлүктөрдүн бар болушу.
Жеңүүчү катары белгиленген талаптарга жооп берген, эң ылайыктуу коммерциялык сунушту берген жеткирүүчү таанылат.
8.5. Конкурстук жол-жоболорду жүргүзүүдө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
– кызыкчылык байланышы жактардын катышуусу;
– тандоо жол-жоболоруна кийлигишүү;
– кароонун жыйынтыктарын белгиленген тартиптен тышкары өзгөртүү;
– маалыматты жашыруу;
– айрым катышуучуларга артыкчылыктуу шарттарды түзүү;
– бул Тартипте каралган учурларды кошпогондо, келишимдерди белгиленген тартиптен тышкары түзүү.
9-глава. Умраны уюштуруу тартиби
9.1. Умранын ажылыктан негизги айырмачылыктары.
– мамлекеттик квотанын жоктугу;
– электрондук кезектин жоктугу;
– жылдын каалаган мезгилинде жасоо мүмкүнчүлүгү (ажылык мезгилин кошпогондо);
– умраны уюштуруу КМДБ тарабынан аккредитациядан өткөн умра операторлору аркылуу жүзөгө ашырылат.
9.2. Умраны уюштуруу катышуучуларынын милдеттенмелери.
КМДБнун милдеттенмелери:
– аккредитация жол-жоболорун уюштуруу жана умра операторлоруна контролдук кылуу;
– умра операторлорунун реестрин жүргүзүү;
– тейлөөнүн минималдуу стандарттарын бекитүү;
– умраны диний жоро-жобо катары жасоо шарттарына карата талаптарды бекитүү;
– зыяратчылардын операторлордун аракеттерине карата даттанууларын кароо.
Ведомстволор аралык комиссиянын милдеттенмелери:
– умра операторлорун аккредитациялоо, аккредитацияны токтото туруу же кайтарып алуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
– оператор менен зыяратчынын ортосундагы келишимдердин типтүү формаларын бекитүү.
Умра операторлорунун милдеттенмелери:
– белгиленген тартипте аккредитациядан өткөн юридикалык жактын статусуна ээ болуу;
– сапардын толук циклин уюштуруу, анын ичинде: виза боюнча колдоо көрсөтүү, авиабилеттер, жайгаштыруу, транспорт, тамактануу, медициналык камсыздандыруу, КМДБ умра үчүн белгилеген диний жоро-жобонун талаптарына ылайык келүү, коштоо.
Зыяратчы тараптан милдеттенмелер:
– умраны жасоого ыктыярдуу ниет билдирүү;
– умра оператору менен келишим түзүү;
– бул Тартипте каралган укуктарды пайдалануу жана милдеттерди аткаруу.
9.4. Умра операторлорун аккредитациялоо (өзгөчө талаптар)
9.4.1. Аккредитация алуу үчүн умра оператору КМДБ аркылуу Ведомстволор аралык комиссияга кошумча түрдө төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:
– САПдагы кабыл алуучу тарап менен төмөнкүлөрдү камтыган келишимдер (же ырасталган өнөктөштүк макулдашуулар):
– САПнын Ажылык жана умра иштери министрлиги тарабынан жактырылган мейманканаларга жайгаштыруу боюнча кепилдиктер;
– Мекке, Медина жана аэропорттордун ортосундагы трансфер шарттары;
– өзгөчө кырдаалдардагы аракеттенүү тартиби;
– зыяратчылардын алдындагы милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн (умра боюнча) туроператордун жарандык-укуктук жоопкерчилигин жоопкерчиликтин чегин кеминде 500 000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндө камсыздандыруу келишими;
– кабыл алуучу тарап менен өз ара аракеттенүү үчүн араб же англис тилин билген квалификациялуу персоналдын бар экендигин ырастоочу документтер.
9.5. Умра оператору менен зыяратчынын ортосундагы келишимде төмөнкүлөрдүн болушу милдеттүү:
9.5.1. Умраны уюштуруу умра оператору менен зыяратчынын ортосунда түзүлгөн келишимдин (электрондук же кагаз түрүндө) негизинде гана жүзөгө ашырылат.
9.5.2. Келишим милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
– кызматтардын төлөм валютасы көрсөтүлгөн так баасы (сом KGS же доллар USD түрүндө);
– кирген кызматтардын тизмеси: авиакатам (класс, маршрут), Меккеде жана Мединада өткөрүлгөн түндөрдүн саны, мейманкананын категориясы, тамактануунун түрү, транспорттук трансферлер, медициналык камсыздандыруу;
– өзгөчөлүктөрдүн тизмеси — баага кирбеген кызматтар;
– төлөмдүн мөөнөттөрү, тартиби жана каражаттарды кайтарып берүү шарттары;
– тараптардын жоопкерчилиги;
– талаш-тартыштарды чечүү тартиби.
9.5.3. Зыяратчынын контролдоочу органдарга кайрылуу укугун чектеген же операторду анын ишине байланышкан форс-мажорлук жагдайлар үчүн жоопкерчиликтен бошотуучу шарттарды келишимге киргизүүгө тыюу салынат.
9.5.4. Келишим уникалдуу номер ыйгаруу менен Бирдиктүү санариптик системада катталат.
9.6. Умраны уюштуруунун каржылык шарттары.
9.6.1. Умранын баасы оператор тарабынан өз алдынча түзүлөт, бирок оператор баанын түзүлүшүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууга, баанын эсебин өзүнүн сайтында жана Бирдиктүү санариптик системада жарыялоого милдеттүү.
9.6.2. Тыюу салынат:
– виза ырасталганга чейин баанын 50 %дан ашык өлчөмүндө алдын ала төлөм талап кылуу;
– зыяратчынын сапардан учуудан 15 күн же андан мурда баш тартышы үчүн (документ менен ырасталган, иш жүзүндө тартылган чыгымдарды кошпогондо) айып пул талап кылуу.
9.6.4. Каражаттар зыяратчыга келишим бузулган күндөн тартып 30 календарлык күндүн ичинде кайтарылып берилет.
9.7. Умра операторунун милдеттери:
– учуудан 30 күн мурда зыяратчыга сапардын программасын, САПдагы коштоочу адамдын байланыш маалыматтарын, болуу эрежелери, коопсуздук чаралары жана КРнын элчилигинин жайгашкан жери жөнүндө маалыматты берүү;
– САПнын аэропортторунда зыяратчыларды тосуп алууну жана узатууну камсыз кылуу;
– шашылыш байланыш үчүн күнү-түнү бою иштеген ишеним телефонун камсыз кылуу;
– зыяратчылар менен болгон ар кандай өзгөчө кырдаал жөнүндө КМДБга 12 сааттын ичинде маалымдоо.
9.8. Зыяратчынын милдеттери:
– САПга кирген учурда жарактуулук мөөнөтү кеминде 6 ай болгон жарактуу чет элдик паспортко ээ болуу;
– САПнын мыйзамдарын жана диний нормаларын, ошондой эле ыйык жерлерде жүрүм-турум эрежелерин сактоо;
– өнөкөт оорулары болгон учурда операторго медициналык справка жана зарыл дары-дармектерди берүү;
– башка зыяратчыларга коркунуч жараткан аракеттерди (анын ичинде саясий иш-чараларды, уруксат берилбеген чогулуштарды) жасабоо.
9.9. Умраны уюштурууда умра операторлоруна жана башка адамдарга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
– аракетте болгон аккредитациясыз умраны уюштуруу;
– зыяратка чыгуу мезгилинде умра операторлоруна жана алардын персоналына (коштоочу адамдарга) өз тобундагы зыяратчыларды башка коштоочу адамдардын жетекчилигине, үчүнчү тарапка өткөрүп берүүгө, ошондой эле башка топтордогу жана тышкы адамдардан болгон бөтөн зыяратчыларды өз жетекчилигине алууга;
– зыяратчыларды САПнын Ажылык жана умра иштери министрлиги тарабынан жактырылбаган мейманканаларга жайгаштыруу;
– учуунун конкреттүү мөөнөттөрү көрсөтүлбөгөн «умра пакеттерин» сатуу;
– умра визаларын зыяратка байланышпаган максаттарда колдонуу;
– жайында келишимде каралбаган кошумча төлөмдөрдү алуу.
9.10. Умраны уюштурууда контролдоо жана жоопкерчилик
9.10.1. Операторлордун ишине мониторинг КМДБ жана Ведомстволор аралык комиссия тарабынан отчеттуулукту талдоо, келишимдерди Бирдиктүү санариптик системада текшерүү жана даттанууларды кароо аркылуу жүргүзүлөт.
9.10.2. Умра операторунун аккредитациясын токтото туруу үчүн негиз болуп бул тартипти бузуу, мыйзамсыз аракеттерди жасоо, САПга жиберилген зыяратчылардын чыныгы санын жашыруу саналат.
9.10.3. Аккредитациянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө чечимди ведомстволор аралык комиссия КМДБнун сунушунун негизинде бул тартипке жана ага карата тиркемелерге ылайык кабыл алат.
9.10.4. Аккредитациянын колдонулушу 1 айдан 12 айга чейинки мөөнөткө токтотула алат. Ведомстволор аралык комиссиянын чечими умра операторунун жасаган мыйзамсыз аракеттеринин оордугунун деңгээлине жараша болот.
9.11. Зыяратчыларга умра жөнүндө жетимдүү маалымат.
9.11.1. КМДБ өзүнүн расмий сайтында жана Бирдиктүү санариптик системада төмөнкүлөрдү жайгаштырат:
– аккредитациядан өткөн умра операторлорунун рейтинги менен берилген тизмеси;
– умра операторлору тарабынан сунушталган умра пакеттеринин баасы;
– зыяратчынын эскертмеси (эрежелер, коопсуздук чаралары, шашылыш кызматтардын байланыштары).
9.11.2. Оператор келишим түзүлгөнгө чейин зыяратчыны эскертме менен кол тамга коюу аркылуу (электрондук түрдө — жеке кабинет аркылуу) тааныштырууга милдеттүү.
10-глава. КМДБнун каржылык камсыздоосу жана уюштуруу жыйымы
10.1. Уюштуруу жыйымынын укуктук негизи.
10.1.1. КМДБ Бирдиктүү санариптик системанын оператору жана зыярат ишинин ыйгарым укуктуу координатору катары ажылык жана умраны уюштурууда уюштуруу жыйымын белгилөөгө жана кармап калууга укуктуу.
10.1.2. Уюштуруу жыйымы мыйзамдуу, максаттуу жана милдеттүү төлөм болуп саналат, ал төмөнкүлөргө багытталган:
– Бирдиктүү санариптик системанын ишин каржылоо (иштеп чыгуу, техникалык колдоо, жаңылоо, кибер коопсуздукту камсыз кылуу);
– зыяратты уюштуруучулук, методикалык жана координациялык коштоо;
– коштоочу адамдарды окутуу жана сертификациялоо;
– зыяратчыларга шашылыш жардам көрсөтүү үчүн резервдик фондду түзүү (медициналык, консулдук жана транспорттук колдоону кошо алганда);
– аккредитация жол-жобосун уюштуруу;
– административдик чыгымдарды каржылоо;
– КМДБнун башка булактардан жабылбаган чыгымдарын компенсациялоо.
Уюштуруу жыйымынын өлчөмү КМДБ берген эсептердин негизинде Ведомстволор аралык комиссия тарабынан белгиленет.
10.1.3. Уюштуруу жыйымы ортомчулук кызматтары үчүн сый акы болуп саналбайт жана КМДБнун коммерциялык иши катары квалификацияланбайт.
10.2.2. Учурдагы зыярат сезону үчүн жыйымдын конкреттүү өлчөмү Ведомстволор аралык комиссия тарабынан бекитилет
10.2.3. Бекитилген жыйым өлчөмү бир зыярат сезонунун ичинде, Ведомстволор аралык комиссия тарабынан түз ырасталган форс-мажор учурларын кошпогондо, өзгөртүлбөйт.
10.2.4. Уюштуруу жыйымынын өлчөмү жөнүндө маалымат милдеттүү түрдө жарыяланат:
– Бирдиктүү санариптик системада (зыяратчынын жеке кабинетинде төлөм жасалганга чейин);
– зыяратчы менен умра операторунун ортосундагы келишимде.
10.3. Жыйымды кармап калуу жана эсепке алуу тартиби.
10.3.1. Уюштуруу жыйымы зыяратчы төлөм жасаган учурда Бирдиктүү санариптик системанын каржылык операциялар модулу аркылуу автоматтык түрдө кармалат.
10.3.2. Зыяратчыга өзүнчө саптарда төмөнкүлөр көрсөтүлгөн электрондук документ (квитанция) берилет:
– зыярат пакетинин толук баасы;
– уюштуруу жыйымынын акчалай түрдөгү өлчөмү;
– төлөнүүгө тийиш болгон жыйынды сумма;
– жыйымды эсептөө үчүн КМДБнун атайын эсебинин реквизиттери.
10.3.3. Жыйым, эгерде сот чечими менен башкача белгиленбесе, зыярат ишине байланышпаган милдеттенмелер боюнча өндүрүп алууга алынбаган КМДБнун өзүнчө максаттуу эсебине чегерилет.
10.3.4. Умра операторлору, башка юридикалык жана жеке жактар КМДБнун уюштуруу жыйымын өздөрүнүн комиссиясына, үстөк баасына же башка кирешелерине киргизүүгө укуксуз.
10.4. Уюштуруу жыйымын талашуудан коргоо.
КМДБ тарабынан алынуучу уюштуруу жыйымы (төмөнкү шарттардын баары бир учурда сакталган болсо) негизсиз баюу деп таанылбайт:
Ченемдик негиз – жыйым бул Тартипте түз каралган жана Ведомстволор аралык комиссия тарабынан бекитилген;
Максаттуу багыты – жыйым зыяратты уюштурууга байланышкан КМДБнун чыгымдарын жабууга гана багытталган (Бирдиктүү санариптик системаны кармоо, коштоочу адамдарды даярдоо, коопсуздукту камсыз кылуу, Оперативдик штабдын иши, мамлекеттик органдар менен координациялоо жана башка максаттар, КМДБ тарабынан жалпыга маалым кылынган административдик чыгымдар);
Жалпыга маалымдуулук жана келишимге чейинки аныктык – жыйымдын өлчөмү, тартиби жана максаттуу багыты зыяратчыларды каттоо башталганга чейин 30 календарлык күндөн кечиктирилбестен Бирдиктүү санариптик системада жайгаштырылат;
Ыктыярдуулук – зыяратчы жыйымды төлөөгө макулдугун Бирдиктүү санариптик системадагы жеке кабинети аркылуу өз алдынча жана аң-сезимдүү түрдө ырастайт, бул зыяратты уюштуруу шарттарын ыктыярдуу кабыл алуу катары квалификацияланат;
Кызматтын ажыратылгыссыздыгы – уюштуруу жыйымы ажылык/умранын бирдиктүү уюштуруучулук процессинин курамдык бөлүгү болуп саналат жана негизги кызматтардын баасынан өзүнчө алынбайт.
10.4.2. Бирдиктүү санариптик системада катталган жана төлөм жасаган зыяратчы белгиленген өлчөмдөгү уюштуруу жыйымынын кармалышы менен таанышкан жана макул болгон деп эсептелет.
10.4.3. Уюштуруу жыйымы зыяратчыга төмөнкү жыйынтыктоочу учурларды кошпогондо кайтарылып берилбейт:
– Кыргыз Республикасынын же Сауд Арабия Падышалыгынын ыйгарым укуктуу органдарынын чечими боюнча ажылык же умранын толук жокко чыгарылышы;
– зыяратчынын сапар башталганга чейин каза болушу (документ менен ырасталган);
– КМДБнун аракеттерин мыйзамсыз деп таануу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечими.
10.4.4. Зыяратчы сапардан ыктыярдуу баш тарткан, кезектен чыгарылган же бул Тартипте каралган негиздер боюнча зыяратты жасоо укугунан ажыратылган учурда, уюштуруу жыйымы кайтарылбайт жана КМДБнун иш жүзүндө тарткан уюштуруучулук чыгымдарын жабууга багытталат.
10.4.5. КМДБнун уюштуруу жыйымы боюнча өзүнчө көрсөтмөнү камтыбаган келишимдер (анын ичинде типтүү келишимдер) бул бөлүгүндө жараксыз деп таанылат. Уюштуруу жыйымын көрсөтүү талабына карама-каршы келген келишим шарты колдонулбайт. Мындай көрсөтмөнүн жоктугу, бул Тартиптин 10.2.4-пунктунда каралган башка ыкма менен (сайтта жарыялоо, жеке кабинетте) зыяратчы жыйым жөнүндө маалымдатылган болсо, Бирдиктүү санариптик система аркылуу уюштуруу жыйымын талашсыз кармап калууга тоскоол болбойт.
10.5. Жыйымды пайдалануунун отчеттуулугу жана ачык-айкындуулугу
10.5.1. КМДБ ар чейректе уюштуруу жыйымынын каражаттарын төмөнкү беренелер боюнча сарптоо жөнүндө отчетту Бирдиктүү санариптик системада жайгаштырууга милдеттүү:
– Системаны техникалык коштоо;
– зыяратты уюштурууга катышкан КМДБ кызматкерлеринин эмгек акысы (пропорционалдуу түрдө);
– коштоочу адамдарды окутуу;
– зыяратчыларга шашылыш жардам;
– административдик-чарбалык чыгымдар.
10.5.2. Жыл сайын жүргүзүлгөн санариптик аудит (бул Тартиптин 13-главасы) уюштуруу жыйымынын каражаттарынын мыйзамдуулугун жана максаттуу пайдаланылышын текшерүүнү милдеттүү түрдө камтыйт.
10.5.3. Каражаттардын максатсыз пайдаланылышы аныкталган учурда, күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат, бирок бул, эгерде жыйым мыйзамдуу негизде кармалган болсо, зыяратчыларга жыйымды кайтарып берүү милдетин жаратпайт.
10.6. Жыйымды алуу эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик.
10.6.1. Уюштуруу жыйымын Ведомстволор аралык комиссия тарабынан белгиленген өлчөмдөн ашык алуу төмөнкүлөр үчүн негиз болуп саналат:
– КМДБнун кызмат адамдарына жоопкерчилик чараларын колдонуу;
– зыяратчыга ашыкча кармалган суммаларды милдеттүү түрдө кайра эсептеп кайтарып берүү;
– кийинки сезон үчүн жыйымдын өлчөмүн мөөнөтүнөн мурда кайра карап чыгуу.
10.6.2. Бул главанын талаптарын айланып өтүү аракеттери (жыйымды башка төлөмдөргө киргизүү, Системада катталбаган нак акча алуу) бул Тартипти бузуу катары квалификацияланат жана мыйзамдарда каралган санкциялар колдонулат.
11-глава. Коштоочу адамдар жана алардын ишинин тартиби
11.1. Коштоочу адамдарды тартуунун максаты.
Зыяратчыларды уюшкан түрдө коштоо, топторду координациялоо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ажылыкты уюштурууда ыкчам өз ара аракеттенүү максатында коштоочу адамдар тартылат.
11.2. Ишинин укуктук негизи.
Коштоочу адамдар өз ишин бул Тартипке, КМДБнун талаптарына, Ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерине, ошондой эле САПнын ченемдерине ылайык жүзөгө ашырат.
11.3. Тандоо жана бекитүү.
Коштоочу адамдарды тандоо ачык-айкындуулук, объективдүүлүк, профессионализм жана тең укуктуу жетүү принциптерин сактоо менен конкурстук негизде жүргүзүлөт. Тандоону уюштурууну КМДБ жүзөгө ашырат. Бекитүү жөнүндө чечимди Ведомстволор аралык комиссия кабыл алат.
11.4. Талапкерлерге карата талаптар.
Коштоочу адамдарга төмөнкү талаптар коюлат:
– 25тен 60 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары;
– КМДБнун кызматкеринин статусу (имам-хатибтер, имамдар, ошондой эле диний окуу жайлардын окутуучулары, дин насаатчылары, диний уюмдардын жетекчилери дин иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда эсептик каттоодон өткөн), сертификациядан өтүп, кызыкчылыктардын кагылышы жок болгон шартта Ведомстволор аралык комиссиянын оң чечимин алган адамдар;
– алынбаган же өчүрүлбөгөн соттолгондугунун жоктугу;
– белгиленген тартипте ырасталган зарыл билимдердин (ажылык жана умраны уюштуруу тартибин, ошондой эле коопсуздук талаптарын билүүнү кошо алганда), тил даярдыгынын жана тажрыйбанын бар болушу;
– бул Тартипте каралган тиешелүү даярдыктан өтүү;
– зыяратчыларды коштоону камсыз кылуу жөндөмдүүлүгү;
– тиешелүү милдеттерди аткарууга тоскоол болгон медициналык жана башка чектөөлөрдүн жоктугу.
11.5. Окутуу жана сертификациялоо.
11.5.1. Коштоочу адамдар КМДБ тарабынан Ведомстволор аралык комиссия менен макулдашылган тартипте окутуудан, нускамадан жана сертификациядан өтүүгө милдеттүү.
11.5.2. Даярдоо программасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
– ажылыкка байланышкан уюштуруучулук маселелер;
– САПнын талаптары;
– коопсуздук маселелери;
– медициналык жардамдын негиздери;
– өзгөчө кырдаалдардагы аракеттенүү тартиби;
– санариптик коштоо механизмдери;
– зыяратчылар менен өз ара аракеттенүү эрежелери.
11.6. Коштоочу адамдардын милдеттери.
Коштоочу адамдар милдеттүү:
– зыяратчыларды коштоону камсыз кылуу;
– топтун ишин координациялоо;
– бекитилген графиктерди жана маршруттарды сактоо;
– зыяратчыларга маалымдоо;
– Оперативдик штаб менен өз ара аракеттенүү;
– коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;
– өзгөчө кырдаалдар жөнүндө кечиктирбестен билдирүү;
– зыярат аяктагандан кийин КМДБга жана дин иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга коштолгон зыяратчылардын чыныгы саны, болуп өткөн окуялар жана бузуулар, ошондой эле зарыл болгон башка маалыматтар жөнүндө отчет берүү.
– КР жана САПнын мыйзамдарынын, ошондой эле бул Тартиптин талаптарын сактоо.
11.7. Коштоочу адамдар үчүн тыюу салынган аракеттер.
Коштоочу адамдарга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
– расмий эмес төлөмдөрдү алуу;
– кызматтык статусту жеке максаттарда колдонуу;
– орундарды бөлүштүрүү процесстерине кийлигишүү;
– бузууларды жана өзгөчө кырдаалдарды жашыруу;
– зыяратчылардын укуктарын бузган аракеттер;
– коопсуздук талаптарын бузуу;
– Кыргыз Республикасынын беделине зыян келтирген аракеттер.
11.8. Мониторинг жана жоопкерчилик.
Коштоочу адамдардын иши Бирдиктүү санариптик система аркылуу милдеттүү мониторингге алынат. Бул Тартиптин талаптары бузулган учурда коштоочу адам ишинен четтетилип, сертификатынан 5 жылга чейинки мөөнөткө ажыратылышы мүмкүн жана ажыратылган мөөнөт өтмөйүнчө белгиленген тартипте сертификатты кайра алууга талапкер боло албайт, ошону менен бирге коштоочу адам коштоочу адамдардын реестринен чыгарылат жана белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.
12-глава. Тейлөө стандарттары жана зыяратчылардын коопсуздугун
камсыз кылуу
12.1. Жалпы талаптар.
Ажылык жана умраны уюштуруу зыяратчылардын болуу шарттарын коопсуздук талаптарына, санитардык ченемдерге, САПнын мыйзамдарына, ошондой эле бул Тартипке ылайык белгиленген минималдуу талаптарга жооп берген тийиштүү деңгээлде камсыз кылууга тийиш.
12.2. Процесстердин катышуучуларынын милдеттери.
КМДБ, умра операторлору, коштоочу адамдар жана зыяратты уюштуруунун башка катышуучулары бардык этаптарда зыяратчылардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо боюнча зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.
12.3. Жашоо шарттары жана транспорт.
Зыяратчылардын жашоо шарттары коопсуздук талаптарына жана санитардык ченемдерге, ошондой эле САПнын Ажылык жана умра иштери министрлиги тарабынан белгиленген шарттарга жооп берүүгө тийиш. Транспорттук тейлөө САПнын коопсуздук талаптарына жана техникалык ченемдерине жооп берген транспорттук уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
12.4. Камсыздоонун милдеттүү элементтери.
Ажылыкты уюштурууда төмөнкүлөр камсыз кылынат:
– зыяратчыларды медициналык коштоо;
– зыяратчыларга коопсуздук чаралары жөнүндө маалымдоо;
– коштоочу адамдар жана Оперативдик штаб менен күнү-түнү бою байланыш;
– шашылыш жардамга жетүү мүмкүнчүлүгү;
– өзгөчө кырдаалдардагы аракеттерди координациялоо.
12.5. Зыяратчылардын өзгөчө категориялары.
Төмөнкүлөрдүн коопсуздугуна жана зарыл шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат:
– улгайган жарандар;
– майыптуулугу бар адамдар;
– туруктуу медициналык коштоого муктаж адамдар;
– кошумча кам көрүүнү талап кылган зыяратчылардын башка категориялары.
13-глава. Зыяратчылардын укуктарын коргоо жана кайрылууларды
кароо тартиби
13.1. Зыяратчылардын укуктарын сактоо милдети.
Мамлекеттик органдар, КМДБ, умра операторлору, коштоочу адамдар жана ажылык жана умраны уюштуруунун башка катышуучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, бул Тартиптин талаптарына жана КРнын эл аралык милдеттенмелерине ылайык зыяратчылардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.
13.2. Зыяратчылардын укуктарынын кепилдиктери.
Зыяратчыларга төмөнкүлөр кепилденет:
– ажылык жана умрага катышууга тең укуктуу жетүү;
– толук жана так маалымат алуу;
– каттоо жана орундарды бөлүштүрүү жол-жоболорунун ачык-айкындуулугу;
– тийиштүү сапаттагы кызматтарды алуу;
– жеке маалыматтарды коргоо;
– кайрылуу жана чечимдерге даттануу укугу;
– зыяндын ордун толтуруу укугу.
13.3. Кайрылууларды берүү жана кароо тартиби.
13.3.1. Зыяратчылар КМДБга, Ведомстволор аралык комиссияга, дин иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, умра операторлоруна, Оперативдик штабга жана башка мамлекеттик органдарга кайрылууга укуктуу.
13.3.2. Кайрылуулар жазуу жүзүндө, электрондук түрдө, Бирдиктүү санариптик система, мобилдик тиркеме аркылуу, ишеним телефону боюнча берилет.
13.3.3. Бардык кайрылуулар белгиленген мөөнөттөрдө милдеттүү түрдө катталууга жана каралууга тийиш.
13.4. Бузуулар табылган учурдагы чаралар.
Зыяратчылардын укуктарынын бузулушу аныкталган учурда ыйгарым укуктуу органдар бузулган укуктарды калыбына келтирүү, бузууларды жоюу, күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу, келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
13.5. Жеке маалыматтардын субъектисинин укуктарын ишке ашыруу тартиби.
Зыяратчы Бирдиктүү санариптик системадагы өзүнүн жеке кабинети аркылуу өзүнүн жеке маалыматтары жөнүндө маалымат сурап алууга, ошондой эле аларды тактоо, бөгөттөө же жок кылуу жөнүндө талап жөнөтүүгө укуктуу.
13.6. Зыяратчылардын жеке маалыматтарынын чек арадан тышкары берилиши.
Зыяратчылардын жеке маалыматтарын САПга берүү КР СКнин чек арадан тышкары берүү жөнүндөгү талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. Жазуулардын ээси мындай берүүгө зыяратчынын макулдугун алууга, ошондой эле кабыл алуучу тарап жеке маалыматтарды коргоонун тийиштүү деңгээлин камсыз кылганын текшерип ырастоого милдеттүү.
14-глава. Коррупцияга каршы механизмдер,
мониторинг жана санариптик аудит
14.1. Принциптер жана милдеттер.
Ажылык жана умраны уюштуруу ачыктык, ачык-айкындуулук, санариптик аныкталуучулук, эсеп берүүчүлүк жана коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Процесстердин бардык катышуучулары коррупциялык тобокелдиктерге жана кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
14.2. Милдеттүү санариптик из.
Зыяратчыларды каттоо, электрондук кезекти түзүү, квоталарды бөлүштүрүү, каржылык операциялар, конкурстук жол-жоболор, Ведомстволор аралык комиссия тарабынан чечимдерди кабыл алуу, кайрылууларды кароо аракеттин убактысы, негизи, мазмуну жана колдонуучусу жөнүндө маалыматтарды камтыган санариптик изди милдеттүү түрдө түзүү менен жүзөгө ашырылат.
14.3. Тыюу салынган аракеттер.
Төмөнкүлөргө жол берилбейт: электрондук процесстерге кийлигишүү, маалыматтарды белгиленген тартиптен тышкары өзгөртүү, маалыматты жашыруу, расмий эмес каттоо механизмдерин колдонуу, расмий эмес төлөмдөрдү алуу, айрым адамдар же уюмдар үчүн артыкчылыктуу шарттарды түзүү.
14.4. Контролдоо түрлөрү.
Төмөнкүлөр жүргүзүлөт: ички контролдоо, санариптик аудит, каржылык операциялардын мониторинги, умра операторлорунун жана коштоочу адамдардын ишин талдоо, даттанууларды кароо.
15-глава. Өзгөчө кырдаалдарга чара колдонуу жана кризистик
башкаруу
15.1. Максаты жана милдеттер.
Зыяратчылардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кризистик башкаруу системасы иштейт. КМДБ, Ведомстволор аралык комиссия, Оперативдик штаб, коштоочу адамдар жана умра операторлору өзгөчө кырдаалдарга чара колдонууга даярдыкты сактоого милдеттүү.
15.2. Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү.
Өзгөчө кырдаалдарга төмөнкүлөр кирет: зыяратчылардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч, массалык оорулар, өзгөчө окуялар, байланыштын үзгүлтүккө учурашы, транспорттук логистиканын бузулушу, табигый жана техногендик кырсыктар.
15.3. Өзгөчө кырдаал учурундагы аракеттер.
Өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда коштоочу адамдар жана умра операторлору Оперативдик штабды кечиктирбестен маалымдоого жана зыяратчылардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. Оперативдик штаб күнү-түнү бою координацияны жана САПнын компетенттүү органдары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.
16-глава. Системанын натыйжалуулугунун мониторинги
16.1. Мониторингдин максаты жана аны жүргүзүүчү органдар.
Натыйжалуулук мониторинги КМДБ тарабынан Ведомстволор аралык комиссия жана дин иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирге Бирдиктүү санариптик система аркылуу жүргүзүлөт.
16.2. Баалоо предмети.
Төмөнкүлөр баалоого алынат: процесстерди уюштуруунун натыйжалуулугу, кызматтардын сапаты, умра операторлорунун жана коштоочу адамдардын иши, конкурстук жол-жоболордун жыйынтыктары, коопсуздук деңгээли, каржылык ачык-айкындуулук, зыяратчылардын канааттануу деңгээли.
16.3. Рейтингдерди түзүү.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча умра операторлорунун жана коштоочу адамдардын рейтингдери түзүлөт. Жыйынтыктар ишке жол берүүдө, конкурстук жол-жоболорду жүргүзүүдө, ишти узартууда же чектөөдө эске алынат.
17-глава. Тартипти бузгандык үчүн жоопкерчилик
17.1. Жалпы жоболор.
Бул Тартиптин талаптарын бузууда күнөөлүү адамдар бул Тартипке жана ага карата тиркемелерге ылайык жоопкерчилик тартат.
17.2. Жоопкерчиликтин негиздери жана түрлөрү.
17.2.1. Негиздер болуп төмөнкүлөр саналат: бул Тартипти, КРнын мыйзамдарын, САПнын талаптарын бузуу, зыяратчылардын укуктарын жана коопсуздугун бузуу, коррупциялык көрүнүштөр.
17.2.2. Жоопкерчиликтин түрлөрү: тартиптик, жарандык-укуктук, административдик, кылмыш-жаза.
17.3. Умра операторлорунун жана коштоочу адамдардын жоопкерчилиги.
Жоопкерчиликтин төмөнкү түрлөрү колдонулат: эскертүү, ишти убактылуу чектөө, аккредитацияны токтото туруу же кайтарып алуу, ажылык жана умраны уюштурууга катышуудан четтетүү, реестрлерден чыгаруу.
18-глава. Корутунду жана өтмө мезгилге тиешелүү жоболор
18.1. Өзгөчө учурда колдонуу.
18.2.1. Бул Тартип күчүнө кирген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын жарандарынын ажылыгы менен умрасын уюштуруу анын талаптарына ылайык гана жүзөгө ашырылат.
18.2.2. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, умра операторлору, коштоочу адамдар жана ажылык жана умраны уюштуруу процесстеринин башка катышуучулары өз ишин бул Тартиптин талаптарына ылайык келтирүүгө милдеттүү.
18.3. Өтмө мезгил.
Бирдиктүү санариптик системаны, санариптик мониторинг механизмдерин, автоматташтырылган жол-жоболорду киргизүү үчүн өтмө мезгил белгилөөгө жол берилет. Киргизүү мезгилинде айрым процесстер кийинчерээк Бирдиктүү санариптик системага маалымат киргизүү милдеттүү түрдө аткарылган шартта айкалышкан форматта жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
18.4. Тартипке карата тиркемелер.
18.4.1. Ажылык жана умраны уюштуруу системасын өркүндөтүү максатында бул Тартипте каралган тиркемелерди, регламенттерди, методикаларды, техникалык талаптарды жана башка документтерди иштеп чыгууга жана бекитүүгө жол берилет.
18.4.2. Бул Тартиптин ажырагыс бөлүгү болуп төмөнкү тиркемелер саналат:
– Бирдиктүү санариптик системанын иштеши жөнүндө;
– ажылык жана умранын баасын түзүүнүн, бекитүүнүн жана контролдоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө;
– умра операторлорун аккредитациялоо жөнүндө;
– зыяратчылардын кайрылууларын кароо жөнүндө;
– ажылык жана умраны уюштуруунун бирдиктүү санариптик системасынын иштеши жөнүндө;
– Кыргыз Республикасынын жарандарынын ажылыгы менен умрасын уюштурууда конкурстук жол-жоболорду жүргүзүү жөнүндө;
– коштоочу адамдарды даярдоо, сертификациялоо жана аларга жол берүү жөнүндө;
– башка жол-жоболук маселелер жөнүндө.
18.5. Жөнгө салынбаган маселелерди чечүү.
18.5.1. Бул Тартип менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, САПнын талаптарына жана Ведомстволор аралык комиссиянын өз компетенциясынын чегинде кабыл алган чечимдерине ылайык чечилет.
18.5.2. Бул Тартиптин талаптарынын аткарылышын контролдоо дин иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Ведомстволор аралык комиссия менен бирге, алардын компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылат.
18.6. Умра жөнүндө келишимдерге карата колдонуу.
18.6.1. 9-главанын жоболору бул Тартип күчүнө кирген күндөн кийин түзүлгөн умраны уюштуруу боюнча бардык келишимдерге карата колдонулат. Зыяратчы менен умра операторунун ортосундагы талаш-тартыштар сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет, ал эми макулдашуу жетишилбегенде — умра операторунун жайгашкан жери боюнча сот тартибинде же Ведомстволор аралык комиссияда (сотко чейинки кароо) чечилет.
| № 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына (Ажылык жана Умра) зыярат кылуусун уюштуруу жана өткөрүү |
Зыяратчылардын кайрылууларын кароо жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1.1. Колдонуу чөйрөсү.
Тартиптин ушул тиркемеси ажылык жана умраны уюштуруу маселелери боюнча зыяратчылардын, зыяратчылыкка талапкерлердин, ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн кайрылууларын берүү, каттоо жана кароо эрежелерин белгилейт.
1.2. Негизги түшүнүктөр.
Кайрылуу – зыяратчынын сунушу, арызы, даттануусу же өтүнүчү.
Арыз ээси – кайрылуу менен кайрылган Кыргыз Республикасынын жараны, же анын мыйзамдуу өкүлү.
Даттануу – бузулган укукту калыбына келтирүү же зыянды ордуна толтуруу жөнүндө талап.
Ыйгарым укуктуу органдар – КМДБ, Ведомстволор аралык комиссия, дин чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Оперативдик штаб (ажылык мезгилинде), умра операторлору.
1.3. Кароо принциптери.
Кайрылууларды кароо мыйзамдуулук, теңдик, калыс мамиле, жетүүгө мүмкүнчүлүк, өз убагында кароо жана чараларды кабыл алуунун милдеттүүлүгү принциптеринин негизинде жүргүзүлөт. Арыз ээсин кайрылуу берүүгө байланыштуу басмырлоого тыюу салынат.
1.4. Кайрылуу тили.
Кайрылуулар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилинде берилет.
2-глава. Кайрылуулардын түрлөрү
2.1. Кайрылуулар төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:
— маалыматтык (түшүндүрмө алуу жөнүндө өтүнүч);
— каттоо тартибине тиешелүү (кезекке кошуу, маалыматтарды тактоо жөнүндө);
— каржылык (төлөм, каражатты кайтаруу жөнүндө);
— кызматтардын сапатына карата даттануулар;
— кызмат адамдарынын аракети же аракетсиздигине карата даттануулар;
— өзгөчө кырдаалдар (өмүргө жана ден соолукка коркунуч);
— жумушту жакшыртуу боюнча сунуштар.
2.2. Кайрылуулардын дарекчилери:
— Каттоо жана электрондук кезек маселелери боюнча – КМДБга.
— Умра операторунун аракеттери боюнча – адегенде умра операторуна, андан кийин КМДБга.
— Коштоочу адамдын аракети боюнча – КМДБга.
— САП аймагындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча – Оперативдик штабга.
— Коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча – дин чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
2.2.1. Кайрылууда көрсөтүлгөн маселелер кайрылууну алган органдын компетенциясына кирбеген учурларда, кайрылууну караган орган үч жумушчу күндүн ичинде аны таандыгы боюнча жөнөтөт жана бул жөнүндө арыз ээсине билдирет.
Караштуулук эмес деген негизде кароодон баш тартууга жол берилбейт.
3-глава. Кайрылууларды берүү тартиби
3.1. Кайрылуу берүү ыкмалары:
3.1.1. Кайрылууну төмөнкү ыкмалар менен берүүгө болот:
— Бирдиктүү санариптик система аркылуу (жеке кабинет);
— жазуу жүзүндө өзү же почта аркылуу;
— электрондук почта аркылуу;
— ишеним телефону же жеке кабыл алуу учурунда оозеки түрдө.
3.1.2. Ажылык мезгилинде кошумча түрдө Оперативдик штабдын күнү-түнү бою иштеген ишеним телефону жана мессенджер каналдары (WhatsApp, Telegram) иштейт.
3.2. Кайрылуунун мазмуну.
3.2.1. Кайрылууда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү зарыл: арыз ээсинин фамилиясы, аты, атасынын аты; байланыш маалыматтары (телефон же электрондук почта); зыяратчынын каттоо номери (бар болсо); кайрылуунун маани-мазмуну, жагдайлар жана талаптар көрсөтүлүп; датасы.
3.2.2. Даттануу үчүн ким жөнүндө даттанылып жатканы да көрсөтүлүшү жана аны тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү тиркелиши керек.
3.2.3. Аноним кайрылуулар (фамилиясы жана байланышы жок) каралбайт, бирок алар жасалуучу кылмыш жөнүндө маалымат камтыган учурларда каралат.
3.3. Берүү мөөнөттөрү.
3.3.1. Каттоо жана кезек боюнча – чектөөсүз. Кызматтардын сапаты боюнча (умра) – сапардан кийин 30 күндүн ичинде. Кызматтардын сапаты боюнча (ажылык) – кайтып келгенден кийин 45 күндүн ичинде. Каржылык талаш-тартыштар – үч жылдын ичинде.
3.3.2. Өзгөчө кырдаалдар – дароо.
4-глава. Кайрылууларды каттоо жана кароо мөөнөттөрү
4.1. Кайрылууну каттоо.
Бардык кайрылуулар Бирдиктүү санариптик системада келип түшкөн күнү катталат. Ар бир кайрылууга өзгөчө номер берилет (ОБР-ЖЖЖЖ-XXXXX). Арыз ээси кайрылуу катталганы жөнүндө билдирмени бир жумушчу күндүн ичинде алат.
4.2. Кайрылуу каралбай калган учурлар.
4.2.1. Кайрылуу төмөнкү учурларда каралбай калат: ал аноним болсо (кылмыштын белгилери жок учурда); тексти окулбай турган болсо; уят сөздөр же кордоо камтылса; маселе мурда каралган болуп, жаңы аргументтер жок болсо.
4.2.2. Кайрылуу каралбай калганы жөнүндө арыз ээсине беш жумушчу күндүн ичинде, себептери көрсөтүлүп, билдирилет.
4.3. Кароо мөөнөттөрү.
4.3.1. Маалыматтык кайрылуулар – 10 жумушчу күн (узартууга жол берилбейт). Каттоо тартибине тиешелүү арыздар – 15 жумушчу күн (10 күнгө чейин узартылат). Кадимки даттануулар – 20 жумушчу күн (15 күнгө чейин узартылат). Татаал даттануулар – 30 жумушчу күн (15 күнгө чейин узартылат). Сунуштар – 30 жумушчу күн (15 күнгө чейин узартылат). Өзгөчө кырдаалдар – дароо, 2 саатка чейин. Умра операторуна карата даттануулар – 15 жумушчу күн (10 күнгө чейин узартылат).
4.3.2. Мөөнөттүн узартылганы жөнүндө арыз ээсине мөөнөт бүткөнгө чейин кеминде үч жумушчу күн калганда билдирилет.
5-глава. Кайрылууларды кароо алгоритми
5.1. Кайрылууну алуу жана андан ары кароо учурунда, кайрылууну алган орган баяндалган фактыларды текшерет, керектүү документтерди талап кылат, зарыл болсо арыз ээси менен жолугушуу өткөрөт, Бирдиктүү санариптик системада санариптик издин катталышын камсыз кылат жана негизделген жоопту даярдайт.
5.2. Умра операторуна карата даттануу келип түшкөндө КМДБ операторго суроо-талап жөнөтөт. Оператор беш жумушчу күндүн ичинде жооп берүүгө милдеттүү. Олуттуу укук бузуунун белгилери болгондо Ведомстволор аралык комиссия текшерүү убагында операторддун аккредитациясын токтото алат.
5.3. Ажылык мезгилинде, ажылыктын башталышына чейинки бир ай ичинде жана ажылык бүткөндөн кийинки 15 күн ичинде, өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда кайрылууларды кароонун тездетилген тартиби колдонулат.
Кайрылуулар Оперативдик штаб тарабынан тыным албай каралат. Чечим эки сааттын ичинде кабыл алынат. Зарыл болсо, Оперативдик штаб Кыргыз Республикасынын САПдагы элчилигине дароо маалымдайт.
6-глава. Кайрылуунун жыйынтыгы боюнча чечимдер
6.1. Кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алуу мүмкүн:
— толугу менен канааттандыруу жөнүндө;
— жарым-жартылай канааттандыруу жөнүндө;
— түшүндүрмө берүү жөнүндө (укук бузуу фактысы тастыкталбаган учурда);
— канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө;
— талапты канааттандыруусуз башка чараларды көрүү жөнүндө (укук бузуу болгон, бирок талап ыйгарым укуктардын чегинен чыккан учурда).
6.2. Көрүлүүчү чаралар:
— каттоо учурунда ката кетирилген болсо – маалыматтарды оңдоо;
— кезектен мыйзамсыз чыгарылган болсо – каттоо датасын сактоо менен кайра калыбына келтирүү;
— негизсиз төлөм болгон болсо – акча каражатын 15 жумушчу күндүн ичинде кайтаруу;
— умра оператору сапатсыз кызмат көрсөткөн болсо – жарым-жартылай кайтарым жана умра операторуна эскертүү берүү;
— коштоочу адамдын тарабынан укук бузуу болгон болсо – аны кызматтан четтетүү жана коштоочу адамдардын реестринен чыгарып салуу;
— умра оператору тарабынан олуттуу укук бузуу болгон болсо – аккредитациясын кайтарып алуу демилгеси көтөрүлөт.
Кабыл алынган чечим жөнүндө арыз ээсине кайрылуу берилген учурда тандалган ыкма аркылуу билдирилет.
7-глава. Чечимдерге даттануу тартиби
7.1. Арыз ээси анын кайрылуусу боюнча чыгарылган чечимге, ошондой эле органдын аракетсиздигине (мөөнөттөрдү бузуу, кароодон баш тартуу) даттанууга укуктуу.
7.2. Даттануу тартиби жана мөөнөттөрү.
7.2.1. Умра операторунун чечими – КМДБга.
7.2.2. КМДБнын чечими Ведомстволор аралык комиссияга даттанылат.
7.2.3. Ведомстволор аралык комиссиянын чечими – дин чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
Даттануу жоопту алган күндөн тартып 30 календарлык күндүн ичинде берилиши мүмкүн. Өткөрүлгөн мөөнөт ылайыктуу себеп болгондо (оорулоо, ушуну тастыктоочу документтер бар болсо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары болгон учурда) калыбына келтирилет.
7.3. Даттануу кайрылуу берилген тартипте берилет. Даттанууга алгачкы кайрылуунун көчүрмөсү жана ага берилген жооптун көчүрмөсү тиркелиши керек.
7.4. Жогору турган орган даттанууну 15 жумушчу күндүн ичинде карайт. Кошумча текшерүү зарыл болсо, мөөнөт арыз ээсине билдирилип, 30 жумушчу күнгө чейин узартылышы мүмкүн.
7.5. Жогору турган орган төмөнкүлөргө укуктуу:
— чечимди өзгөртпөй калтыруу, даттанууну канааттандыруусуз калтыруу;
— чечимди толугу менен же бир бөлүгүн жокко чыгаруу жана жаңы чечим кабыл алуу;
— кайрылууну төмөн турган органга кайра карап чыгуу үчүн жөнөтүү.
8-глава. Кайрылууларды кароо тартибин бузгандыгы үчүн
жоопкерчилик
8.1. Өзгөчө учурларда электрондук кезекке кайра калыбына келтирүүгө жол берилет. Эгерде зыяратчы кезектен мыйзамсыз чыгарылган болсо, ал каттоо датасынын тастыктамасы жана скриншоттор тиркелген даттанууну берет. Чечим Бирдиктүү санариптик системадагы санариптик издин негизинде кабыл алынат.
8.2. Умра операторунун менен каржылык талаш-тартыш келип чыкканда. Даттанууга умра операторунун менен түзүлгөн келишим, төлөм документтери жана оператор менен болгон жазышуунун көчүрмөсү тиркелиши керек. Укук бузуу тастыкталганда умра оператору акча каражатын 15 жумушчу күндүн ичинде кайтарууга милдеттүү.
Баш тартылган учурда – КМДБ аккредитацияны кайтарып алуу демилгесин көтөрөт жана материалдарды сотко жөнөтөт.
8.3. Мүмкүн болуучу коррупциялык фактылар жөнүндө даттанылган кайрылуулар дароо дин чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана укук коргоо органдарына өткөрүлүшү керек. Арыз ээсине бул жөнүндө билдирилет.
Кайталанган кайрылуулар. Эгерде кайталанган кайрылуу мурда каралган кайрылуудагы эле аргументтерди камтыса, ал каралбайт, бул жөнүндө арыз ээсине беш жумушчу күндүн ичинде билдирилет. Жаңы аргументтери бар кайрылуу жалпы тартипте каралат.
8.4. Бирдиктүү санариптик система кайрылуулардын санын, мөөнөттөрдүн сакталышын, кароонун жыйынтыктарын жана арыз ээлеринин канааттануусун автоматтык түрдө байкоого алат. КМДБ ар чейректе кайрылуулар менен иштөө боюнча отчётту Ведомстволор аралык комиссияга берет.
8.5. Кароо мөөнөттөрүн бузгандыгы, негизсиз баш тартуу, чындыкка туура келбеген жооп берүү, жеке маалыматтарды жайылтуу же зыяратчылардын укуктарынын бузулушун жашыруу үчүн кызмат адамдары Ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен аныкталган жоопкерчиликти тартат.
8.6. Эгерде даттануу канааттандырылып, арыз ээсине материалдык же моралдык зыян келтирилген болсо, ал Кыргыз Республикасынын граждандык мыйзамдарында белгиленген тартипте зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.
9. Кайрылууларды кароо боюнча ушул Тиркемени аткаруу үстүнөн контролдук дин чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Ведомстволор аралык комиссия менен биргеликте жүзөгө ашырылат.
| № 2-тиркеме Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына (Ажылык жана Умра) зыярат кылуусун уюштуруу жана өткөрүү |
Ажылыктын жана умранын баасын калыптандыруунун,
бекитүүнүн жана анын үстүнөн контролдоонун өзгөчөлүктөрү
жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Тиркеме Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына (мындан ары — САП) ажылык жана умра жасоосу үчүн кызматтар пакетинин баасын калыптандыруунун, эсептеп чыгуунун, бекитүүнүн, жарыялоонун жана анын үстүнөн контролдоонун бирдиктүү тартибин белгилейт.
1.2. Ушул Жобо зыяратчылыктын баасынын ачык-айкындуулугун жана экономикалык негизделгендигин камсыз кылууга; зыяратчылардын укуктарын баанын негизсиз жогорулатылышынан жана жашыруун төлөмдөрдөн коргоого; зыяратчылыкты уюштурууга катышкандардын бардыгы үчүн бирдей шарттарды түзүүгө; коррупциялык схемаларды жана ортомчулук үстөк баанын алынышын жокко чыгарууга; ошондой эле баа калыптандыруунун бирдиктүү методологиясын түзүүгө багытталган.
1.3. Ушул Тартипте төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
Ажылыктын/умранын баасы (кызматтар пакети) – зыяратчыга зыяратчылыкты жасоо үчүн көрсөтүлүүчү кызматтардын жалпы баасы, ушул Жободо аныкталган бардык милдеттүү жана кошумча элементтерди камтыйт.
Баанын эсеп-кысабы – ар бир чыгашалар тиби көрсөтүлгөн кызматтар пакетинин өздүк наркынын кеңири эсеби.
Базалык кызматтар пакети – ажылык же умра жасоо үчүн зарыл болгон кызматтардын минималдуу милдеттүү жыйындысы.
Кошумча кызматтар – базалык пакетке кирбеген, зыяратчыга өз ыктыяры менен өзүнчө төлөм негизинде көрсөтүлүүчү кызматтар (мисалы, ыңгайлуу шарттары жакшы мейманкана) ж.б.
Уюштуруучунун чыгашалар сметасы – КМДБнын (ажылык үчүн) же умра операторунун зыяратчылыкты уюштуруу боюнча пландаштырылган чыгашаларын камтыган документ.
2-глава. Баа калыптандыруу принциптери
2.1. Ажылыктын жана умранын баасын калыптандыруу төмөнкү принциптерге негизделет.
Ачык-айкындуулук принциби – баанын структурасы жөнүндө толук жана жетүүгө мүмкүн болгон маалымат ар бир зыяратчыга берилиши керек.
Экономикалык негизделгендик принциби – баа рыноктук шарттарга ылайык келип, документтер (жабдуучулар менен түзүлгөн келишимдер, эсеп-кысаптар, конкурстук сунуштар) менен тастыкталышы керек.
Теңдик принциби – бир категориядагы бардык зыяратчылар үчүн базалык пакеттин баасы бирдей белгиленет (тери түсү, улуту, жынысы, жашы, жашаган региону же башка белгилери боюнча басмырлоого жол берилбейт).
Туруктуулук принциби – баа келишим түзүлгөн учурда катталат жана уюштуруучу тарабынан бир тараптуу түрдө жогорулатылууга жатпайт.
Жашыруун төлөмдөргө жол берилбестик принциби – салыктарды, жыйымдарды, комиссияларды кошуп алганда бардык чыгашалар жарыяланган баага кошулушу керек. Келишимде каралбаган кошумча төлөмдөрдү жайында алуу тыюу салынат.
Санариптик каттоо принциби – баанын эсеп-кысабы Бирдиктүү санариптик системада өзгөчө номер берилип, милдеттүү түрдө катталат.
2.2. Баанын структурасы
Зыяратчылыктын (ажылыктын) баасы чыгашалардын төрт негизги топторунан түзүлөт.
Биринчи топ – түз чыгашалар, ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен аныкталат. Буларга кирет: транспорттук чыгашалар (авиаперелет); жашоо-жай чыгашалары (Меккедеги, Мединадагы мейманканалар, Минадагы жана Арафаттагы чатыр шаарчалары); тамактануу чыгашалары; виза жана консулдук жыйымдар; медициналык камсыздандыруу жана вакцинация; САП аймагында трансфер жана ички транспорт; коштоочу адамдардын эмгек акысына кеткен чыгашалар (САПда болуу мезгилине тиешелүү бөлүгүндө).
Экинчи топ – КМДБнын ишин камсыз кылуу чыгашалары (административдик-башкаруу чыгашалары), ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен аныкталат. Буларга кирет: ажылыкты уюштурууга катышкан КМДБнын административдик-башкаруу персоналынын жана Ведомстволор аралык комиссия мүчөлөрүнүн эмгек акысына чыгашалар (эмгек акыга чегерилген төлөмдөрдү кошуп); САПнын Ажылык жана умра министрлиги менен сүйлөшүүлөр учурунда, ошондой эле ажылык мезгилинде КМДБнын кызматкерлеринин жана Ведомстволор аралык комиссия мүчөлөрүнүн иш сапар чыгашалары (суткалык, жашоо-жай, транспорт) («коштоо» катары түз чыгашаларга кирген чыгашаларды кошпогондо); зыяратчылыкты уюштуруу үчүн пайдаланылган КМДБнын кеңсе жайларын ижарага алуу жана кармоо чыгашалары (ажылык үчүн пропорциялуу түрдө бөлүштүрүлгөн бөлүгүндө); байланыш, интернет, кеседе тиричилик жабдуулары жана канцелярдык буюмдар чыгашалары; юридикалык жана бухгалтердик колдоо чыгашалары; зыяратчылардын каражаттарын топтоо үчүн пайдаланылган эсептердин банктык тейлөөгө чыгашалары; негизги каражаттардын амортизациясы жана учурдагы ремонт чыгашалары; ошондой эле документ менен тастыкталган жана ажылыкты уюштурууга таандык болгон башка административдик-башкаруу чыгашалары.
Үчүнчү топ – уюштуруу-техникалык чыгашалар, ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен аныкталат. Буларга кирет: санариптик колдоо чыгашалары (мобилдик колдонмо, идентификациялык билериктер, Бирдиктүү санариптик системаны колдоо); коштоочу адамдарды даярдоо жана инструктаждоо чыгашалары (окутуу, сертификациялоо, окуу материалдары); полиграфия жана эскертме материалдарын даярдоо чыгашалары; зыяратчылардын жыйналыштарын өткөрүү чыгашалары; ошондой эле КМДБнын административдик-башкаруу ишине тиешелүү болбогон башка уюштуруу чыгашалары.
Төртүнчү топ – топтоо фонду, ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен аныкталат. Топтоо фонду күтүлбөгөн чыгашаларды жана өзгөчө кырдаалдарды (форс-мажор, валюта курсунун кескин өзгөрүшү, каралбаган жыйымдар, шашылыш медициналык эвакуация) каржылоого арналган. Топтоо фондунун пайдаланылбаган каражаттары комиссиянын чечими боюнча гана өзгөчө кырдаалдар жаралганда пайдаланылышы мүмкүн.
3-глава. Ажылыктын баасын калыптандыруу тартиби
3.1. Ажылыкка кызматтардын базалык пакети.
Ажылыкка кызматтардын базалык пакети милдеттүү түрдө төмөнкү позицияларды камтыйт.
Аба каттам – «Бишкек – Жидда/Мадина – Бишкек» багыты боюнча эконом-класс (Ведомстволор аралык комиссия менен макулдашуу аркылуу альтернативдик туташтыруучу рейстерине жол берилет), жок дегенде 30 килограмм жүк ташуу укугу менен.
Меккеде жашоо-жай – Аль-Харам мечитинен алыстыгы 2 километрден ашпаган, же кепилденген шаттл-трансфери бар, категориясы 3 жылдыздан төмөн болбогон мейманкана.
Мединада жашоо-жай – Пайгамбардын мечитинен алыстыгы 1,5 километрден ашпаган, категориясы 3 жылдыздан төмөн болбогон мейманкана.
Минада жашоо-жай – аба тазалоо системалары менен жабдылган стандарттык чатырлары бар чатыр шаарчасы.
Арафатта жашоо-жай – аба тазалоо системасы жана суу менен камсыз кылынган чатырлар.
Муздалифада жашоо-жай – уюштурулган турак жай; чатырлуу жашоо-жай жок болгон учурда түнөтүү үчүн минималдуу жыйынды камсыз кылынат.
Тамактануу – Арафатта туруу жана Муздалифада түнөтүү күндөрүн эске албаганда, болуунун бүт мезгили үчүн күнүнө үч жолу тамактануу; ал күндөрдө суу жана азыктардын минималдуу жыйыны берилет.
Виза тариздөө – консулдук жыйымды жана виза борборунун кызматтарын камтыган ажылык-виза.
Трансферлер – Жидда же Мадина аэропортунда тосуп алуу жана узатуу, Мекке – Мадина – Жидда багыттары боюнча трансфер, ошондой эле ибадаттарды аткаруу жайларына трансферлер.
Ибадат күндөрүндөгү транспорт – маршруттар боюнча транспорттук тейлөө: Мекке – Мина – Арафат – Муздалифа – Мина – Мекке.
Медициналык камсыздандыруу – САПда дарылануу чыгашаларын жабуучу суммадагы камсыздандыруу полиси.
Вакцинация – САП Саламаттык сактоо министрлигинин учурдагы талаптарына ылайык милдеттүү эмдөөлөр.
Коштоо – бир коштоочуга 45 зыяратчыдан ашык болбогон эсеп менен топко коштоочу адамды дайындоо.
Санариптик колдоо – маршрут, график жана шашылыш байланыш номерлери жөнүндө маалымат камтыган мобилдик колдонмого жетүүнү камсыз кылуу, ошондой эле зыяратчынын маалыматтары менен идентификациялык билерик же карта берүү.
3.2. Ажылыктын баасын эсептеп чыгуу тартиби.
3.2.1. Баа калыптандыруу этаптары:
Биринчи этап – рыноктук баалардын мониторинги (ажылыктын башталышына 8 ай калганда жүргүзүлөт). КМДБ Бишкек – Жидда/Мадина багыты боюнча авиабилеттердин учурдагы баасын (кеминде үч авиакомпаниядан сунуштарды чогултуу менен); Меккеде, Мединада, Минада жана Арафатта мейманканаларга жайгаштыруу баасын (категориялары боюнча); тамактанууга, САПда транспорттук кызматтарга баага; виза тариздөө баасына; медициналык камсыздандыруу баасына талдоо жүргүзөт.
Экинчи этап – жабдуучуларды конкурстук тандоо (ажылыктын алдында 7 ай калганда жүргүзүлөт). Тартиптин 8-главасында белгиленген конкурстук жол-жоболордун жыйынтыгы боюнча: авиаташуучу жана топко билеттин баасы; мейманканалар (категориясы, бир кишиге эсептегендеги бөлмөнүн баасы); транспорттук компания жана ташуу баасы; тамактануу боюнча жабдуучу (зарыл болсо) аныкталат.
Үчүнчү этап – өздүк наркты эсептеп чыгуу (ажылыктын алдында 6 ай калганда жүргүзүлөт). КМДБ бир зыяратчыга карата АКШ доллары менен төмөнкү чыгашалар боюнча эсеп-кысап жүргүзөт: конкурстун жыйынтыгы боюнча авиаперелет (барып-келүү); Меккеде жашоо-жай (түн санын бир түндүн баасына көбөйтүү); Мединада жашоо-жай (түн санын бир түндүн баасына көбөйтүү); Минада, Арафатта жана Муздалифада жашоо-жай үчүн белгиленген туруктуу тарифтер; тамактануу (күн санын бир күндүн тамактануу баасына көбөйтүү); виза жыйымы жана кызматтары (чыныгы баасы боюнча); конкурстун жыйынтыгы боюнча трансферлер жана транспорт; конкурстун жыйынтыгы боюнча медициналык камсыздандыруу; чыныгы баасы боюнча вакцинация; коштоочу адамдарга төлөм жана иш сапар чыгашалары (топтогу зыяратчылардын санына бөлүштүрүлүп); уюштуруу чыгашалары (байланыш, санариптик кызматтар); түз чыгашалар суммасынын 2 пайызы өлчөмүндөгү топтоо фонду, ушул тартипке ылайык башка чыгашалар. Ажылыктын акыркы баасы көрсөтүлгөн бардык чыгашалардын суммасы катары аныкталат.
Төртүнчү этап – бекитүү жана каттоо (ажылыктын алдында 5 ай калганда жүргүзүлөт). Эсептелген баа Ведомстволор аралык комиссия менен макулдашылат, Кыргыз Республикасынын Муфтийи тарабынан бекитилет, Бирдиктүү санариптик системада катталат жана зыяратчылар үчүн жарыяланат.
3.3. Ажылыктын чектик баасы.
Ведомстволор аралык комиссия жыл сайын ажылыктын базалык пакетинин баасын белгилейт. Баа мониторинг маалыматтары боюнча орточо алынган баа (ар бир кызмат боюнча кеминде үч жабдуучу) кошумча негизделген уюштуруу чыгашалары кошумча топтоо фонду катары эсептелет.
3.4. Ажылыктагы кошумча кызматтар.
Зыяратчы базалык пакеттен ашык кошумча кызматтарды сатып алууга укуктуу. Бул кызматтарга кирет: жакшыртылган категориядагы мейманкана (4 же 5 жылдыз), чыныгы баанын айырмасын кошумча төлөө менен; адамдардын саны азыраак бөлмөгө жайгаштыруу, мейманкананын прайс-баасына ылайык кошумча төлөм менен; жекече трансфер (учуудан 30 күн калгандан кечиктирбей берилген арыз боюнча); макулдашылган график боюнча экскурсиялык программа (зыярат); VIP-коштоо (ибадаттарда жекече коштоо). Кошумча кызматтардын баалары КМДБ тарабынан бекитилет жана келишимге өзүнчө тиркеме катары жарыяланат.
4-глава. Умранын баасын калыптандыруу тартиби
4.1. Умрага кызматтардын базалык пакети.
Умрага кызматтардын базалык пакети (минималдуу стандарттар) милдеттүү түрдө төмөнкү позицияларды камтыйт.
Аба каттам – «Бишкек — Жидда/Мадина — Бишкек» багыты боюнча эконом-класс (туташтыруучу рейстерине жол берилет).
Меккеде жашоо-жай – Аль-Харам мечитинен алыстыгы 3 километрден ашпаган, категориясы 3 жылдыздан төмөн болбогон мейманкана.
Мединада жашоо-жай – категориясы 3 жылдыздан төмөн болбогон мейманкана (сапар программасында Мадина каралган болсо).
Виза тариздөө – умра-виза (көп жолку же бир жолку).
Трансферлер – аэропортто тосуп алуу жана узатуу, ошондой эле Мекке — Мадина багыты боюнча трансфер (программада Мадина каралган болсо).
Медициналык камсыздандыруу – зыяратчынын дарылануусун жабууга жетиштүй суммадагы камсыздандыруу полиси.
Коштоо – оператордун байланыш адамын камсыз кылуу (10 кишиден ашык топ болгондо – коштоочу адамды дайындоо).
Санариптик колдоо – шашылыш кызматтардын байланыш маалыматтары камтылган эскертме берүү, инструкциялар жана маалыматтык ресурстарга жетүү.
4.2. Умранын баасын калыптандыруу тартиби
4.2.1. Умра оператору өз кызматтарынын баасын өз алдынча калыптандырат.
4.2.2. Баанын эсеп-кысабы кызматтар пакетин ишке ашыруу башталганга чейин Бирдиктүү санариптик системада милдеттүү түрдө жарыяланышы керек.
4.2.3. Пакеттин баасына Ведомстволор аралык комиссия тарабынан белгиленген уюштуруу жыйымы кошулат.
4.2.4. Зыяратчы базалык пакеттен ашык кошумча кызматтарды сатып алууга укуктуу. Бул кызматтарга кирет: жакшыртылган категориядагы мейманкана (4 же 5 жылдыз), чыныгы баанын айырмасын кошумча төлөө менен.
4.3. Умра операторунун эсеп-кысабы.
Умра оператору зыяратчыга төмөнкү чыгашалар АКШ доллары же Кыргыз Республикасынын сому менен көрсөтүлгөн баанын кеңири эсеп-кысабын берүүгө (жана Бирдиктүү санариптик системада каттоого) милдеттүү: авиакомпаниянын брондоосун тастыктоо менен авиабилет (барып-келүү); мейманканалардын брондоосун тастыктоо менен Меккеде жашоо-жай (түн саны бир түндүн баасына көбөйтүлүп); программада каралган болсо, мейманкананын брондоосун тастыктоо менен Мединада жашоо-жай; ташуучу менен түзүлгөн келишимди тастыктоо менен трансферлер; консулдуктун квитанциясы тиркелген виза кызматтары; полистин көчүрмөсү менен медициналык камсыздандыруу; коштоо жана уюштуруу чыгашалары (эсептик ыкма); материалдык чыгымдар, эмгек акы чыгымдары, мыйзамдарга ылайык салык, социалдык төлөмдөр, үстөк чыгашалар, башка чыгымдар жана оператордун сый акысы. Акыркы баа көрсөтүлгөн бардык чыгашалардын суммасы катары аныкталат.
5-глава. Төлөм тартиби жана каржылык кепилдиктер
5.1. Төлөм валютасы.
Келишимде курс өзгөргөн учурда кайра эсептөө үчүн негиз катары АКШ доллары менен баа милдеттүү түрдө көрсөтүлөт. Ажылыктын жана умранын баасы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында (сомдо) чагылдырылат. Сомдо төлөө учурунда төлөм жүргүзүлгөн күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу колдонулат.
5.2. Төлөмдөрдү киргизүү тартиби (ажылык).
Ажылыкты уюштурууда төмөнкү төлөм тартиби белгиленет.
Электрондук кезекте каттоо этабында зыяратчы баанын кеминде 10 пайызын төлөйт.
Квота тастыкталганда (ажылыктын башталышына 4 ай калганда) зыяратчы мурда төлөгөн биринчи төлөмдү эске алуу менен баанын 50 пайызына чейин толуктайт.
Учуу күнүнө 60 күн калганда зыяратчы баанын 100 пайызына чейин толук төлөйт.
5.3. Төлөмдөрдү киргизүү тартиби (умра).
Умраны уюштурууда төмөнкү төлөм тартиби белгиленет.
Келишим түзүлгөндө (виза тастыкталганга чейин) зыяратчы баанын 30 пайызынан ашык эмес суммасын төлөйт.
Виза тастыкталгандан кийин (бирок учуу күнүнө 45 күн калганга чейин эмес) зыяратчы баанын 70 пайызына чейин кошумча төлөйт.
Учуу күнүнө 14 күн калганда зыяратчы баанын 100 пайызын төлөйт.
5.4. Акча каражатын кайтаруу шарттары
Зыяратчы төмөнкү тартипте акча каражатын кайтаруу менен сапардан баш тартууга укуктуу.
Учуу күнүнө 60 күндөн ашык калганда баш тартылган учурда зыяратчыга уюштуруучу документ менен тастыктаган чыныгы кеткен чыгашаларды чегерип, баанын 100 пайызы кайтарылат.
Учуу күнүнө 30дан 59 күнгө чейин калганда баш тартылган учурда баанын 70 пайызы кайтарылат.
Учуу күнүнө 15ден 29 күнгө чейин калганда баш тартылган учурда баанын 50 пайызы кайтарылат.
Учуу күнүнө 5ден 14 күнгө чейин калганда баш тартылган учурда баанын 25 пайызы кайтарылат.
Учуу күнүнө 5 күндөн азыраак калганда баш тартылган учурда, виза уюштуруучу тарабынан дагы берилбегенде жана виза үчүн каражат САПга дагы которулбаганда, кайтарылбайт.
Виза жана квота төлөмдөрүнө карата өзгөчө шарт. САПнын ыйгарым укуктуу органдары ажылык-визаны же умра-визаны тастыктаган учурда, ошондой эле ажылыкка бөлүнгөн квота тастыкталган учурда, зыяратчы виза тариздөөгө жана квота жыйымдарына төлөгөн сумма кайтарылбайт. Бул виза жана (же) квота тастыкталгандан кийин тиешелүй каражаттар САПга кайтарылгыс түрдө которулушу жана берилген виза жокко чыгарылууга жана кайтарылууга жатпагандыгы менен түшүндүрүлөт. Көрсөтүлгөн эреже зыяратчынын сапардан баш тартуу мөөнөтүнө карабастан колдонулат. Уюштуруучу (КМДБ же умра оператору) келишимде виза тастыкталгандан кийин кайтарылбай турган виза жыйымынын жана квота төлөмдөрүнүн өлчөмүн өзүнчө сап менен көрсөтүүгө милдеттүү.
Сапарды зыяратчыга тиешелүй болбогон себептер (рейстердин жокко чыгарылышы, чек аралардын жабылышы, САПнын квотасынын жокко чыгарылышы жана башка форс-мажордук жагдайлар) боюнча уюштуруучунун (КМДБнын же умра операторунун) демилгеси менен сапар жокко чыгарылган учурда, зыяратчыга жокко чыгарылган күндөн тартып 30 жумушчу күндүн ичинде баанын 100 пайызы кайтарылат, бирок виза жана квота үчүн САПга кайтарылгыс түрдө которулган суммалар буга кирбейт. Соңку учурда баанын калган бөлүгү кайтарылат. Зыяратчы учуу күнүнө чейин дүйнөдөн кайткан учурда, мурас алуучуларга өлүм жөнүндө күбөлүк берилген күндөн тартып 30 жумушчу күндүн ичинде баанын 100 пайызы кайтарылат, бирок виза жана квота үчүн (зыяратчы дүйнөдөн кайткандан мурда виза тастыкталган болсо) САПга кайтарылгыс түрдө которулган суммалар буга кирбейт.
Уюштуруучунун милдети. Уюштуруучу (КМДБ же умра оператору) зыяратчы менен түзгөн келишимде виза жана (же) квота тастыкталгандан кийин кайтарылбай турган виза жыйымынын жана квота төлөмдөрүнүн өлчөмүн өзүнчө сап менен көрсөтүүгө милдеттүү. Уюштуруучу ошондой эле зыяратчынын талабы боюнча САПга каражат которулганын тастыктаган документтерди (төлөм тапшырмасы, САПнын Ажылык жана умра министрлигинин тастыктамасы жана башка документтер) берүүгө милдеттүү.
5.5. Каржылык кепилдиктер.
5.5.1. Ажылыкты уюштурууга багытталган зыяратчылардын каражаттары башка максаттарда пайдаланылбай турган КМДБнын өзүнчө банктык эсебинде топтолот.
5.5.2. Умра операторлору зыяратчылардын каражаттарын номиналдык эсепте (эскрого) жайгаштырууга же 500 000 сомдон кем болбогон суммада (же умра боюнча пландаштырылган жылдык жүгүртүүнүн 10 пайызы, эгерде ал сумма чоңураак болсо) банктык кепилдик берүүгө милдеттүү.
5.5.3. Ажылыктын баасынын 2 пайызы өлчөмүндөгү топтоо фонду ушул тартипте каралган учурлардан башкача жумшалууга жатпайт.
5.5.4. КМДБ жана умра операторлору сатылып алынган кызматтарга тиешелүй бөлүгүндө милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн зыяратчылардын алдында чогуу жана жекече жоопкерчилик тартат.
6-глава. Зыяратчыларга баа жөнүндө маалымдоо
6.1. Зыяратчы үчүн милдеттүү маалымат.
Келишим түзүлгөнгө чейин зыяратчы баа жөнүндө төмөнкү маалымат менен таанышышы керек: кызматтар пакетинин толук баасы (сандар жана сөз менен); ар бир чыгаша түрү көрсөтүлгөн кеңири эсеп-кысап; төлөө шарттары жана тартиби; акча каражатын кайтаруу шарттары; баага кирген кызматтардын тизмеси; баага кирбеген кызматтардын тизмеси (бар болсо); кошумча кызматтардын баалары (бар болсо).
6.2. Баанын жарыяланышы тартиби.
6.2.1. Ажылыктын баасы Бирдиктүү санариптик системада, КМДБнын расмий сайтында, республикалык маалымат каражаттарында, ошондой эле мобилдик колдонмо аркылуу милдеттүү түрдө жарыяланат.
6.2.2. Умра операторлору өз баасын өз расмий сайттарында, ошондой эле Бирдиктүү санариптик системада жарыялоого милдеттүү.
6.3. Маалымдоодо тыюу салынган практикалар.
Зыяратчыларга баа жөнүндө маалымдоодо төмөнкүлөргө тыюу салынат:
салыктарды, жыйымдарды жана милдеттүү төлөмдөрдү эске албай баа көрсөтүү (анын ичинде деталдаштыруусуз «баасы ... дан» же «базалык баа» деген сыяктуу формулировкаларды колдонуу);
динамикалык баа калыптандыруу механизмдерин колдонуу (келишим тариздеп жатканда баанын жогорулатылышы);
келишимде каралбаган кошумча төлөмдөрдү жайында алуу;
сапардан баш тартуу жана акча каражатын кайтаруу шарттары жөнүндө маалыматты жашыруу же бурмалоо.
7-глава. Баа калыптандыруу тартибинин сакталышын контролдоо
7.1. Алдын ала контролдоо.
Ажылыктын баасынын эсеп-кысабы зыяратчылардан төлөмдөрдү кабыл алуу башталганга чейин Ведомстволор аралык комиссия менен милдеттүү түрдө макулдашылышы керек.
Умранын баасынын эсеп-кысабы Бирдиктүү санариптик системада өзгөчө номер берилип катталышы керек.
7.2. Мониторинг жана текшерүүлөр.
Дин чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Ведомстволор аралык комиссия менен биргеликте баанын негизделгендигин пландуу түрдө (жылына кеминде бир жолу) текшерүүгө, зыяратчылардын даттанууларынын негизинде пландан тышкары текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле чыныгы кеткен чыгашалардын жарыяланган эсеп-кысапка ылайык келишин талдоого укуктуу.
7.3. Бузуу үчүн жоопкерчилик.
Ушул Жобонун талаптарын бузуу Тартиптин 16-главасына ылайык жоопкерчиликти тартат, анын ичинде: документ менен негизделбестен баанын жогорулатылышы үчүн – жогорулатылган суммадан үч эсе көп өлчөмдөгү айып пул жабыр тарткан зыяратчынын пайдасына; келишимде каралбаган жашыруун төлөмдөрдү киргизгендиги үчүн – умра операторлорунун реестринен бир жылга чейинки мөөнөткө чыгарып салуу; зыяратчыга эсеп-кысапты бербегендиги же эсеп-кысапты Бирдиктүү санариптик системада каттоодон баш тартканы үчүн – бузуу жоюлганга чейин умра операторунун аккредитациясын токтотуу.
8-глава. Корутунду жоболор
8.1. Чектик баанын кайра каралышы.
Ажылыктын баасы Ведомстволор аралык комиссия тарабынан жыл сайын, зыяратчылык башталганга чейин 6 айдан кечиктирилбестен кайра каралат.
8.2. Мурда түзүлгөн келишимдерди ылайыкташтыруу.
Ушул Тартип күчүнө киргенге чейин түзүлгөн келишимдер күчүн сактайт. Мындай келишимдерге өзгөртүүлөр киргизилгенде (сапар даталарынын өзгөртүлүшү, кызматтардын алмаштырылышы, зыяратчылардын санынын өзгөртүлүшү) алар ушул Жободун талаптарына ылайык келтирилиши керек.
8.3. Корутунду жоболор.
Ушул Тартип менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына (Ажылык жана Умра) зыярат кылуусун уюштуруу жана өткөрүү тартибине ылайык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
| № 3-тиркеме Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына (Ажылык жана Умра) зыярат кылуусун уюштуруу жана өткөрүү |
Умра операторлорун аккредитациялоо жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Тартип төмөнкүлөрдү белгилейт:
— Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына (мындан ары — САП) умра жасоосун уюштуруу боюнча ишмердикти жүргүзүүгө талапкер болгон юридикалык жактарга карата талаптар;
— аккредитациялоо жөнүндө арыздарды берүү жана кароо тартиби;
— аккредитациядан баш тартуунун, аны токтотуунун, кайра калыбына келтирүүнүн жана кайтарып алуунун негиздери;
— аккредитацияланган умра операторлорунун укуктары жана милдеттери;
— умра операторлорунун реестрин жүргүзүү тартиби.
1.2. Аккредитация Кыргыз Республикасынын аймагында умраны уюштуруу боюнча ишмердикти жүргүзүүнүн милдеттүү шарты болуп саналат. Иштеп турган аккредитациясы жок умраны уюштурууга тыюу салынат.
1.3. Ушул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
Умра операторунун аккредитациясы — Ажылык жана умраны уюштуруу маселелери боюнча Ведомстволор аралык комиссия (мындан ары — Комиссия) тарабынан жүзөгө ашырылуучу юридикалык жактын умраны уюштуруу боюнча ишмердикке расмий жол берилиши жол-жобосу.
Умра операторлорунун реестри — ажылык жана умраны уюштуруунун Бирдиктүү санариптик системасынын ажырагыс бөлүгү болгон, аккредитацияланган операторлордун бирдиктүү автоматташтырылган маалымат базасы;
Каржылык кепилдик — зыяратчылардын алдында милдеттенмелердин аткарылбоосунун тобокелдиктерин жабууну камсыз кылган банктык кепилдик же камсыздандыруу депозити;
Квалификациялык талаптар — умра оператору аккредитацияны алуу жана сактап калуу үчүн жооп бериши керек болгон шарттардын жыйындысы.
2-глава. Аккредитацияга талапкерге карата талаптар
2.1. Аккредитациялоо жол-жобосуна жол берилишинин милдеттүү шарты — ушул главанын бардык талаптарына жооп берүү.
2.2. Уюштуруучулук-укуктук талаптар.
2.2.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак катары катталган болуу (жеке ишкер эмес).
2.2.2. Арыз берилген учурда туристтик же диний кызматтар рыногунда иштеп жаткан мөөнөтү — кеминде 2 (эки) жыл болушу керек.
2.2.3. Арыз берилген учурда төмөнкүлөргө жол берилбейт:
— жетекчиде жана уюштуруучуларда (катышуучуларда) экономикалык, коррупциялык же башка кылмыштар үчүн алынбаган же жоюлбаган соттолгондук болуусу;
— милдеттенмелердин аткарылышына коркунуч жараткан жоюу, банкроттук же кайра уюштуруу жол-жобосунун жүрүшү.
2.2.4. Штатта же жарандык-укуктук келишим боюнча тиешелүү сертификат же билим жөнүндө диплом менен тастыкталган араб же англис тилин билген кеминде бир кызматкердин болушу.
2.3. Каржылык талаптар.
2.3.1. Төмөнкү түрлөрдүн биринде каржылык кепилдик (арыз ээсинин тандоосу боюнча):
Банктык кепилдик: минималдуу суммасы — 500 000 сом, аракети мөөнөтү — кеминде 12 ай. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы бар банк тарабынан берилген;
Камсыздандыруу депозити: минималдуу суммасы — 500 000 сом, аракети мөөнөтү — умра операторунун аккредитация мезгили. Ыйгарым укуктуу банктагы өзүнчө эсепте жайгаштырылат.
2.3.2. Каржылык кепилдик төмөнкү максаттарга арналган:
— оператор тарабынан милдеттенмелер аткарылбаган же тиешелүү түрдө аткарылбаган учурда зыяратчыларга акча каражатын кайтаруу үчүн;
— зарыл болгон учурда зыяратчыларды шашылыш репатриациялоону каржылоо үчүн.
2.3.3. Каржылык туруктуулуктун документ менен тастыкталышы (Комиссиянын талабы боюнча):
— акыркы отчёттук мезгил үчүн бухгалтердик баланс;
— акыркы 6 ай үчүн эсеп боюнча жүгүртмө жөнүндө банктан алынган маалымкат.
2.4. Материалдык-техникалык талаптар.
2.4.1. Умра операторунун төмөнкүлөрдү камтыган расмий сайтынын болушу:
— оператордун толук аталышы, каттоо маалыматтары, ИНН;
— байланыш телефондору, электрондук почта дареги, физикалык дареги;
— мейманканалардын категорияларын, тамактанууну, трансферлерди көрсөтүү менен умранын типтик программалары;
— коомдук офертанын келишими жана акча каражатын кайтаруу тартиби.
2.4.2. Зыяратчылардын шашылыш байланышы үчүн күнү-түнү бою иштеген ишеним телефонунун болушу.
2.4.3. САПдагы кабыл алуучу тарап менен келишимдердин (алкактык макулдашуулардын) болушу, анын ичинде:
— САПнын Ажылык жана умра министрлиги тарабынан макулдашылган мейманканалар;
— САПнын лицензиясы бар транспорттук компаниялар;
— САПда аккредитациядан өткөн медициналык камсыздандыруу компаниялары.
2.4.4. Зыяратчылар менен иштөө үчүн кеңсе жайдын болушун тастыктаган документтер (ижара келишими же менчик укугу жөнүндө күбөлүк).
2.5. Умра операторунун беделине карата талаптар:
Акыркы 3 жылдын ичинде төмөнкүлөрдүн жоктугу:
— олуттуу укук бузуулар үчүн лицензиянын же аккредитациянын (кандай чөйрөдө болбосун) кайтарылып алынган фактылары;
— зыяратчыларга зыянды ордуна толтуруу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечимдери;
— кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ак ниетсиз катары реестрине киргизилгендиги.
Кыргыз Республикасында жана САПда таанылган диний бирикмеден сунуш катынын берилиши (бар болсо, артыкчылык катары эске алынат).
3-глава. Аккредитациялоо жол-жобосу
3.1. Аккредитациялоону өткөрүү мөөнөттөрү.
3.1.1. Аккредитацияга арыздарды кабыл алуу календарлык жылдын ичинде үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
3.1.2. Арызды кароо жана чечим кабыл алуу мөөнөтү — документтердин толук пакети катталган күндөн тартып 30 (отуз) жумушчу күн.
3.2. Аккредитация алуу үчүн документтердин тизмеси.
3.2.1. Аккредитацияны алуу үчүн талапкер Бирдиктүү санариптик система аркылуу (же кагаз түрүндө Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына) Ведомстволор аралык комиссияга төмөнкү документтерди берет:
3.2.2. Белгиленген форма боюнча арыз (9.5-пункт).
3.2.3. Уюштуруу документтери (күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр): устав, юридикалык жактын каттоо жөнүндө күбөлүгү, Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө.
3.2.4. Каржылык документтер: банктык кепилдиктин же камсыздандыруу депозити жөнүндө келишимдин көчүрмөсү, салыктар жана жыйымдар боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалымкат.
3.2.5. Кадрлар жөнүндө документтер: кызмат орундары көрсөтүлгөн кызматкерлердин тизмеси, араб же англис тилин билгендиги жөнүндө дипломдордун жана сертификаттардын көчүрмөлөрү.
3.2.6. САПдагы кабыл алуучу тарап менен келишимдер (же тастыкталган өнөктөштүк макулдашуулар): мейманкана менен (мөөнөттөрү, категориясы, бөлмөлөрдүн саны), транспорттук компания менен, медициналык камсыздандыруу келишими (полистин үлгүсү).
3.2.7. Комиссия тарабынан бекитилген типтик формага ылайык зыяратчы менен түзүлүүчү келишимдин үлгүсү.
3.2.8. Жетекчинин жана уюштуруучулардын соттолгондугу жоктугу жөнүндө маалымкат.
3.2.9. КМДБнын сунуш каты (бар болсо, артыкчылык катары эске алынат).
3.2.10. Уюштуруу жыйымын төлөөгө даяр экендиги жана тартипте каралган бардык талаптарды аткаруу жөнүндө белгиленген форма боюнча, арыз ээсинин мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлгөн расмий макулдугу жана милдеттенмеси.
3.3. Документтерди берүү жана каттоо тартиби
3.3.1. Документтер Бирдиктүү санариптик система аркылуу электрондук түрдө берилет.
3.3.2. КМДБ документтердин толуктугун 5 жумушчу күндүн ичинде алдын ала текшерет.
3.3.3. Документтер толук эмес болгон учурда КМДБ жетпеген маалыматтарды берүү жөнүндө негизделген суроо-талап жөнөтөт. Кемчиликтерди жоюу мөөнөтү — 10 жумушчу күн. Берилбеген учурда арыз каралбай кайтарылат.
3.4. Арызды Комиссия тарабынан кароо
3.4.1. Документтердин толук пакетин алгандан кийин КМДБ аларды Комиссиянын кароосуна өткөрөт.
3.4.2. Комиссия 20 жумушчу күндүн ичинде:
— берилген маалыматтардын чындыгын текшерет;
— КРнын ыйгарым укуктуу органдарына (ИИМ, МСК, МККБ — зарыл болсо) суроо-талаптарды жөнөтөт;
— (факультативдик түрдө) талапкердин жетекчиси менен жолугушуу өткөрөт.
3.4.3. Аккредитациялоо же баш тартуу жөнүндө чечим жыйналышка катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет.
3.4.4. Добуштар тең болгон учурда жыйналышка төрагалык кылган адамдын добушу чечүүчү болуп саналат.
3.5. Чечим кабыл алуу
3.5.1. Аккредитациялоо жөнүндө чечим төмөнкүлөрдү камтыйт:
— оператордун аталышы, анын каттоо маалыматтары;
— аккредитациянын аракет мөөнөтү;
— көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси (умраны бардык аспектилерде уюштуруу: визалык колдоо, авиабилеттер, жайгаштыруу, транспорт, тамактануу, медициналык камсыздандыруу, коштоо).
3.5.2. Баш тартуу жөнүндө чечим негизделген болушу жана ушул Тартиптин жоболоруна шилтеме менен конкреттүү негиздерди камтышы керек.
3.5.3. Чечим талапкерге 3 жумушчу күндүн ичинде Бирдиктүү санариптик система аркылуу жана расмий электрондук дарекке жөнөтүлөт.
3.6. Аккредитациянын аракет мөөнөтү жана узартуу
3.6.1. Аккредитация 1 жылга берилет.
3.6.2. Аккредитацияны узартуу төмөнкү шарттарда жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт:
— аккредитацияны мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн негиздердин жоктугу;
— узартуу жөнүндө арыздын мөөнөтү бүтөргө 30 күн калгандан кечиктирилбестен берилиши;
— бардык талаптардын (каржылык кепилдик, САП менен келишимдер ж.б.) сакталган бойдон калгандыгынын тастыкталышы.
3.6.3. Узартуу 1 жылга жүргүзүлөт. Узартуулардын саны чектелбейт.
4-глава. Аккредитациядан баш тартуунун негиздери
4.1. Комиссиянын аккредитациядан баш тартуусунун негиздери:
1. Ушул Тартиптин 2-главасынын талаптарына жооп бербөө.
2. Чындыкка туура келбеген же жасалма документтердин берилиши (кайталанган арыз 1 жылдан эрте берилбейт).
3. Талапкердин акыркы 2 жылдын ичинде аккредитациясы кайтарылып алынган оператордор менен байланышы бар экендиги, эгерде кайтарылып алуу алдамчылык, зыяратчыларга зыян келтирүү же жасалма визаларды колдонуу менен байланышкан болсо.
4. Зыяратчылардын пайдасына акча каражатын чогултуу жөнүндө аткарылбаган сот чечимдеринин болушу.
5. Акыркы 3 жылдын ичинде талапкердин ак ниетсиз кызмат көрсөтүүчүлөр реестрине (кандай ишмердик чөйрөсүндө болбосун) киргизилгендиги.
4.2. Аккредитациядан баш тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
5-глава. Умра операторлорунун реестри
5.1. Умра операторлорунун реестри.
5.1.1. Умра операторлорунун реестри Бирдиктүү санариптик системанын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана дин чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча КМДБ тарабынан жүргүзүлөт.
5.1.2. Реестр КМДБнын расмий сайтында жана Бирдиктүү санариптик системада ачык жетимдүүлүктө жайгаштырылат.
5.2. Умра операторлорунун реестринде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
— толук жана кыскартылган аталышы, ИНН;
— аккредитация берилген дата жана аракет мөөнөтү;
— байланыш маалыматтары (телефон, электрондук почта, сайт);
— аккредитациянын токтотулушу, кайра калыбына келтирилиши же кайтарылып алынышы жөнүндө маалымат (негизи көрсөтүлүп);
— оператордун рейтинги (зыяратчылардын пикирлеринин жана текшерүүлердин жыйынтыктарынын негизинде мониторинг боюнча түзүлөт).
5.3. Реестрге өзгөртүүлөр Комиссия тиешелүү чечим кабыл алгандан тартып 3 жумушчу күндүн ичинде киргизилет.
6-глава. Аккредитацияны токтотуу
6.1. Аккредитация Комиссия тарабынан төмөнкү учурларда 14 күндөн 12 айга чейинки мөөнөткө токтотулушу мүмкүн:
1. Бир календарлык жылдын ичинде зыяратчылардан тиешелүү текшерүү менен тастыкталган эки жана андан ашык негизделген даттануунун болушу.
2. Акча каражатын кайтаруу тартибинин бузулушу (себепсиз 30 күндөн ашык кечиктирилиши).
3. Зыяратчыларды САПнын Ажылык жана умра министрлиги тарабынан макулдашылбаган мейманканаларга жайгаштыруу (документ менен тастыкталган).
4. Колдонуудагы каржылык кепилдиктин жоктугу (мөөнөтү бүткөндө же узартылбаганда).
5. Аныкталган бузуулардыy белгиленген мөөнөттө жоюу жөнүндө Комиссиянын буйрутмасынын аткарылбаганы.
6.2. Токтотуу жөнүндө чечим Комиссия тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде кабыл алынат:
— КМДБнын кайрылуусу;
— зыяратчынын даттануусу;
— пландуу же пландан тышкары текшерүүнүн жыйынтыктары.
6.2.1. Токтотулган мезгилде оператор төмөнкүлөргө укуксуз:
— зыяратчылар менен жаңы келишим түзүүгө;
— алдын ала төлөмдү кабыл алууга;
— аккредитацияны узартуу жөнүндө арыз берүүгө.
6.2.2. Оператор мурда түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарууга милдеттүү (зыяратчыларды жөнөтүү же акча каражатын кайтаруу).
6.3. Аккредитацияны кайра калыбына келтирүү.
6.3.1. Аккредитация токтотуу үчүн негиз болгон бузуулар жоюлгандан кийин Комиссиянын чечими менен кайра калыбына келтирилет.
6.3.2. Оператор Комиссияга тастыктоочу документтер менен кайра калыбына келтирүү жөнүндө арыз берет. Кароо мөөнөтү — 10 жумушчу күн.
7-глава. Аккредитацияны кайтарып алуу
7.1. Аккредитация Комиссия тарабынан төмөнкү учурларда 3 айдан 5 жылга чейинки мөөнөткө кайтарылып алынышы (жокко чыгарылышы) мүмкүн:
1. Умраны уюштуруу үчүн жасалма визалардын же башка жасалма документтердин колдонулгандыгы фактыларынын аныкталышы.
2. Келишим түзүүдө алдамчылык кылуу (маанилуу шарттарды жашыруу, белгиленген чектик деңгээлден ашык баанын жогорулатылышы, зыяратчыларды алдоо).
3. Зыяратчыларды САП аймагында коштоосуз калтыруу (документ менен тастыкталган учурда).
4. Умра операторунун күнөөсү боюнча зыяратчынын ден соолугуна оор зыян келтирилиши (мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечими бар болсо).
5. Негиздерине карабастан аккредитациянын (2 жылдын ичинде) кайра токтотулушу.
6. Юридикалык жак жоюлганда же ал банкрот деп таанылганда.
7. Зыяратчыларды Бирдиктүү системада каттоодон качуу жана зыяратчылардын чыныгы санын жашырууга аракет кылуу.
8. Зыяратчылардын акча каражатын кайтаруу боюнча милдеттенмелерден качуу.
7.2. Аккредитацияны кайтарып алуу төмөнкү кесепеттерге алып келет:
— Аккредитацияны кайтарып алуу жөнүндө маалымат реестрге киргизилет жана ачык жетимдүүлүктө жарыяланат.
— Оператор умраны уюштуруу боюнча ишмердикти жүргүзүү укугунан ажырайт.
— Аткарылбаган келишимдери бар бардык зыяратчыларга акча каражаты (чыныгы кеткен, документ менен тастыкталган чыгашаларды чегерип) 30 календарлык күндүн ичинде кайтарылат.
7.2.4. Каражат жетишсиз болгондо, Комиссия тарабынан белгиленген тартипте каржылык кепилдик колдонулат.
7.2.5. Аккредитацияга кайталанган арыз кайтарылып алынуу (жокко чыгарылуу) мөөнөтү бүтмөйүнчө берилбейт.
8-глава. Аккредитацияланган оператордун укуктары жана
милдеттери
8.1. Аккредитацияланган оператор төмөнкүлөргө укуктуу:
— Кыргыз Республикасынын аймагында умраны уюштуруу боюнча ишмердикти жүргүзүүгө;
— зыяратчылар менен келишим түзүүгө;
— КМДБдан жана Комиссиядан САПнын талаптарынын өзгөрүшү жөнүндө маалымат алууга;
— Комиссиянын чечимдерине белгиленген тартипте даттанууга.
8.2. Оператордун милдеттери.
8.2.1. Зыяратчы менен келишим түзүлгөнгө чейин:
— зыяратчыны эскертме менен (эрежелер, коопсуздук чаралары, шашылыш кызматтардын байланыштары) колу менен (электрондук түрдө — жеке кабинет аркылуу) тааныштырыш;
— кызматтардын чыныгы баасын KGS сом же АКШ доллары менен берүү;
— акча каражатын кайтаруу тартибин түшүндүрүү.
8.2.2. Учуудан 30 күн калганда зыяратчыга төмөнкүлөрдү берүү:
— сапар программасы;
— САПдагы коштоочу адамдын байланыш маалыматтары;
— САПда болуу эрежелери жана коопсуздук чаралары жөнүндө маалымат;
— КРнын САПдагы элчилигинин дареги жана телефондору.
8.2.3. Камсыз кылуу:
— зыяратчыларды САП аэропорттордо тосуп алуу жана узатуу;
— шашылыш байланыш үчүн күнү-түнү бою иштеген ишеним телефону;
— САПнын Ажылык жана умра министрлиги тарабынан макулдашылган мейманканаларга жайгаштыруу.
8.2.4. Зыяратчылар менен болгон ар кандай өзгөчө кырдаалдар жөнүндө КМДБга жана Комиссияга 12 сааттын ичинде маалымдоо.
8.2.5. Зыяратчы менен ар бир келишимди Бирдиктүү санариптик системада өзгөчө номер берип каттоо.
8.2.6. КМДБга белгиленген форма боюнча отчёттуулук берүү (ар чейректе: жөнөтүлгөн зыяратчылардын саны, даттануулар, инциденттер).
8.2.7. Аккредитациянын бүт мезгилинде каржылык кепилдиктин жана САПдагы кабыл алуучу тарап менен келишимдердин актуалдуулугун сактоо.
9-глава. Корутунду жоболор
9.1. Ушул Тартип күчүнө киргенге чейин умраны уюштуруу боюнча иш жүргүзгөн юридикалык жактар Тартип күчүнө кирген күндөн тартып 60 календарлык күндүн ичинде аккредитацияга арыз берүүгө милдеттүү.
9.2. Аккредитация алынганга чейин көрсөтүлгөн жактар мурда түзүлгөн келишимдер боюнча сапарларды бүткөрүүгө укуктуу, бирок жаңы келишимдерди түзүүгө укуксуз.
9.3. Белгиленген мөөнөттө арыз берилбеген учурда аккредитациясыз андан аркы ишмердикке тыюу салынат.
9.4. Умра операторлору зыяратчылар менен болгон келишимдердин, төлөм документтеринин жана сапар документтеринин көчүрмөлөрүн сапар бүткөн күндөн тартып 3 жыл бою сактоого милдеттүү.
9.5. Кыргыз Республикасынын жарандарынын ажылык жана умраны уюштуруу маселелери боюнча Ведомстволор аралык комиссиясына аккредитация алуу жөнүндө арыздын формасы (үлгү):
УМРА ОПЕРАТОРУН АККРЕДИТАЦИЯЛОО ЖӨНҮНДӨ АРЫЗ
Юридикалык жактын толук аталышы: _________________________ Кыскартылган аталышы: _________________________ ИНН / ОКПО: _________________________ Юридикалык дареги: ________________________ Иш жүзүндөгү дареги: ________________________ Байланыш телефону, электрондук почта, сайт: _________________________ Жетекчи (Ф.И.А., кызмат орду): ________________________ Уюштуруучулар (Ф.И.А., катышуу үлүшү): ________________________ Каржылык кепилдик жөнүндө маалымат: _________________________ САПдагы кабыл алуучу тарап менен келишимдердин болушу жөнүндө маалымат: _________________________ Кадрлар жөнүндө маалымат (араб/англис тилин билгендер): _________________________ Зыяратчылыкты уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө Жобонун жана ушул аккредитациялоо Тартибинин талаптарын сактоого милдеттенемин. Берилген маалыматтардын чындыгын тастыктайм.
Жетекчи: ______________ (кол тамга, аты-жөнү)
Дата: «___» __________ 20__ ж. М.О. |
| № 4-тиркеме Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына (Ажылык жана Умра) зыярат кылуусун уюштуруу жана өткөрүү тартибине |
Ажылык жана умра уюштуруунун Бирдиктүү санариптик
системасынын иштеши жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Тиркеме Кыргыз Республикасынын жарандарынын ажылык жана умра уюштуруунун Бирдиктүү санариптик системасынын (мындан ары – Бирдиктүү санариптик система же Система) иштеш тартибин, техникалык талаптарын, жетүү эрежелерин, каттоо жол-жоболорун, маалыматтарды коргоо механизмдерин, ошондой эле иштешинин башка жактарын белгилейт.
1.2. Бирдиктүү санариптик система ажылык жана умра уюштуруу процесстерин автоматташтырууга, санариптештирүүгө жана ачык-айкындыгын камсыз кылууга арналган милдеттүү мамлекеттик маалыматтык система болуп саналат. Системаны пайдалануу зыярат иш-аракетинин бардык катышуучулары үчүн милдеттүү.
1.3. Бирдиктүү санариптик система төмөнкү максаттарда түзүлгөн жана иштейт: каттоо жана орундарды бөлүштүрүү процесстеринин ачык-айкындыгын камсыз кылуу; коррупциялык көрүнүштөрдү жана ортомчулук схемаларын жоюу; ажылыкка электрондук кезекти түзүүнү автоматташтыруу; процесстердин катышуучуларынын бардык аракеттерин санариптик каттоо; зыяратчылардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо; жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу; зыярат иш-аракетинин мониторинги жана санариптик аудити; ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маалыматтык системалары менен интеграциялоо.
1.4. Бирдиктүү санариптик системанын иштеши Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Электрондук документ жана электрондук кол тамга жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Информатташтыруу жөнүндө» Мыйзамына, ажылык жана умра уюштуруунун негизги Тартибине, ушул Тиркемеге, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.
1.5. Ушул Тиркеменин максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат.
Бирдиктүү санариптик система (Система) – Кыргыз Республикасынын жарандарынын ажылык жана умра уюштуруусуна байланышкан маалыматтарды автоматташтырууну, каттоону, эсепке алууну, мониторингди, санариптик коштоону жана сактоону камсыз кылуучу маалыматтык система.
Жеке кабинет – авторизациядан өткөндөн кийин зыяратчыга, умра операторуна же коштоп жүрүүчү адамга жеткиликтүү болгон, Системанын функцияларына пайдалануучунун ролуна ылайык жетүүнү берүүчү Системанын жеке корголгон бөлүгү.
Санариптик из – Система тарабынан катталуучу, аракеттин убактысы, орду, мазмуну, ошондой эле аракетти жасаган пайдалануучу жөнүндө маалымат, анын ичинде түзмөк жана IP-дарек жөнүндө маалыматтарды кошкондо.
Электрондук кезек – зыяратчыларды каттоо кезектүүлүгүнүн тартибинде Система тарабынан түзүлүүчү, ажылыкты аткаруу үчүн орундарды удаалаш бөлүштүрүүнүн автоматташтырылган системасы.
Автоматташтырылган бөлүштүрүү – Система тарабынан адамдын катышуусуз, белгиленген алгоритмдердин негизинде жүзөгө ашырылуучу квоталарды жана орундарды бөлүштүрүү процесси.
Техникалык администратор – Системаны техникалык коштоого, модернизациялоого жана коопсуздугун камсыз кылууга ыйгарым укуктуу уюм.
Системанын Оператору – Системанын уюштуруучулук жана функционалдык толтурулушуна, маалыматтар менен толтурулушуна, маалыматтардын тууралыгын көзөмөлдөөгө жооптуу КМДБ.
1.6. Ажылык жана умраны Бирдиктүү санариптик системадан тышкары уюштурууга жол берилбейт. Зыяратчыларды каттоо, электрондук кезекти түзүү, квоталарды бөлүштүрүү, конкурстук жол-жоболорду өткөрүү, финансылык операциялар, коштоп жүрүүчү адамдарды эсепке алуу, кайрылууларды кароо, ошондой эле негизги Тартипте каралган башка процесстер бир гана Система аркылуу жүзөгө ашырылат.
Системанын иштешинин убактылуу техникалык мүмкүн эместиги же башка өзгөчө кырдаалдар учурлары өзгөчө учурлар болуп саналат. Мындай кырдаалдарда аракеттенүү тартиби Ведомстволор аралык комиссия тарабынан аныкталат жана жагдайлар келип чыккан учурдан тартып үч сааттын ичинде КМДБнын расмий сайтында жана Системада жарыяланат.
2-глава. Системанын архитектурасы жана ага коюлуучу техникалык
талаптар
2.1. Системанын архитектурасына коюлуучу талаптар:
2.1.1. Бирдиктүү санариптик система айрым подсистемаларды көз карандысыз өнүктүрүү жана модернизациялоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу модулдук архитектурага ээ болууга тийиш. Система маалыматтарды борборлоштуруп сактоо жана пайдалануучулардын ролдоруна ылайык бөлүштүрүлгөн жетүү принциптеринин негизинде курулууга тийиш.
2.1.2. Система зыяратчыларды массалык каттоо мезгилиндеги чокулук жүктөмдөрдү иштетүү үчүн горизонталдык масштабдоону камсыз кылууга тийиш. Системанын пайдалануучунун суроо-талабына жооп берүү убактысы кадимки режимде үч секунддан жана чокулук жүктөмдөр мезгилинде он секунддан ашпоого тийиш.
2.1.3. Системанын даярдык коэффициенти жылына убакыттын 99,5 пайызынан кем болбоого тийиш (жеткиликсиз болуунун жол берилген убактысы – жылына 44 сааттан ашпоого тийиш). Пландык техникалык тейлөө пайдалануучуларга беш жумуш күнүнөн кечиктирбестен милдеттүү түрдө алдын ала кабарлоо менен жүргүзүлөт.
2.2. Бирдиктүү санариптик система төмөнкү милдеттүү функционалдык модулдерди камтыйт:
- зыяратчыларды каттоо модулу;
- электрондук кезек модулу (ажылык үчүн);
- квоталарды бөлүштүрүү модулу;
- зыяратчылардын топторун түзүү модулу;
- финансылык операциялар модулу;
- конкурстук жол-жоболор модулу;
- коштоп жүрүүчү адамдарды эсепке алуу модулу;
- кайрылууларды кароо модулу;
- санариптик мониторинг жана аудит модулу;
- мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграциялоо модулу;
- аналитика жана отчеттуулук модулу.
2.3. Система төмөнкү техникалык талаптарга жооп берүүгө тийиш:
- Ишенимдүүлүк боюнча: маалыматтарды синхрондук репликациялоо менен маалыматтарды иштетүүчү резервдик борбордун болушу; негизги борбор иштебей калганда резервдик борборго автоматтык түрдө которулуу (которулуу убактысы – он беш мүнөттөн ашпоого тийиш); маалыматтарды суткасына кеминде бир жолу резервдик көчүрүү жана резервдик көчүрмөлөрдү кеминде отуз календардык күн сактоо.
2.3.1. Коопсуздук боюнча: маалыматтарды берүүдө 1.2 версиясынан төмөн эмес TLS протоколу боюнча шифрлөөнү колдонуу;
- жеке маалыматтарды шифрленген түрдө сактоо; администратор ролундагы пайдалануучулар жана КМДБнын ыйгарым укуктуу кызматкерлери үчүн эки факторлуу аутентификация;
- бардык аракеттерди системалык журналда жазууларды өчүрүү же оңдоо мүмкүн эместиги менен милдеттүү түрдө каттоо.
2.3.2. Жеткиликтүүлүк боюнча:
- веб-интерфейс жана мобилдик тиркеме аркылуу Системага күнү-түнү бою тынымсыз жетүүнү камсыз кылуу;
- акыркы версиядагы браузерлерди (Chrome, Firefox, Edge, Safari) колдоо; iOS жана Android операциялык системалары менен мобилдик түзмөктөрдө иштөө мүмкүнчүлүгү.
2.4. Бирдиктүү санариптик система ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маалыматтык системалары менен милдеттүү интеграцияланууга тийиш.
2.4.1. Интеграция төмөнкү системалар менен жүзөгө ашырылат: мамлекеттик каттоо кызматы (паспорттордун жана инсандыгын күбөлөндүргөн башка документтердин жарактуулугун текшерүү үчүн); Ички иштер министрлиги (соттуулуктун жана башка чектөөлөрдүн жоктугун текшерүү үчүн); Саламаттык сактоо министрлиги (зарыл болгондо медициналык каршы көрсөтмөлөрдү текшерүү үчүн); Мамлекеттик чек ара кызматы (чек арадан өтүү жөнүндө маалыматтар менен алмашуу үчүн); ошондой эле Ведомстволор аралык комиссиянын чечими боюнча башка системалар менен.
2.4.2. Интеграциялоо тартиби, маалыматтар менен алмашуу форматтары жана өз ара аракеттенүү регламенттери дин тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан санариптик өнүгүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте бекитилет.
2.5. Техникалык администратор техникалык коштоону, модернизациялоону, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууну, резервдик көчүрүүнү, иштеп жатышын мониторинг кылууну, ошондой эле бузулуулардан кийин Системаны калыбына келтирүүнү жүзөгө ашырат. Системанын техникалык администратору Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан аныкталат.
Техникалык администратор орундарды бөлүштүрүү алгоритмдерин өзгөртүүгө, электрондук кезекке кийлигишүүгө, маалыматтарга уруксатсыз жетүүнү берүүгө, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары маалыматтарды үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө укугу жок.
3-глава. Пайдалануучуларды каттоо жана системага жетүү
3.1. Бирдиктүү санариптик система пайдалануучулардын төмөнкү категорияларын карайт: зыяратчылар (ажылык же умра аткарууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары); умра операторлору (аккредитациядан өткөн юридикалык жактар); коштоп жүрүүчү адамдар (тандоодон жана сертификациядан өткөндөр); КМДБнын кызматкерлери (зыяратты уюштурууга жооптуу кызматкерлер); Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү; дин тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери; ошондой эле техникалык администраторлор.
3.2. Зыяратчыларды каттоо ыктыярдуу жана акысыз жүзөгө ашырылат.
Каттоо үчүн зыяратчы төмөнкү маалыматтарды берет:
- фамилиясын, атын жана атасынын атын (болгон учурда);
- туулган күнүн жана жерин;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандык күбөлүгүнүн номерин жана сериясын;
- чет өлкөлүк паспорттун номерин жана жарактуулук мөөнөтүн;
- байланыш телефон номерин жана электрондук почта дарегин;
- туруктуу жашаган жеринин дарегин.
3.2.1. Каттоодо Система берилген маалыматтарды мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграция аркылуу автоматтык режимде текшерет. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча зыяратчыга жеке кабинетке жетүү берилет же себептери көрсөтүлгөн негизделген баш тартуу жөнөтүлөт.
3.2.2. Каттоодон баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
- берилген маалыматтардын мамлекеттик маалыматтык системалардын маалыматтарына дал келбеши;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынын жоктугу;
- мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгууга тоскоол болгон жоюлбаган соттуулуктун болушу;
- ошол эле адамдын Системада катталгандыгынын болушу.
3.3. Умра операторун Системага каттоо тартиби.
3.3.1. Умра операторун Системага каттоо Ведомстволор аралык комиссиянын аккредитациялоо жөнүндө чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат. Каттоо үчүн оператор юридикалык жактын аталышы, анын каттоо жана банктык реквизиттери, ошондой эле Система менен өз ара аракеттенүүгө ыйгарым укуктуу адам жөнүндө маалыматтарды берет.
3.3.2. Умра операторуна зыяратчылар менен келишимдерди каттоого, сапарлар жөнүндө маалыматтарды киргизүүгө, отчеттуулукту берүүгө, ошондой эле КМДБдан жана Ведомстволор аралык комиссиядан кабарламаларды алууга мүмкүндүк берүүчү жеке кабинетке жетүү берилет.
3.4. Коштоп жүрүүчү адамды Системага каттоо тартиби.
Коштоп жүрүүчү адамды Системага каттоо Ведомстволор аралык комиссиянын талапкерди бекитүү жөнүндө чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат. Коштоп жүрүүчү адамга бекитилген зыяратчылар тобу жөнүндө маалыматтарды алууга, Оперативдик штабка оперативдик билдирүүлөрдү жөнөтүүгө, ошондой эле кабарламаларды жана көрсөтмөлөрдү алууга мүмкүндүк берүүчү жеке кабинетке жетүү берилет.
3.5. Пайдалануучуларды аутентификациялоо
3.5.1. Пайдалануучулардын жеке кабинеттерге жетүүсү ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы (Түндүк) аркылуу ырасталган эсептик жазууну колдонуу менен же күчөтүлгөн электрондук кол тамганы колдонуу менен (юридикалык жактар үчүн) аутентификациялоо аркылуу жүзөгө ашырылат. «Түндүк» системасында эсептик жазуусу жок зыяратчылар үчүн SMS-код аркылуу ырастоо менен мобилдик телефон номери боюнча каттоого жол берилет.
3.5.2. Эки факторлуу аутентификация пайдалануучулардын төмөнкү категориялары үчүн милдеттүү: бөлүштүрүүнү башкаруу функцияларына жетүүсү бар КМДБнын кызматкерлери; конкурстук комиссиялардын мүчөлөрү; техникалык администраторлор; ошондой эле умра операторлору (финансылык операцияларды жасоодо).
3.6. Система пайдалануучунун ролуна жараша жетүүнүн төмөнкү деңгээлдерин карайт:
3.6.1. Зыяратчынын Системага каттоого, электрондук кезектеги өз ордун көрүүгө (ажылык үчүн), жеке маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, сапардын наркы жана шарттары жөнүндө маалыматты көрүүгө, финансылык операцияларды жүзөгө ашырууга, кайрылууларды берүүгө, ошондой эле кабарламаларды жана кайрылууларга жоопторду көрүүгө жетүүсү бар.
3.6.2. Умра операторунун зыяратчылар менен келишимдерди каттоого, сапарлар жөнүндө маалыматтарды киргизүүгө, отчеттуулукту берүүгө, өз зыяратчыларынын реестрин көрүүгө, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардан кабарламаларды алууга жетүүсү бар.
3.6.3. КМДБнын кызматкеринин каттоону башкаруу функцияларына, кезекти мониторинг кылууга, топторду түзүүгө, маалыматтар менен толтуруу бөлүгүндө конкурстук жол-жоболорду өткөрүүгө, ошондой эле отчетторду даярдоого жетүүсү бар.
3.6.4. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсүнүн бардык процесстерди мониторинг режиминде көрүүгө (оңдоо укугусуз), отчетторго жана аналитикага, ошондой эле конкурстук жол-жоболордун материалдарына жетүүсү бар.
3.6.5. Техникалык администратордун Системанын иштеп жатышын камсыз кылууга, бузулууларды мониторинг кылууга, маалыматтарды резервдик көчүрүүгө жана калыбына келтирүүгө жетүүсү бар.
Техникалык администратор зыяратчылар жөнүндө жана орундарды бөлүштүрүү жөнүндө маалыматтарды оңдоого укугу жок.
4-глава. Зыяратчыларды каттоо жана электрондук кезек модулу
4.1. Ажылыкты аткаруу үчүн каттоо Кыргыз Республикасына квота бекитилгенден кийин жыл сайын ачылат. Каттоонун башталыш жана аяктоо даталары каттоо башталганга чейин отуз календардык күндөн кечиктирбестен Системада жана КМДБнын расмий сайтында жарыяланат.
4.1.1. Каттоо арыздар берилген сайын хронологиялык тартипте жүзөгө ашырылат. Ар бир катталган зыяратчыга автоматтык түрдө каттоо номери ыйгарылат жана каттоонун күнү менен убактысы секундага чейинки тактык менен катталат.
4.1.2. Каттоо аяктагандан жана берилген бардык маалыматтар текшерилгенден кийин зыяратчы автоматтык түрдө электрондук кезекке киргизилет. Кезектеги орун каттоонун күнү жана убактысы менен аныкталат. Электрондук кезекти түзүүгө, өзгөртүүгө же жылдырууга кол менен кийлигишүү категориялык түрдө тыюу салынат.
4.2. Электрондук кезекти түзүү механизми
Электрондук кезек Система тарабынан бир гана автоматтык режимде түзүлөт. Кезектүүлүк зыяратчыларды каттоонун удаалаштыгы менен аныкталат. Мында төмөнкү эрежелер сакталат:
- бир зыяратчы кезекте бир гана орунду ээлей алат;
- зыяратчы өз ордун башка адамга өткөрүп бере албайт;
- кезектен чыгаруу зыяратчынын өзүнүн арызы боюнча гана же зыяратты аткарууга тоскоол болгон жагдайлар аныкталганда (анык эмес маалыматтарды берүү, соттуулуктун болушу, медициналык каршы көрсөтмөлөр) гана мүмкүн.
4.3. Негизги тизме, резервдик тизме жана күтүү тизмеси
4.3.1. Система автоматтык түрдө зыяратчылардын негизги тизмесин (бекитилген квотанын чегинде), резервдик тизмесин (негизги тизмеден чыгып калган зыяратчыларды алмаштыруу үчүн) жана күтүү тизмесин (квота толгондон кийин катталган зыяратчылар) түзөт.
4.3.2. Негизги тизме кезекте биринчиден тартып квотанын көлөмүнө барабар номерге чейинки орундарды ээлеген зыяратчылардан түзүлөт. Резервдик тизме алардан кийинки зыяратчылардан кезектүүлүк тартибинде түзүлөт. Күтүү тизмеси калган бардык катталган зыяратчыларды камтыйт.
4.3.3. Зыяратчы негизги тизмеден чыгып калганда (кандай гана себеп болбосун) анын орду автоматтык түрдө резервдик тизмеден биринчи зыяратчы менен алмаштырылат. Зыяратчы резервдик тизмеден чыгып калганда анын орду күтүү тизмесинен кезеги боюнча кийинки зыяратчы менен алмаштырылат.
4.3.4. Зыяратчы толук же жарым-жартылай төлөм киргизгенден кийин негизги тизмеден чыгып калганда, Системанын Оператору, эгерде зыяратчы төлөнгөн каражаттарды кайтарууну талап кылса, төлөнгөн каражаттарды Система аркылуу кайтарууну баштоого милдеттүү. Зыяратчы каражаттарды кайтарууну талап кылбоого укуктуу, анын ордуна кийинки ажылык сезонуна кезекке киргизилүүсүн талап кыла алат. Резервдик тизмеден чыгып калган орунду алмаштыруучу зыяратчы кабарлама алган учурдан тартып Системанын Оператору тарабынан белгиленген мөөнөттүн ичинде толук төлөмдү жүргүзүүгө милдеттүү. Белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн учурда анын орду резервдик тизмеден кийинки зыяратчы менен алмаштырылат.
4.4. Умраны аткаруу үчүн каттоо умра квота менен чектелбегендиктен, электрондук кезек түзүлбөстөн жалпы негиздерде жүзөгө ашырылат. Зыяратчы Системада катталат, андан кийин каалаган аккредитациядан өткөн умра оператору менен келишим түзө алат.
4.5. Система ар бир маанилүү окуя жөнүндө зыяратчыга автоматтык түрдө кабарлайт: каттоонун ырасталышы, электрондук кезекке киргизилиши, негизги же резервдик тизмеге киргизилиши, кезектин жакындашы, төлөмдүн зарылдыгы, ошондой эле зыяратчынын статусундагы өзгөрүүлөр жөнүндө. Кабарламалар каттоодо көрсөтүлгөн зыяратчынын тандоосу боюнча жеке кабинет аркылуу, электрондук почта боюнча жана (же) SMS-билдирүү аркылуу жөнөтүлөт.
5-глава. Финансылык операциялар модулу
5.1. Финансылык операцияларга коюлуучу жалпы талаптар.
5.1.1. Ажылыкты төлөөгө байланышкан бардык финансылык операциялар Бирдиктүү санариптик системанын финансылык операциялар модулу аркылуу жүзөгө ашырылат. Төлөм банк картасын, электрондук капчыкты же Системада каралган башка ыкманы колдонуу менен нак эмес түрдө жүргүзүлөт.
5.1.2. Ажылыкты уюштурууда нак акча каражаттарын кабыл алууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түздөн-түз каралган учурлардан тышкары, тыюу салынат.
5.2. Ажылыкты төлөө тартиби.
5.2.1. Зыяратчы негизги тизмеге киргизилгенден кийин Система сумманы, төлөө мөөнөтүн жана реквизиттерди көрсөтүү менен төлөмдүн зарылдыгы жөнүндө кабарлама жөнөтөт. Төлөө мөөнөтү Системанын Оператору тарабынан белгиленет. Белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн учурда зыяратчы негизги тизмеден чыгарылат жана анын орду автоматтык түрдө резервдик тизмеден кийинки зыяратчы менен алмаштырылат. Мында төлөө мөөнөтүн бузгандыгы үчүн негизги тизмеден чыгарылган зыяратчы кайра каттоосуз кийинки жылга күтүү тизмесиндеги ордун сактайт, бирок алгачкы каттоонун датасы боюнча артыкчылыгын жоготот.
5.2.2. Төлөмдүн факты каражаттар КМДБнын атайын эсебине түшкөндө Система тарабынан автоматтык түрдө катталат. Зыяратчыга уникалдуу номери бар электрондук чек (квитанция) берилет.
5.3. Умраны төлөө тартиби.
5.3.1. Умраны төлөө зыяратчы тарабынан түздөн-түз умра операторуна Система аркылуу түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык жүзөгө ашырылат. Умра оператору каражаттар түшкөн учурдан тартып бир жумуш күнүнүн ичинде төлөмдүн фактысын Бирдиктүү санариптик системада каттоого милдеттүү. Система төлөмгө уникалдуу номер ыйгарат жана аны зыяратчынын келишими менен байланыштырат.
5.3.2. Умра оператору бир жумуш күнүнүн ичинде Системада төлөмдүн фактысын каттоо боюнча милдетин аткарбаган учурда, Система автоматтык түрдө Ведомстволор аралык комиссияга кабарлама жөнөтөт. Кайталап бузган учурда оператордун жеке кабинетке жетүүсү отуз календардык күнгө чейинки мөөнөткө бөгөттөлөт.
5.4. Акча каражаттарын кайтаруу негизги Тартипте жана келишимдин шарттарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Эскертүү. Зыяратчы төлөмдөн кийин негизги тизмеден чыгып калганда Системанын Оператору, эгерде зыяратчы төлөнгөн каражаттарды кайтарууну талап кылса, төлөнгөн каражаттарды Система аркылуу кайтарууну баштоого милдеттүү. Зыяратчы каражаттарды кайтарууну талап кылбоого укуктуу, анын ордуна кийинки ажылык сезонуна кезекке киргизилүүсүн талап кыла алат. Система кайтаруунун фактысын жана датасын каттайт. Кайтаруу мөөнөтү бузулган учурда зыяратчы Система аркылуу кайрылуу берүүгө укуктуу.
5.5. Система зыяратчыга кызматтардын наркы жөнүндө маалыматты чыгымдардын беренелери боюнча бөлүштүрүлгөн түрдө (авиакаттам, жайгаштыруу, транспорт, тамактануу, медициналык камсыздандыруу, коштоп жүрүүчү адамдардын кызматтары, уюштуруу жыйымдары, ошондой эле башка чыгымдар) жетүүнү берүү аркылуу финансылык операциялардын ачык-айкындыгын камсыз кылат. Төлөмдөн кийин наркты өзгөртүүгө жол берилбейт.
6-глава. Санариптик мониторинг жана аудит
6.1. Бирдиктүү санариптик системада жасалган бардык аракеттер санариптик из түзүү менен милдеттүү түрдө катталууга тийиш. Санариптик из аракеттин жасалган убактысы (секундага чейинки тактык менен), аракетти жасаган пайдалануучунун идентификатору, IP-дареги (веб-интерфейс аркылуу жасалган аракеттер үчүн), аракеттин түрү, аракеттин мазмуну (өзгөртүлгөн маалыматтар, кабыл алынган чечим), ошондой эле аракеттин жасалуу негизи (ченемдик актыга шилтеме, комиссиянын чечими, зыяратчынын арызы) жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
Санариптик издин жазуулары өчүрүлүүгө же оңдолууга тийиш эмес. Санариптик издин сактоо мөөнөтү беш жылдан кем эмес.
6.2. Система пайдалануучулардын аракеттеринин автоматтык мониторингин жана төмөнкү тобокелдиктерди жана бузууларды аныктоону жүзөгө ашырат:
- Системага уруксатсыз жетүү аракеттери;
- шектүү аракеттенүү (кирүүнүн көп жолу ийгиликсиз аракеттери, мүнөздүү эмес аракеттер);
- белгиленген тартиптен тышкары каттоо жана кезек жөнүндө маалыматтарды өзгөртүү;
- бир адамды бир нече жолу каттоо;
- шектүү реквизиттери бар финансылык операциялар;
- ошондой эле Ведомстволор аралык комиссия тарабынан аныкталган башка аракеттер.
Жогоруда көрсөтүлгөн аракеттер аныкталганда Система автоматтык түрдө КМДБга жана дин тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлама жөнөтөт. Бузуу ырасталганда негизги Тартипке ылайык чаралар көрүлөт.
6.3. Санариптик аудит.
6.3.1. Санариптик аудит – зыяратка байланышкан санариптик процесстерди жана маалыматтарды талдоо, текшерүү жана мониторинг кылуу боюнча иш-чаралардын комплекси. Пландык санариптик аудит жылына кеминде бир жолу жүргүзүлөт. Пландан тышкаркы санариптик аудит Ведомстволор аралык комиссиянын, дин тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же укук коргоо органдарынын чечими боюнча жүргүзүлөт.
6.3.2. Санариптик аудит санариптик издин толуктугун жана аныктыгын текшерүүнү, маалыматтардын өзгөрүүлөрүн талдоону (ким, качан, кандай негизде өзгөртүүлөрдү киргизген), бөлүштүрүүнүн автоматтык алгоритмдеринин туура иштешин текшерүүнү, пайдалануучулардын аракеттеринин белгиленген регламенттерге шайкештигин талдоону, ошондой эле Системага кийлигишүүнүн белгилерин аныктоону камтыйт.
6.3.3. Санариптик аудиттин жыйынтыгы боюнча акт түзүлөт, ал Ведомстволор аралык комиссияга жана дин тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт.
6.4. Маалыматтарга жетүүнү көзөмөлдөө
Система маалыматтарга жетүүнү пайдалануучунун ролуна ылайык чектөөнү камсыз кылат. Маалыматтарга болгон бардык суроо-талаптар жетүү журналында убактысын, пайдалануучусун жана суралган маалыматтардын көлөмүн көрсөтүү менен катталат.
Системадан алынган зыяратчылардын жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түздөн-түз каралган учурлардан же зыяратчынын жазуу жүзүндөгү макулдугу болгон учурдан тышкары, тыюу салынат.
7-глава. Кайрылууларды кароо модулу
7.1. Кайрылууларды кароо модулу кайрылууларды берүүнү, каттоону, компетенциясы боюнча автоматтык бөлүштүрүүнү, кароо мөөнөттөрүн көзөмөлдөөнү, арыз ээси менен кат алышууну жүргүзүүнү, кабыл алынган чечимдерди каттоону, ошондой эле кайрылуулар боюнча отчеттуулукту түзүүнү камсыз кылат.
7.2. Система аркылуу кайрылууларды берүү тартиби.
Зыяратчы электрондук форманы толтуруу менен жеке кабинет аркылуу кайрылуу берет. Система автоматтык түрдө кайрылууга уникалдуу номер ыйгарат, берилген күнүн жана убактысын каттайт, ошондой эле арыз ээсине каттоо жөнүндө кабарлама жөнөтөт. Кайрылуу Кайрылууларды кароо тартибинде белгиленген ведомстволук таандыктык эрежелерине ылайык компетенттүү органга автоматтык түрдө жөнөтүлөт.
7.3. Система ар бир кайрылуунун кароо мөөнөттөрүн автоматтык түрдө көзөмөлдөйт. Мөөнөт бүткөнгө чейин үч күн калганда Система жооптуу органга эскертүү жөнөтөт.
Кароо мөөнөтү бузулган учурда Система бузуу фактысын каттайт жана Ведомстволор аралык комиссияга жана дин тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлама жөнөтөт.
7.4. Система кайрылуулар менен иштөө жөнүндө чейректик отчетторду автоматтык түрдө түзөт, аларга категориялар боюнча түшкөн кайрылуулардын саны, канааттандырылган жана четке кагылган кайрылуулардын саны, ар бир категория боюнча кароонун орточо узактыгы, кароо мөөнөттөрүн бузуулардын саны, ошондой эле типтүү бузууларды талдоо жана өркүндөтүү боюнча сунуштар кирет.
8-глава. Жеке маалыматтарды коргоо
8.1. Бирдиктүү санариптик системада зыяратчылардын жеке маалыматтарын иштетүү Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. Система жеке маалыматтарды уруксатсыз жетүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, бөгөттөөдөн, көчүрүүдөн, берүүдөн, таратуудан, ошондой эле башка укукка жатпаган аракеттерден коргоону камсыз кылууга тийиш.
8.2. Системада төмөнкү жеке маалыматтар иштетилет:
- фамилиясы, аты жана атасынын аты (болгон учурда);
- туулган күнү жана жери;
- жынысы;
- жарандыгы;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандык күбөлүгүнүн маалыматтары;
- жалпы жарандык (чет өлкөлүк) паспорттун номери жана жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлгөн маалыматтары;
- жеке идентификациялык номери;
- туруктуу жашаган жеринин дареги;
- байланыш телефон номери;
- электрондук почта дареги;
- ден соолугунун абалы жөнүндө маалыматтар, зыяратты аткаруу үчүн медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн бар же жок экендиги жөнүндө ыйгарым укуктуу медициналык мекеменин корутундусу (машина окуй турган түрдө, диагноздорду көрсөтпөстөн), зыяратчынын өзүнчө макулдугунун негизинде Саламаттык сактоо министрлиги менен интеграция аркылуу алынуучу (коопсуздукту камсыз кылуу үчүн зарыл болгон көлөмдө гана, өзүнчө макулдук менен);
- төлөм жөнүндө маалыматтар.
8.3. Жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук
8.3.1. Системага каттоодо зыяратчы өзүнүн жеке маалыматтарын иштетүүгө мыйзамдарда белгиленген тартипте ыктыярдуу макулдук берет. Макулдук берүүдөн баш тартуу Системага каттоонун жана, тиешелүүлүгүнө жараша, ажылыкты же умраны аткаруунун мүмкүн эместигине алып келет.
8.3.2. Зыяратчы каалаган убакта жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдугун кайтарып алууга укуктуу, бул анын маалыматтарын Системадан өчүрүүгө жана зыяратка катышуусунун токтотулушуна алып келет.
8.4. Жеке маалыматтарды сактоо мөөнөтү.
Зыяратчылардын жеке маалыматтары Системада зыярат аткарылгандан кийин же зыяратчынын Системадагы акыркы аракетинен кийин беш жыл бою сакталат. Көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин маалыматтар, мыйзамдарга ылайык архивдик сактоо үчүн зарыл болгон маалыматтардан тышкары, жок кылынууга тийиш.
8.5. Коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар.
Системанын техникалык администратору төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү: жеке маалыматтарды сактоодо жана берүүдө шифрлөө; тармак аралык экрандарды жана кириптерди аныктоо системаларын колдонуу менен уруксатсыз жетүүдөн коргоо; маалыматтарды корголгон сактагычтарга резервдик көчүрүү; алсыздыктарды жоюу үчүн программалык камсыздоону үзгүлтүксүз жаңыртуу; ошондой эле сервердик жабдууга физикалык жетүүнү көзөмөлдөө.
8.6. Инциденттер жөнүндө кабарлоо.
Жеке маалыматтарга уруксатсыз жетүү же алардын агып чыгуу фактысы аныкталганда техникалык администратор токтоосуз (аныкталган учурдан тартып эки сааттан кечиктирбестен) КМДБга, дин тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле жеке маалыматтарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга кабарлоого милдеттүү.
9-глава. Аналитика жана отчеттуулук модулу
9.1. Аналитика модулунун функциялары.
Аналитика жана отчеттуулук модулу ажылык жана умра уюштуруу процесстери жөнүндө маалыматтарды чогултууну, иштетүүнү жана визуалдаштырууну, статистикалык жана аналитикалык отчетторду түзүүнү, натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн мониторинг кылууну, ошондой эле Ведомстволор аралык комиссияга жана дин тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтарды берүүнү камсыз кылат.
9.2. Милдеттүү отчеттор.
Система төмөнкү милдеттүү отчетторду автоматтык түрдө түзөт: катталган зыяратчылардын саны жөнүндө күн сайынкы отчет (ажылык жана умра боюнча бөлүштүрүү менен); электрондук кезектин абалы жөнүндө апта сайынкы отчет (негизги тизмедеги, резервдик тизмедеги жана күтүү тизмесиндеги саны); финансылык операциялар жөнүндө ай сайынкы отчет (түшүүлөрдүн, кайтаруулардын көлөмү); кайрылуулар менен иштөө жөнүндө чейректик отчет; ажылык жана умра уюштуруунун жыйынтыктары жөнүндө жылдык отчет (зыяратчылардын канааттануусун талдоону кошкондо); ошондой эле санариптик аудиттин жыйынтыктары боюнча отчет.
9.3. Отчеттуулукка жетүү.
Отчеттуулукка жетүүсү бар пайдалануучулардын чөйрөсү Ведомстволор аралык комиссия тарабынан аныкталат. Кеминде отчеттуулукка жетүү КМДБга, Ведомстволор аралык комиссияга, дин тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле ыйгарым укуктуу көзөмөл органдарына алардын компетенциясынын чегинде берилет.
9.4. Ачык маалыматтар.
Система төмөнкү жекелештирилбеген маалыматтарды ачык жетүүдө (Системанын порталында) жарыялоону камсыз кылат:
- отчеттук мезгилде ажылык жана умра аткарган зыяратчылардын саны;
- аккредитациядан өткөн умра операторлорунун саны; кызматтардын сапатын мониторингдөөнүн жыйынтыктары (жыйынтыктоочу);
- каралган кайрылуулардын саны жана категориялары (жеке маалыматтарсыз);
- Ведомстволор аралык комиссиянын чечими боюнча жеке маалыматтарды камтыбаган башка маалыматтар.
10-глава. Бузулууларда жана өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүү тартиби
10.1. Бузулуулардын жана өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү.
Ушул Тиркеменин максаттары үчүн бузулуулардын төмөнкү түрлөрү бөлүнүп көрсөтүлөт: техникалык бузулуу (жабдуунун иштебей калышы, программалык камсыздоонун катасы); байланыш каналдарынын иштешиндеги бузулуу; маалыматтык коопсуздуктун инциденти (уруксатсыз жетүү, чабуул); ошондой эле форс-мажордук жагдайлар (табигый кырсык, башка өзгөчө кырдаалдар).
10.2. Системанын иштешинин убактылуу техникалык мүмкүн эместигинде аракеттенүү.
10.2.1. Системанын иштешинин убактылуу техникалык мүмкүн эместигинде (отуз мүнөттөн ашык узактыкта) техникалык администратор токтоосуз КМДБга жана Ведомстволор аралык комиссияга кабарлоого милдеттүү. Критикалык маанилүү процесстерди убактылуу (Системаны калыбына келтирүү мезгилине) айкалыштырылган форматта (кагаз жүзүндө каттоо, андан кийин калыбына келтирилгенден кийин жыйырма төрт сааттан кечиктирбестен Системага маалыматтарды милдеттүү киргизүү менен) жүзөгө ашырууга жол берилет.
10.2.2. Айкалыштырылган форматка өтүү жөнүндө чечим Ведомстволор аралык комиссия тарабынан кабыл алынат. Айкалыштырылган форматта жасалган бардык аракеттер журналда катталат жана Системага милдеттүү түрдө киргизилүүгө тийиш.
10.3. Маалыматтар жоголгондо аракеттенүү.
10.3.1. Маалыматтардын жоголушу аныкталганда (анын ичинде бузулуунун же чабуулдун натыйжасында) техникалык администратор токтоосуз маалыматтарды резервдик көчүрмөдөн калыбына келтирүүгө киришүүгө милдеттүү. Калыбына келтирүү жоголуу аныкталган учурдан тартып жыйырма төрт сааттан кечиктирбестен аяктоого тийиш.
10.3.2. Маалыматтардын жоголгон фактысы жана калыбына келтирүүнүн жүрүшү жөнүндө КМДБга, Ведомстволор аралык комиссияга жана дин тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарланат. Маалыматтарды толук калыбына келтирүү мүмкүн болбогон учурда себептерин иликтөө жана жоголгон маалыматтардын көлөмүн аныктоо үчүн комиссия түзүлөт.
11-глава. Корутунду жоболор
11.1. Бирдиктүү санариптик системаны киргизүү үчүн негизги Тартип күчүнө кирген күндөн тартып алты айдан ашпаган узактыктагы өткөөл мезгил белгиленет. Киргизүү мезгилинде айрым процесстер айкалыштырылган форматта, андан кийин маалыматты Системага милдеттүү киргизүү менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
11.2. Ушул Тартиптин талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө дин тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Ведомстволор аралык комиссия жана санариптик өнүгүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте алардын компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылат.
| № 5-тиркеме Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына (Ажылык жана Умра) зыярат кылуусун уюштуруу жана өткөрүү |
Кыргыз Республикасынын жарандарынын ажылык жана умраны
уюштурууда конкурстук жол-жоболорду өткөрүү жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Тиркеме Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына (мындан ары — САП) ажылык жана умраны уюштуруу үчүн тартылган товарлардын, иштердин жана кызматтардын жабдуучуларын тандоо боюнча конкурстук жол-жоболорду уюштуруу жана өткөрүү тартибин белгилейт.
2. Ушул Жобонун аракети зыяратчылардын каражаттарынан жана ажылык жана умраны уюштуруу менен байланышкан башка максаттуу түшүүлөрдөн каржыланган бардык сатып алууларга жайылтылат.
3. Конкурстук жол-жоболор төмөнкү максаттарда өткөрүлөт:
— жабдуучуларды тандоонун ачык-айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу;
ак ниеттүү атаандаштыкты өнүктүрүү;
зыяратчылар үчүн кызматтардын сапатын жогорулатуу;
каражаттарды рационалдуу жана максаттуу пайдалануу;
— коррупциялык тобокелдиктерди, кызыкчылыктардын кагылышуусун жана ортомчулук схемаларды жоюу.
4. Конкурстук жол-жоболор төмөнкү принциптерге негизделет:
— мыйзамдуулук;
— бардык потенциалдуу жабдуучулар үчүн бирдей жетимдүүлүк;
— арыздарды баалоонун обьективдүүлүгү жана калыстыгы;
— маалыматтын ачыктыгы жана жалпыга жетимдүүлүгү (чектелген жетимдүүлүктөгу маалыматтарды кошпогондо);
— бардык этаптарды санариптик каттоо;
— конкурстук жол-жоболордун катышуучуларынын жоопкерчилиги.
5. Ушул Тиркеменин максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
конкурстук жол-жоболор – жабдуучулардан мыкты коммерциялык сунушту аныктоо боюнча уюштуруучулук жана укуктук иш-чаралардын жыйындысы;
заказчы – конкурсту уюштуруу жана өткөрүү боюнча ишмердикти жүзөгө ашырган Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (мындан ары — КМДБ);
конкурстук комиссия – жабдуучуларды тандоо боюнча коллегиалдык орган катары иш алып барган, ажылык жана умраны уюштуруу маселелери боюнча Ведомстволор аралык комиссия;
жабдуучу – конкурска катышуу үчүн арыз берген юридикалык жак же жеке ишкер;
конкурстун жеңүүчүсу – баалоо критерийлерине ылайык арызы мыкты деп таанылган жабдуучу;
коммерциялык сунуш – сунушталган товарлардын, иштердин же кызматтардын баасын, шарттарын, мөөнөттөрүн жана сапатын көрсөткөн жабдуучунун жазуу жүзүндөгу сунушу;
санариптик каттоо – даты, убактысы, автору жана мазмуну сакталган бардык аракеттерди, документтерди жана чечимдерди ажылык жана умраны уюштуруунун Бирдиктүй санариптик системасында каттоо.
2-глава. Конкурстук жол-жоболордун түрлөрү
6. Конкурстук жол-жоболорду өткөрүүнүн формалары.
6.1. Жабдуучуларды тандоо төмөнкү формаларда жүзөгө ашырылат:
— ачык конкурс – конкурс жөнүндө маалымат чектелбеген чөйрөдөгу адамдар үчүн жарыяланган негизги форма;
коммерциялык сунуштарды талап кылуу – ушул Жободо каралган учурларда колдонулган жөнөкөйлөтүлгөн форма;
— катышуусу чектелген конкурс – САПнын коопсуздук талаптарынын өзгөчөлүктөрү же өзгөчө шарттары болгондо (Ведомстволор аралык комиссиянын чечими боюнча).
6.2. Маалымат жарыялансыз жабык конкурстарды өткөрүүгу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жөнүндо мыйзамдарында түз каралган учурларды кошпогондо, жол берилбейт.
7. Милдеттүү конкурстук жол-жоболор.
7.1. Ачык конкурс же коммерциялык сунуштарды талап кылуу формасындагы конкурстук жол-жоболор төмөнкү жабдуучуларга карата милдеттуу турдо откорулот:
— авиаташуучулар;
— САПнын Мекке жана Мадина шаарларындагы мейманканалар жана жайгаштыруу обьектилери;
— транспорттук уюмдар (автобус ташуулары, трансферлер);
— тамактануу боюнча жабдуучулар;
— медициналык уюмдар жана камсыздандыруу компаниялары;
— умра операторлору (алгачкы аккредитация учурунда);
— ошондой эле башка кызмат көрсотучулор (зарыл болсо).
8. Жөнөкөйлоштурулгон жол-жоболорду колдонуунун негиздери (коммерциялык сунуштарды талап кылуу)
8.1. Коммерциялык сунуштарды талап кылуу томонкудой озгочо учурларда жол берилет:
— рынокто зарыл болгон потенциалдуу жабдуучулардын саны жетишсиз (уч тон аз);
— ажылык мезгилинде озгочо жагдайлар менен байланышкан кызматтарга шашылыш зарылдык;
— откорулбоду деп таанылган кайталанган конкурс.
8.2. Жонокойлоштурулгон жол-жобону колдонуу женунудо чечим Ведомстволор аралык комиссия тарабынан милдеттуу турдо негиздеме жана санариптик каттоо менен кабыл алынат.
3-глава. Конкурстук жол-жоболорду уюштуруу
9.1. Конкурстук жол-жоболордун заказчысы болуп КМДБ иш алып барат, ал:
— рынокко алдын ала мониторинг жүргүзөт;
— конкурстук документтерди даярдайт;
— конкурс жөнүндө маалыматты жарыялайт;
— арыздарды кабыл алуу жана каттоо иштерин жүргүзөт;
— конкурстук комиссиянын катчылыгынын ишин камсыз кылат;
— материалдарды конкурстук комиссиянын кароосуна жөнөтөт;
— жеңүүчүлөр менен келишимдерди түзөт.
9.2. Заказчынын жана конкурстук комиссиянын функцияларын бир эле адамга бириктирүүгө (техникалык катчылыкты жүргүзүүнү кошпогондо) тыюу салынат.
10.1. Конкурстук комиссия болуп Кыргыз Республикасынын жарандарынын ажылык жана умраны уюштуруу маселелери боюнча Ведомстволор аралык комиссия эсептелет.
10.2. Конкурстук комиссия:
— конкурстук документтерди бекитет;
— коммерциялык сунуштарды карайт жана баалайт;
— жеңүүчүсүн жана резервдик жабдуучусун аныктайт;
— чечимдерди протоколдор менен таризди;
— конкурсту өткөрүү жол-жобосуна карата даттанууларды карайт.
10.3. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү арыздарды кароо башталганга чейин кызыкчылыктардын кагылышуусунун жоктугу жөнүндө билдирмеге кол коюуга милдеттүү.
11. Кызыкчылыктардын кагылышуусу.
11.1. Конкурстук комиссиянын мүчөсү же заказчы:
— жабдуучунун аффилирленген жагы болсо;
— конкурстун жыйынтыгында жеке кызыкчылыгы болсо;
— жабдуучудан (же анын жакын туугандары) кандайдыр бир материалдык пайда алган болсо, кызыкчылыктардын кагылышуусу пайда болот.
11.2. Кызыкчылыктардын кагылышуусу аныкталганда, комиссиянын мүчөсү четтетилүүгö, ал эми тиешелүү жабдуучунун арызы четке кагылууга жатат.
4-глава. Ачык конкурсту өткөрүү тартиби
12. Конкурс төмөнкүдөй этаптарды камтыйт:
— конкурстук жол-жоболордун графигин пландаштыруу жана бекитүү;
— рынокко алдын ала мониторинг жүргүзүү;
— конкурстук документтерди иштеп чыгуу жана бекитүү;
— конкурс өткөрүү жөнүндө жарыя жарыялоо;
— арыздарды кабыл алуу жана каттоо;
— (кагаз форматта болсо) конверттерди ачуу же электрондук арыздарга жетүүнү ачуу;
— арыздарды кароо, баалоо жана салыштыруу;
— жеңүүчүсүн аныктоо;
— протоколду тариздоо жана жыйынтыктарды жарыялоо;
— келишим түзүү.
13. Конкурстук документтер.
13.1. Конкурстук документтер төмөнкүлөрдү камтышы керек:
— конкурстун предмети жана сатылып алынуучу кызматтардын көлөмү;
— САПнын ченемдерине шайкештигин кошкон сапатка жана коопсуздукка карата талаптар;
— кызматтарды көрсөтүүнүн мөөнөттөрү;
— арыздын формасы жана талап кылынган документтердин тизмеси;
— арыздарды баалоо критерийлери жана алардын маанилуулугу (балл менен);
— арыздарды берүүнүн, өзгөртүүнүн жана кайтарып алуунун тартиби;
— арыздарды кароонун мөөнөтү жана орду;
— жеңүүчү менен түзүлүүчү келишимдин долбоору.
14. Арыздын мазмуну.
14.1. Жабдуучу арыздын курамында төмөнкүлөрдү берет:
— баасы жана шарттары көрсөтүлгөн коммерциялык сунуш;
— талаптарга шайкештигин тастыктаган документтер (лицензиялар, сертификаттар, САПнын уруксаттары);
— мурдагы заказчылардан алынган пикирлерди кошкон иштөө тажрыйбасы жөнүндө маалыматтар;
— ак ниетсиз жабдуучулар реестринен (реестрде жоктугу жөнүндө) көчүрмө;
— санариптик каттоого жана маалыматтарды иштетүүгө жазуу жүзүндөгү макулдук.
15. Арыздарды баалоо критерийлери.
15.1. Арыздар төмөнкүдөй критерийлер боюнча баалынат (ар бир сатып алуу үчүн конкреттүү салмак маанилери конкурстук комиссия тарабынан документтерди бекиткенде белгиленет):
— келишимдин баасы;
— кызматтардын сапаттык мүнөзү;
— жабдуучунун иштөө тажрыйбасы;
— САПнын талаптарына шайкештиги;
— кызматтарды көрсөтүүнүн мөөнөттөрү.
16. Баалоо тартиби.
16.1. Арыздар балл системасы боюнча баалынат. Эң көп балл топтогон катышуучу жеңүүчү деп таанылат.
16.2. Баллдар тең болгондо, бааны төмөн сунуштаган жабдуучуга артыкчылык берилет.
16.3. Бардык баалоолор комиссия мүчөлөрүнүн жекече баалоо барактарында жана жыйынтыкталган протоколдо катталат.
17. Арызды четке кагуунун негиздери.
17.1. Арыз төмөнкүдөй учурларда четке кагылууга жатат:
— конкурстук документтердин талаптарына шайкеш келбегенде;
— чындыкка туура келбеген маалыматтар берилгенде;
— жабдуучу ак ниетсиз жабдуучулар реестринде турганда;
— кызыкчылыктардын кагылышуусу болгондо;
— арыз белгиленген тартипти бузуу менен берилгенде.
5-глава. Санариптик каттоо жана ачык-айкындуулук
18. Бардык конкурстук жол-жоболор ажылык жана умраны уюштуруунун Бирдиктүй санариптик системасында төмөнкүдөй маалыматты сактоо менен милдеттүү түрдө катталат:
— конкурстук документтер;
— берилген бардык арыздар (оригиналдык түрүндө);
— конкурстук комиссиянын жыйналыштарынын протоколдору;
— комиссия мүчөлөрүнүн баалоо барактары;
— жеңүүчүлөр менен түзүлгөн келишимдер.
19. Конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат, анын ичинде жарыя, конкурстук документтер, баалоонун жыйынтыктары жана жеңүүчүнү аныктоо протоколу, КМДБнын расмий сайтында жана Бирдиктүй санариптик системада милдеттүү түрдө жарыялануусу жатат.
19.2. Жарыяланбоого тийиш:
— катышуучулардын жеке маалыматтары (юридикалык жактын аталышын кошпогондо);
коммерциялык сыр болгон маалыматтар (жабдуучунун арызы боюнча);
— мыйзамдарга ылайык чектелген жетимдүүлүктөгү маалымат.
20. Конкурстук жол-жоболор жөнүндө документтер жана жазуулар конкурстун жыйынтыктары чыгарылган датадан тартып кеминде 5 (беш) жыл Бирдиктүй санариптик системада сакталат.
6-глава. Даттануу жана контроль
21. Даттануу укугу.
21.1. Арыз берген ар кандай жабдуучу конкурстук комиссиянын же заказчынын аракеттерине (аракетсиздигине) Ведомстволор аралык комиссияга (сотко чейинки даттануу) же сотко даттанууга укуктуу.
21.2. Даттануу конкурстун жыйынтыктары жарыяланган күндөн тартып 5 (беш) жумушчу күндүн ичинде берилет.
21.3. Ведомстволор аралык комиссия даттанууну 10 (он) жумушчу күндүн ичинде кароого жана негизделген чечим кабыл алууга милдеттүү.
22. Даттануу негизделген деп таанылганда Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
— конкурстун жыйынтыктарын жокко чыгаруу жана кайталама конкурс белгилөө;
— конкурстук документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү;
конкурстук комиссиянын мүчөсүн четтетүү;
— бузууга жол берген жабдуучуну андан ары катышуудан чыгарып салуу.
23. Мониторинг жана аудит.
23.1. Конкурстук жол-жоболор төмөнкүлөргö жатат:
— текшерүүчү комиссия тарабынан ички контролго;
Бирдиктүй санариптик система аркылуу санариптик аудитке;
— Ведомстволор аралык комиссиянын же дин чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча көз карандысыз текшерүүгö.
7-глава. Корутунду жоболор
24. Конкурстун жыйынтыгы боюнча келишим түзүү.
24.1. Конкурстун жеңүүчүсү менен келишим конкурстук комиссиянын протоколу бекитилген күндөн тартып 15 (он беш) жумушчу күндөн кечиктирилбестен түзүлөт.
24.2. Жеңүүчү келишим түзүүдөн баш тарткан учурда, келишим түзүү укугу экинчи орунду ээлеген катышуучуга (резервдик жабдуучуга) өтөт.
24.3. Келишим Бирдиктүй санариптик системада милдеттүү түрдө катталууга жатат.
25. Ак ниетсиз жабдуучулардын реестри.
25.1. КМДБ ак ниетсиз жабдуучулардын реестрин жүргүзöт, ага төмөнкүдөй адамдар киргизилет:
— жеңүүчү деп таанылгандан кийин келишим түзүүдөн качышкандар;
— жасалма документтерди беришкендер;
— зыяратчыларга зыян келтирилишине алып келген келишимдин шарттарын бузгандар.
25.2. Реестрге киргизилүү конкурстук жол-жоболорго катышуудан 2 (эки) жылдык мөөнөткö четтетилишине алып келет.
26. Талаш-тартыштарды жана жөнгö салынбаган маселелерди чечүү.
Ушул тиркеме менен жөнгö салынбаган маселелер Зыяратчылык жөнүндö Тартипке, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Сауд Арабия Падышалыгынын Ажылык жана умра министрлигинин талаптарына ылайык чечилет.
| № 6-тиркеме Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына (Ажылык жана Умра) зыярат кылуусун уюштуруу жана өткөрүү |
Коштоочу адамдарды даярдоо, сертификациялоо жана ишке жол
берүү жөнүндө
1-глава. Жалпы жобо
1. Жөнгө салуу предмети.
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынан келген, Сауд Арабия Падышалыгына (мындан ары — САП) ажылык жана умра жасоочу зыяратчылар үчүн коштоочу адамдарды тандоо, окутуу, сертификациялоо жана ишке жол берүү тартибин аныктайт.
Коштоочу адамдарды даярдоо төмөнкү максаттар үчүн жүргүзүлөт:
— зыяратчылардын коопсуздугун жана ден соолугун камсыз кылуу;
— зыяратчылык топторунун ишин координациялоо;
— Оперативдик штаб, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана САПдагы кабыл алуучу тарап менен байланышты жолго коюу;
— өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алар келип чыкканда туура аракеттенүү;
— зыяратчыларга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу;
— Кыргыз Республикасынын оң образын колдоо.
2. Негизги түшүнүктөр.
Коштоочу адам – ушул Жободо белгиленген тартипте сертификацияланган жана зыяратчылар тобун коштоо үчүн Ведомстволор аралык комиссия тарабынан бекитилген адам.
Талапкер – коштоочу болуу каалоосу бар жана белгиленген талаптарга жооп берген адам.
Сертификациялоо – талапкердин даярдыгын тастыктаган экзамендерди (теория жана практика) тапшыруу жол-жобосу.
Сертификат – коштоочу катары иштөө укугун берген, 3 жылдык мөөнөттүү документ.
Коштоочулардын реестри – бардык сертификацияланган адамдардын бирдиктүү санариптик маалымат базасы.
Инструктаж – ар бир зыяратчылык сезонунун алдында узактыгы кеминде 8 саат болгон милдеттүү сабак.
3. Даярдыкка ким катышат
Даярдыкка катышат: Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ), Ведомстволор аралык комиссия, КМДБга караштуу Окуу-методикалык борбор, насаатчылар, талапкерлер жана Оперативдик штаб.
2-глава. Талапкерлерге карата талаптар
2.1. Тандоого жол берилүүнүн милдеттүү талаптары.
Коштоочу адамдыкка талапкер төмөнкү шарттарга жооп бериши керек:
— Кыргыз Республикасынын жараны болуу (жашы — 25тен 65 жашка чейин);
— жоюлбаган же алынбаган соттолгондугу жок болуу;
— квалификациясынан четтетилген адамдардын реестринде турбоо;
— аракет мөөнөтү кеминде 12 ай калган чет элдик паспорту болуу;
— САП жана КРнын талаптарына ылайык бардык зарыл эмдөөлөрдөн өткөн болуу;
— ысык климатта иштөөгө медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн жоктугу, бул саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча медициналык корутунду менен тастыкталат;
— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдерин билүү;
— араб же англис тилин билүү (деңгээли А2дан төмөн болбосун);
— ажылык же умра жасап көргөн тажрыйбасынын болушу (кеминде 1 жолу).
2.2. Даярдыкка жол берүүдөн баш тартуунун негиздери:
— 2.1-пункттун бир же бир нече талабына жооп бербөө;
— өзү жөнүндө жалган маалымат берүү;
— зыяратчылыкты уюштуруу эрежелерин бузгандыгы фактыларынын аныкталышы;
— тандоо комиссиясынын мүчөсү менен жакын тууганчылыгын жашыруу;
— акыркы үч жылдын ичинде сертификаттан ажыратылгандыгы.
3-глава. Талапкерлерди тандоо тартиби
3.1. Тандоо жөнүндө жарыя.
КМДБ зыяратчылык сезонуна 6 айдан кечиктирилбестен тандоо жөнүндө жарыя жарыялайт. Жарыя Бирдиктүү санариптик системада, КМДБнын сайтында, социалдык тармактарда жана БАКта жайгаштырылат. Жарыяда мөөнөттөр, тандоо орду, талаптар, документтердин тизмеси жана байланыштар көрсөтүлөт.
3.2. Арыз берүү тартиби.
Арыздар жалаң Бирдиктүү санариптик система аркылуу берилет. Арызга төмөнкүлөр тиркелет: арыз, өзүн-өзү тааныштыруу (резюме), талаптарга шайкештигин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү, артыкчылыктар жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо), жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук жана кызыкчылыктардын кагылышуусунун жоктугу жөнүндө декларация. Берүү мөөнөтү — кеминде 30 календарлык күн.
3.3. Тандоо этаптары.
Документтерди текшерүү: документтердин толуктугу жана чындыгы текшерилет, маалыматтар мамлекеттик базалар (соттолгондук, квалификациядан четтетилгендик, медициналык чектөөлөр) менен салыштырылат.
Биринчи этап (баалоо): компьютердик тестирлөө (Кыргыз Республикасынын негизги мыйзамдарын (КРнын Конституциясы, КРнын «Ишеним эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамы ж.б.), ажылык жана умра тартибин, САПнын талаптарын, диндин негиздерин билүү), экинчи этапка жол берилгендиги жөнүндө системадагы жеке кабинет аркылуу 10 күн мурда билдирилет, ал мүмкүн болбосо — электрондук почта же SMS аркылуу.
Экинчи этап: Ведомстволор аралык комиссия менен жолугушуу жана практикалык тапшырма (штаттан тышкары кырдаалда аракеттенүү), мында талапкерлер төмөнкүлөрдү билүү деңгээлин көрсөтүшөт:
— ажылык жана умра эрежелерин;
— коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттенүү эрежелерин;
— араб же англис тилин;
— кыргыз жана орус тилдерин;
— санариптик системада иштөөнү.
Жолугушуу учурунда дагы төмөнкүлөргө баа берилет:
— зыяратчылык тажрыйбасы;
— психологиялык туруктуулук жана коммуникативдик көндүмдөр.
4-глава. Даярдоо программасы
4.1. Программанын структурасы.
Программа жалпы 80 академиялык сааттан турган 7 модулду камтыйт, алардын 60 сааты теориялык сабактарга, 20 сааты практикалык сабактарга бөлүнгөн.
Сааттардын модулдор боюнча бөлүштүрүлүшү:
Ажылык жана умранын уюштуруучулук-укуктук негиздери — 10 саат.
САПнын талаптары — 10 саат.
Коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүү — 12 саат.
Биринчи медициналык жардам — 10 саат.
Диний ырым-жырымдар жана консультациялоо — 10 саат.
САПдагы маданий өзгөчөлүктөр жана этика — 8 саат.
Бирдиктүү санариптик системада иштөө — 4 саат.
Модулдор боюнча жыйынтык: 64 саат (теория) + 16 саат (практика) = 80 саат.
Эскертүү: теория жана практиканын жалпы көлөмү сакталган, сааттар айрым темаларды кысуу эсебинен кайра бөлүштүрүлдү.
4.2. Окутуу лекциялар, практикалык сабактар (тренингдер, кырдаалдарды талдоо), аралыктан окутуу (теориянын 30%дан ашык эмес бөлүгү), өзгөчө кырдаалдарды симуляциялоо жана сапарлык сабактар түрүндө өткөрүлөт.
4.3. Даярдоону КМДБ (же аккредитациядан өткөн башка уюмдар) жүргүзөт. Сабактарды КМДБнын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, санариптик өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү беришет.
5-глава. Сертификациялоо
5.1. Сертификациялоону өткөрүү тартиби.
Толук курсту (80 саат) өткөндөн кийин талапкер төмөнкүлөрдү тапшырат:
— теориялык экзамен (100 суроо, 90 мүнөт, туура жоопторду 80% алуу зарыл);
— практикалык экзамен (өзгөчө кырдаалды симуляциялоо, аракеттердин 80% аткаруу зарыл);
— экзамендик комиссия менен жолугушуу (кеминде 5 адам: КМДБнын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, санариптик өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү).
5.1.1. Этаптардын биринде өтө албаган талапкер 14 календарлык күндөн эрте эмес бир жолу кайра тапшыруугу жол берилет. Кайра ийгиликсиз болгон учурда талапкер кеминде 6 айга сертификациялоодон четтетилет.
5.2. Сертификат.
Сертификат 3 жылдык мөөнөткө берилет. Анда Ф.И.А., берилген датасы, аракет мөөнөтү, өзгөчө номери жана QR-код көрсөтүлөт. Сертификатка экзамендик комиссиянын төрагасы же Ведомстволор аралык комиссиянын чечими боюнча КМДБнын башка ыйгарым укуктуу кызмат адамы кол коёт. Маалыматтар Реестрге 3 жумушчу күндүн ичинде киргизилет.
5.3. Сертификат берүүдөн баш тартуунун негиздери.
Талапкер кайра тапшыруудан кийин дагы экзамендин этаптарынын кеминде биринен өтө албаса, жалган маалымат берсе же мурдагы ишинде жоюлбаган тартип чарасы болсо, сертификат берилбейт.
6-глава. Кайра даярдоо, инструктаж жана сертификатты узартуу
6.1. Үч жылда бир жолу коштоочу адам КРнын мыйзамдарындагы жана САПнын талаптарындагы өзгөртүүлөр, коопсуздуктун жаңы стандарттары жана санариптик кызматтар боюнча кайра даярдоодон (кеминде 24 саат) өтүүгө милдеттүү. Кайра даярдоодон кийин аттестация өткөрүлөт. Ийгиликтүү тапшырылса, сертификат дагы 3 жылга узартылат.
6.2. Ар бир ажылык же умрадан мурда коштоочу инструктаждан (кеминде 8 саат) өтөт. Инструктажда САПдагы учурдагы абал, кирүү эрежелери, Оперативдик штабдын өзгөчө көрсөтмөлөрү, шашылыш кызматтардын жаңы байланыштары жана өткөн сезондордогу каталар каралат. Бирдиктүү санариптик системада инструктаж жөнүндө белги болбосо, ишке жол берилбейт.
6.3. Сертификатты мөөнөтүнөн мурда жокко чыгаруунун шарттары.
Сертификат төмөнкүлөр үчүн мөөнөтүнөн мурда жокко чыгарылышы мүмкүн:
— зыяратчылардын ден соолугуна зыян келтирген коопсуздук талаптарынын бузулушу;
— зыяратчылардан келишимден ашык акча алуу;
— топту көзөмөлсүз калтыруу;
— сезон ичинде Ведомстволор аралык комиссиянын кызматтык текшерүүсü менен тастыкталган үч жана андан көп негизделген даттануу;
— Кыргыз Республикасынын беделине доо кетирген аракеттер.
7-глава. Коштоочу адамдардын укуктары жана милдеттери
7.1. Коштоочу адам төмөнкүлөргө укуктуу:
— маршрут, график, жашоо-жай жана транспорт жөнүндө толук маалымат алуу;
— сметада каралган каражаттардын эсебинен окутуудан өтүү;
— КМДБ же оператор менен түзүлгөн келишим боюнча акы алуу;
— Оперативдик штабдын жана КРнын САПдагы элчилигинин жардамына эсептөө;
— өз коопсуздугуна чыныгы коркунуч болгон учурда коштоодон баш тартуу (Оперативдик штабга билдирүү менен).
7.2. Коштоочу адамдын милдеттери:
— ар бир жылдыруудан мурда топту уюшкан түрдө чогултуу, отургузуу жана түшүрүү;
— күн сайын перекличка жасоо;
— зыяратчыларга график, эрежелер жана коопсуздук жөнүндө маалымдоо (учуудан мурда жана сапарда);
— зыяратчыларга ырым-жырымдарды аткарууда жардам берүү (зарыл болсо);
— Оперативдик штаб менен күнү-түнү эки жолу байланышка чыгуу;
— кандай болбосун өзгөчө окуя (оорулоо, жаракат алуу, жоголуу, өлүм, ЖКОО) жөнүндө 15 мүнөттүн ичинде билдирүү;
— бардык кайрылуулар менен инциденттерди Бирдиктүү санариптик системада каттоо;
— топтун мүлкү менен документтерин сактоо;
— тааныш-белги жилет/бейдж кийүү;
— КРнын жана САПнын мыйзамдарын, ошондой эле ушул Жободу сактоо;
— сапардан кийин 10 күндүн ичинде система отчёт берүү.
7.3. Бир коштоочуга карата жүктөмдөрдүн ченеми:
— ажылык (кадимки топ) — 45 зыяратчыдан ашык эмес;
— ажылык (70 жаштан жогорку зыяратчылар 30%дан ашык болсо) — 15 зыяратчыдан ашык эмес;
— умра — 40 зыяратчыдан ашык эмес.
7.3.1. 70 жаштан жогорку зыяратчылардын үлүшүн эсептөө топтун курамы бекитилген учурда Бирдиктүү санариптик системага киргизилген маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт.
8-глава. Эсепке алуу, отчёттуулук жана мониторинг
8.1. Коштоочу адамдардын реестри.
Реестр Бирдиктүү санариптик системада жүргүзүлөт. Анда төмөнкүлөр камтылат:
— жеке маалыматтар;
— сертификаттын аракет мөөнөтү;
— инструктаждар жана кайра даярдоолордон өтүшү жөнүндө маалыматтар;
— коштоочу адамдын рейтинги, алынган тартип чаралары жана сыйлоолор; өткөрүлгөн топтордун саны.
Сертификаттын чыныгылыгын текшерүү үчүн реестр жарым-жартылай ачык (Ф.И.А., аракет мөөнөтү, статус).
8.2. Сапардын жыйынтыгы боюнча отчёт.
Сапардан кийин 10 күндүн ичинде коштоочу адам системага отчёт берет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
— сапардын башындагы жана аягындагы зыяратчылардын саны;
— инциденттердин тизмеси (ооруулар, жаракаттар, дарыгерлерге кайрылуулар);
— жоголгон жана табылган зыяратчылардын саны;
— зыяратчылардын даттанулары (жекелештирилбестен);
— жакшыртуу боюнча сунуштар.
8.3. Коштоочулардын рейтинги.
Жылда бир жолу зыяратчылардын пикирлеринин, инциденттердин санынын жана оордугунун, штаб менен байланыштын ыкчамдыгынын жана отчёттун сапатынын негизинде A (мыкты) дан E (жаман) гa чейинки рейтинг коюлат. Рейтинг төмөнкүлөргө таасир этет:
— топторго дайындоодо артыкчылыкка (A жана B — артыкчылыкта);
— кошумча үстөккө (A — 30%гa чейин);
— насаатчы болуу мүмкүнчүлүгүнө.
8.3.1. D же E рейтинги менен коштоочу кезектен тышкары кайра даярдоого жөнөтүлөт. Эгер E рейтинги эки сезон катары менен сакталса, сертификат узартылбайт.
8.4. Коштоочу адамдардын ишине контролдук төмөнкүлөр тарабынан жүргүзүлөт:
— Оперативдик штаб (САПда чыныгы убакыт ыргагында);
— Ведомстволор аралык комиссия (отчёттордун жана сезондун жыйынтыктары боюнча);
— зыяратчылар (анонимдүү анкетирлөө аркылуу).
8.4.1. Анкетанын формасы жана анкетирлөө тартиби Ведомстволор аралык комиссия тарабынан бекитилет. Анкетирлөө САПдан учуудан мурда электрондук түрдө өткөрүлөт.
9-глава. Каржылоо
9.1. Коштоочу адамдарды даярдоо төмөнкүлөрдүн эсебинен төлөнөт:
— талапкерлердин жыйымдары;
— умра операторлорунун жыйымдары;
— кайрымдуулук кайрымдары (ачык-айкын эсепке алуу шарты менен);
— окутуу үчүн төлөм (талапкер КМДБ же операторлор тарабынан жөнөтүлбөсө).
Талапкердин жыйымынын өлчөмү окутуу жана сертификациялоого чыныгы кеткен чыгашалардан ашпайт. Талапкер окутуудан же сертификациядан четтетилген учурда, төлөнгөн сумма толугу менен кайтарылат.
9.2. Коштоочу адамдарга компенсациялар жана акы төлөө.
Сертификациядан өткөн жана ишке тартылган коштоочуларга окутуу орду чейинки сапар чыгашалары (КР чегинде) жана жашоо-жай (сапарлык окутууда) компенсацияланат. САПда иштоо үчүн акы келишим менен аныкталат жана Ведомстволор аралык комиссия белгилеген минималдуу деңгээлден төмөн болбойт.
10-глава. Корутунду жоболор
10.1. Иштеп турган сертификаттары бар адамдар үчүн өтмө жоболор
Ушул Жобо күчүнө кирген учурда иштеп турган сертификаты бар адамдар 6 айдын ичинде кыскартылган программа (16 саат) боюнча тастыктоочу аттестациядан өтүүгө милдеттүү. Аттестациядан өтмөйүнчө, мурда берилген сертификаттар күчүндө бойдон калат. Эгер 6 айдын ичинде аттестация өткөрүлбөсө, сертификат жокко чыгарылат.
10.2. Үч жактуу уюмдарды тартуу боюнча өтмө мезгил
Жобо күчүнө кирген күндөн тартып биринчи жылдын ичинде Ведомстволор аралык комиссия менен макулдашуу боюнча, КМДБ белгилеген тартипте аккредитациядан өткөн үч жактуу билим берүү уюмдарын окутуу жана сертификациялоого тартууга жол берилет.