Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 8-июлу № 249
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүүчү курулуш, абаттоо, оңдоо, реконструкциялоо, санариптештирүү жана жабдуу боюнча иш-чараларды ыкчам ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүүчү курулуш, абаттоо, оңдоо, реконструкциялоо, санариптештирүү жана жабдуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү боюнча аткаруучуну аныктоо жөнүндө тиешелүү чечимди белгиленген тартипте даярдасын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 24-июлундагы № 157 тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |