МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 24-июлундагы № 123 «2025-жылдын 10-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган 1993-жылдын 24-сентябрындагы Качкындарга жана аргасыз көчүп келгендерге жардам жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду жана 2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган, 1995-жылдын 10-февралында кол коюлган 1993-жылдын 24-сентябрындагы Качкындарга жана аргасыз көчүп келгендерге жардам жөнүндө макулдашууга карата протоколдун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамы

Редакция24.07.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2026-жылдын 24-июлу № 123

2025-жылдын 10-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган

1993-жылдын 24-сентябрындагы Качкындарга жана аргасыз көчүп келгендерге

жардам жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду

жана 2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган, 1995-жылдын

10-февралында кол коюлган 1993-жылдын 24-сентябрындагы Качкындарга жана

аргасыз көчүп келгендерге жардам жөнүндө макулдашууга карата протоколдун

колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене

 

Төмөнкүлөр ратификациялансын:

- 2025-жылдын 10-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган 1993-жылдын 24-сентябрындагы Качкындарга жана аргасыз көчүп келгендерге жардам жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протокол;

- 2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган, 1995-жылдын 10-февралында кол коюлган 1993-жылдын 24-сентябрындагы Качкындарга жана аргасыз көчүп келгендерге жардам жөнүндө макулдашууга карата протоколдун колдонулушун токтотуу тууралуу протокол.

 

2-берене

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн протоколдордун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.

 

3-берене

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 28-июлундагы № 56 (3816) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

2026-жылдын 25-июнунда

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши кабыл алган