ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлу № 505 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 «Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция23.07.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

  

2026-жылдын 23-июлу № 505

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын  15-апрелиндеги № 159 «Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Нотариалдык кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 139-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 «Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик алымдын ставкаларында:

– 4-пунктта:

1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1) предмети кыймылсыз мүлккө менчик укугунун өтүшү болуп саналган келишимдерди күбөлөндүрүү үчүн:

накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө:

– эгерде бүтүмдүн тарабы балдар, ата-энелер, жубайлар, бир тууган ага-инилер, бир тууган эже-сиңдилер, чоң эне, чоң ата, неберелер болсо – 300 (үч жүз) сом;

– эгерде бүтүмдүн тараптары башка жеке жактар болсо – 500 (беш жүз) сом;

– эгерде бүтүмдүн тараптарынын бири юридикалык жак болсо – 1000 (бир миң) сом;

накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө:

– эгерде бүтүмдүн тарабы балдар, ата-энелер, жубайлар, бир тууган ага-инилер, бир тууган эже-сиңдилер, чоң эне, чоң ата, неберелер болсо – 3000 (үч миң) сом;

– эгерде бүтүмдүн тараптары башка жеке жактар болсо – 5000 (беш миң) сом;

– эгерде бүтүмдүн тараптарынын бири юридикалык жак болсо – 10000 (он миң) сом;»;

22-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«22) нотариалдык буйрукту берүү үчүн:

– жеке жактар үчүн – 1000 (бир миң) сом;

– эгерде тараптардын бири юридикалык жак болсо өндүрүлүүгө тийиш болгон суммадан 1 пайыз, бирок эсептик көрсөткүчтүн 1 өлчөмүнөн кем эмес жана 50 эсептик көрсөткүчтөн ашык эмес.».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-июлундагы № 55 (3815) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев