РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 249 (Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өткөрүлүүчү курулуш, жайгаштыруу, оңдоо, реконструкциялоо, санариптештирүү жана жабдуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу жөнүндө) тескемеси

Редакция08.07.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 8-июлу № 249

 

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүүчү курулуш, абаттоо, оңдоо, реконструкциялоо, санариптештирүү жана жабдуу боюнча иш-чараларды ыкчам ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүүчү курулуш, абаттоо, оңдоо, реконструкциялоо, санариптештирүү жана жабдуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү боюнча аткаруучуну аныктоо жөнүндө тиешелүү чечимди белгиленген тартипте даярдасын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 24-июлундагы № 157 тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

С.Н. Жапаров