КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 24-июлу № 123
2025-жылдын 10-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган
1993-жылдын 24-сентябрындагы Качкындарга жана аргасыз көчүп келгендерге
жардам жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду
жана 2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган, 1995-жылдын
10-февралында кол коюлган 1993-жылдын 24-сентябрындагы Качкындарга жана
аргасыз көчүп келгендерге жардам жөнүндө макулдашууга карата протоколдун
колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене
Төмөнкүлөр ратификациялансын:
- 2025-жылдын 10-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган 1993-жылдын 24-сентябрындагы Качкындарга жана аргасыз көчүп келгендерге жардам жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протокол;
- 2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган, 1995-жылдын 10-февралында кол коюлган 1993-жылдын 24-сентябрындагы Качкындарга жана аргасыз көчүп келгендерге жардам жөнүндө макулдашууга карата протоколдун колдонулушун токтотуу тууралуу протокол.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн протоколдордун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 28-июлундагы № 56 (3816) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |