Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 10-июлу № 517-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 249 тескемесин ишке ашыруу максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ачык акционердик коому бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүүчү курулуш, абаттоо, оңдоо, реконструкциялоо, санариптештирүү жана жабдуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн ушул тескеменин 1, 2-тиркемелерине ылайык зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү боюнча аткаруучу болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ачык акционердик коомуна товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга контракттын (келишимдин) суммасынын 20 пайызынан ашык өлчөмүндө аванстык төлөмдү төлөөгө укуктуу деп белгиленсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул тескеме кол коюлган күндөн тартып он беш календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана эки жыл бою колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
1-тиркеме |
Сатып алуучу уюм тарабынан сатып алынуучу товарлардын ТИЗМЕСИ
№ | Товарлардын аталышы | ТЭИ ТН коду боюнча классификация |
1 | Инспекциялык текшерип кароо комплекси | 9031 |
2 | Навигациялык пломбалар | 8309 |
3 | Тагылма видео жазгыч (видеожетон) | 8525 |
4 | Планшет | 8471 |
5 | Ылдам сканер | 9022 |
6 | Архив үчүн ылдам сканер | 9022 |
7 | Wi-Fi роутер (өндүрүштүк) | 8517 |
8 | Кол жүктү жана жүктү текшерип кароо үчүн текшерип кароочу рентген техникасы | 9022 |
9 | Декларация тапшыруу үчүн өзүн-өзү тейлөө текчелери | 7308 |
10 | Заттардын химиялык курамын аныктоо үчүн прибор | 9027 |
11 | Санариптик видеобайкоо камералары | 8525 |
12 | Металлдардын жана эритмелердин курамын аныктоо үчүн прибор | 9024 |
13 | Жарылуучу жана баңгизат каражаттарын аныктоо үчүн прибор | 9031 |
14 | Жүк ташуучу авто үчүн автотаразалар | 8423 |
15 | Автотранспорттук каражаттын габариттик параметрлерин өлчөө үчүн жабдуу | 9031 |
16 | Өткөрүү пункттарын жабдуу үчүн кошумча жабдуу | 9031 |
17 | Видеодубал | 8525 |
18 | Интерактивдүү панель | 8518 |
19 | Мамлекеттик номердик белгилерди таануу камералары | 8518 |
20 | Габариттик контролдоо үчүн жабдуулар жана приборлор | 9031 |
21 | Кыймыл датчиктери (индукциялык илмектер) | 8537 |
22 | Үзгүлтүксүз азыктандыруу булагы | 8507, 8504 |
23 | Жарык берүүчү приборлор | 9405 же 8539 |
24 | Жол белгилери | 8608 |
25 | Эки сигналдуу (эки секциялуу) светофор | 8530 |
26 | Жол чиймелери | 8608 |
27 | Шлагбаум | 8606 |
28 | Издөө сигнализатору | 8512 |
29 | Жеке дозиметр | 9030 |
30 | Портативдүү раман анализатору | 9027 |
31 | Портативдүү рентгенофлуоресценттик анализатор | 9022 |
32 | Иондуу жарылуучу жана баңгизат каражаттарынын детектору | 8531 |
33 | Фото жана видео маалыматтарды сактоо системасы | 8471 |
34 | Видеокамералар жана жазуучу түзүлүштөр менен толук жабдуу | 8525 |
35 | Үзгүлтүксүз азыктандыруу булактары үчүн батареялар | 8531, 8507 |
36 | Антивирустук программалык камсыздоону кеңейтүүгө лицензия. Электрондук почтаны коргоо үчүн кеңейтүүгө лицензия | 9022, 4901 |
37 | Сейф-пакеттер | 3923 |
38 | Бекитүүчү-пломбалоочу түзүлүштөр | 8209, 8309, 8481 |
39 | Компьютердик жана уюштуруу техникасы үчүн чыгымдоочу жана комплекттөөчү материалдар | 8518, 8525, 8523, 8471,8443, 8542 |
40 | Аналитика үчүн LED-монитор (чоң өлчөмдөрдө) | 8518 |
41 | Маалыматтарды иштеп чыгуунун резервдик борбору үчүн техникалык каражаттар | 8517, 8571,9403, 8523 |
42 | Стационардык радиациялык порталдык монитор | 9022 |
|
| 2-тиркеме |
Сатып алуучу уюм тарабынан сатып алынуучу жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ТИЗМЕСИ
№ | Жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Бажы органдары |
1 | Долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу, административдик имараттарды жана бажы инфраструктурасын куруу, реконструкциялоо, оңдоо | Түндүк-Чыгыш бажысы, "Түндүк" темир жол бажысы, "Ош" бажысы, "Жалал-Абад" бажысы, "Баткен" бажысы, "Нарын" бажысы, "Бишкек ЭЭЗ" бажысы, адистештирилген окутуу бажысы, борбордук аппарат |
2 | Инспекциялык-текшерип кароо комплекстери менен иштеген кызматкерлер үчүн жеке дозиметрлерди ижарага алуу | |
3 | Бажы контролунун техникалык каражаттарын техникалык тейлөө | |
4 | Кирүүнү башкарууну контролдоо системасы (оңдоо) | "Баткен" бажысы, "Кызыл-Бел" өткөрүү пункту |