Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-июлундагы № 508 токтомуна) |
Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү эрежелери, ошондой эле газ баллондук жабдууга карата ТАЛАПТАР
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибин, ошондой эле газ баллондук жабдууга карата талаптарды белгилейт, алар коопсуздукту камсыз кылуу үчүн зарыл жана Бажы бирлигинин ББ ТР 018/2011 "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине (мындан ары - ББ ТР 018/2011) ылайык колдонулат.
2. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугу жана техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, ошондой эле ББ ТР 018/2011 талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан.
3. Ушул Эрежелердин максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ББ ТР 018/2011 талаптары менен аныкталган маанидеги түшүнүктөр жана терминдер колдонулат.
4. Транспорт каражаттарынын категориялары ББ ТР 018/2011 менен белгиленген маанилерде колдонулат:
- L категориясы - мототранспорт каражаттары;
- М категориясы - жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттары;
- N категориясы - жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттары;
- О категориясы - чиркегичтер жана жарым чиркегичтер.
5. Ушул Эрежелердин максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
транспорт каражаты - L, M, N жана О категорияларындагы дөңгөлөктүү жүрүүчү түзүлүш;
транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү - транспорт каражаты жүгүртүүгө чыгарылгандан кийин жасалган жана жол кыймылынын коопсуздугуна таасирин тийгизген конкреттүү транспорт каражатынын конструкциясында каралган курамдык бөлүктөрүн жана жабдуу предметтерин алып салуу же каралбагандарын орнотуу;
алдын ала техникалык экспертиза - транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн жана алардын коопсуздук талаптарына ылайыктуулугун баалоо;
кызмат адамы - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу адамы;
транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөрдүн коопсуздук талаптарына шайкештиги жөнүндө күбөлүк - ББ ТР 018/2011 талаптарына ылайык кайра жабдылган транспорт каражатынын коопсуздугун ырастаган документ.
БУУ ЕЭКтин № 67 эрежелери - 1958-жылдын 20-мартында Женевада түзүлгөн Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына орнотулуучу жана (же) колдонулуучу жабдуулардын предметтери жана тетиктери, дөңгөлөктүү транспорт каражаттары үчүн бирдей техникалык жазма буйруктарды кабыл алуу жөнүндө жана ошол жазма буйруктардын негизинде берилген расмий бекитүүлөрдү өз ара таануу шарттары тууралуу макулдашуу (мындан ары - 1958-жылдагы Макулдашуу) менен кабыл алынган төмөнкүдөй расмий бекитүүгө тиешелүү бирдей жазма буйруктар:
I. кыймылдаткычтары суюлтулган мунай газында иштеген механикалык транспорт каражаттары үчүн атайын жабдуунун;
II. суюлтулган мунай газын отун катары пайдалануу үчүн атайын жабдуу менен жабдылган транспорт каражаттарынын, мындай жабдууну орнотууга карата;
БУУ ЕЭКтин № 110 эрежелери - 1958-жылдагы Макулдашуу менен кабыл алынган төмөнкүлөрдү расмий бекитүүгө тиешелүү бирдей жазма буйруктар:
I. кыймылдаткычтары кысылган жаратылыш газында (КЖГ) иштеген механикалык транспорт каражаттарынын атайын жабдууларынын элементтеринин;
II. кыймылдаткычтарында кысылган жаратылыш газын (КЖГ) пайдалануу үчүн расмий бекитилген типтеги атайын жабдуунун элементтерин орнотууга карата транспорт каражаттарынын.
БУУ ЕЭКтин № 115 эрежелери - 1958-жылдагы Макулдашуу менен кабыл алынган төмөнкүлөрдү расмий бекитүүгө тиешелүү бирдей жазма буйруктар:
I. механикалык транспорт каражаттарына орнотуу үчүн арналган суюлтулган мунай газында (СМГ) иштеген атайын модификацияланган системалардын;
II. механикалык транспорт каражаттарына орнотуу үчүн арналган кысылган жаратылыш газында (КЖГ) иштеген атайын модификацияланган системалардын.
2-глава. Транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн жалпы шарттары
6. Транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ушул Эрежелердин жана ББ ТР 018/2011 талаптарын сактоо шартында жол берилет.
7. Транспорт каражатынын конструкциясын өзгөртүү деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:
- коопсуздукка таасир этүүчү компоненттерди орнотуу, алмаштыруу же алып салуу;
- транспорт каражатынын арналышын өзгөртүү;
- транспорт каражатын кайра жабдуу.
8. Транспорт каражаттарынын конструкциясына киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн тизмеги ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык аныкталат.
3-глава. Алдын ала техникалык экспертиза
9. Эксплуатацияда турган транспорт каражатынын конструкциясына пландалган өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн жол берилишине жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн кызмат адамы тарабынан алдын ала техникалык экспертиза түрүндө баа берилет.
10. Алдын ала техникалык экспертиза жүргүзүү үчүн транспорт каражатынын ээси же анын ишенимдүү адамы ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз берет.
Эгерде арыз маалыматтык технологияларды пайдалануу менен берилген болсо, берүү менен байланышкан бардык процесстер автоматтык (санариптик) формада жүргүзүлөт.
11. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- арыз ээсинин инсандыгын ырастоочу документ;
- транспорт каражатына менчик укугун ырастоочу документ;
- ишеним кат - ишенимдүү адам кайрылган учурда;
- сунушталган өзгөртүүлөрдүн эскиздик (чиймесинин) долбоору.
12. Арыз жана ага тиркелген документтер арыз берилген учурдан тартып 14 жумуш күндүн ичинде каралат.
13. Алдын ала техникалык экспертизанын жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынат:
- эскиздик долбоорду (чиймени) жактыруу жөнүндө;
- себептерин көрсөтүү менен баш тартуу жөнүндө.
Кабыл алынган чечим жөнүндө транспорт каражатынын ээси же анын ишенимдүү адамы "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте кабарланат.
14. Эскиздик долбоорду жактыруу алдын ала мүнөзгө ээ жана транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздук талаптарына шайкештигин ырастоо болуп саналбайт.
15. Алдын ала техникалык экспертиза төмөнкү компоненттер орнотулган учурларда жүргүзүлбөйт:
- ошол транспорт каражаты үчүн арналган;
- эксплуатациялык документтерде өндүрүүчү тарабынан каралган;
- шайкештикти баалоо жүргүзүлгөн макулдашылган конструктордук документтердин негизинде сериялык өзгөртүүлөр киргизилген.
4-глава. Транспорт каражатынын конструкциясын орнотуу жана коопсуздугун ырастоо тартиби
16. Транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштер ушул Эрежелерде көрсөтүлгөн мындай кызматтарды көрсөтүү укугуна ээ юридикалык же жеке жактар тарабынан аткарылат.
17. Иштер аяктагандан кийин транспорт каражатынын менчик ээсине же ишенимдүү адамына аткарылган иштердин көлөмү жана сапаты жөнүндө ушул Эрежелердин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча маалымкат берилет.
18. Транспорт каражатына анын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен техникалык экспертиза, зарыл болгон сыноолор жана өлчөөлөр ББ ТР 018/2011 ылайык аккредитацияланган контролдоо органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча транспорт каражатынын менчик ээсине же анын ишенимдүү адамына эки жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндөгү эки нускадагы жана бирдиктүү терезе системасы аркылуу санариптик документ түрүндө ушул Эрежелердин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча транспорт каражатын анын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен техникалык кароонун диагностикалык картасы таризделет.
Транспорт каражатын анын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен техникалык кароонун диагностикалык картасы так отчеттуулук бланкы болуп саналат, жеке катар номерге ээ жана шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан аккредитацияланган диагностикалык борборлорго берилет. Аккредитацияланган контролдоо органдары квартал сайын берилген жана бузулган бланктар жөнүндө аккредитациялоо боюнча улуттук органга отчет берип турууга тийиш.
Транспорт каражатын анын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен техникалык кароонун санариптик документ түрүндө түзүлгөн диагностикалык картасы бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системага жөнөтүлөт жана аккредитацияланган контролдоо органында ал берилген учурдан тартып беш жыл сакталат.
19. Транспорт каражатынын конструкциясынын өзгөртүүлөр киргизилгенден кийинки коопсуздугу ушул Эрежелердин 5-тиркемесине ылайык форма боюнча транспорт каражатынын анын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен коопсуздук талаптарына шайкештиги жөнүндө күбөлүк менен ырасталат.
5-глава. Транспорт каражатынын анын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен коопсуздук талаптарына шайкештиги жөнүндө күбөлүктү берүү тартиби
20. Транспорт каражатынын анын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен коопсуздук талаптарына шайкештиги жөнүндө күбөлүктү алуу үчүн менчик ээси же анын ишенимдүү адамы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же анын аймактык бөлүмүнө төмөнкүлөрдү берет:
- иштин көлөмү жана сапаты жөнүндө маалымкатты;
- транспорт каражатын анын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен техникалык кароонун диагностикалык картасын.
21. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмү:
- транспорт каражатынын анын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен коопсуздук талаптарына шайкештиги жөнүндө күбөлүктү тариздейт жана берет;
- себептерин көрсөтүү менен берүүдөн баш тартат.
22. Транспорт каражатынын анын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен коопсуздук талаптарына шайкештиги жөнүндө күбөлүк алгандан кийин:
- автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берилет;
- арыз ээсинин жеке өзү тарабынан же ишенимдүү адам ишеним кат боюнча кайрылган учурда берилет.
23. Өзгөртүүлөрдү каттоо транспорт каражатын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
6-глава. Газ баллондук жабдууга карата талаптар
24. Транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштерди (газ баллондук жабдууну орнотуу) газ баллондук жабдууну орнотуу жана жөндөө боюнча иштерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу жактардын реестрине киргизилген, өндүрүштүк-техникалык базасы жана бул ишти аткаруу үчүн тиешелүү аттестацияланган персоналы бар юридикалык жана жеке жактар жүзөгө ашырууга укуктуу. Аталган реестрге киргизилбеген жактар бул иштерди жүзөгө ашырууга укуксуз.
25. Газ баллондук жабдууну орнотуу жана жөндөө боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу жактардын реестри өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ыйгарымдуу мамлекеттик орган, ошондой эле анын аймактык бөлүмдөрү алардын компетенциясынын чегинде түзүлөт жана жүргүзүлөт.
Газ баллондук жабдууну орнотууну жана жөндөөнү жүргүзгөн юридикалык же жеке жактар аны орноткондон кийин төмөнкү документтердин топтомун берүүгө тийиш:
- газ баллондун паспорту;
- БУУ ЕЭКтин № 115 Эрежелери боюнча жалпысынан транспорт каражаттарынын тиешелүү түрү үчүн газ баллондук системанын тибине шайкештик сертификаттарынын өндүрүүчү же жеткирүүчү же сатуучу тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- БУУнун ЕЭКтин № 67 же 110 Эрежелери боюнча жабдуунун айрым элементтерине шайкештик сертификаты;
- жумушту уюштуруучунун автотранспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштердин көлөмү жана сапаты жөнүндө (2-тиркемеге ылайык), азыктандыруу системасынын герметикалуулугун текшерүү жана басым астында текшерүү жөнүндө, кыймылдаткычты газ түрүндөгү отун менен азыктандыруу үчүн жабдууну мезгилдүү сыноолорду жүргүзүү жана автотранспорт каражаттарынын иштетилген газдарындагы көмүртек кычкылынын (СО) чектүү жол берилген камтылышынын ББ ТР 018/2011 талаптарына шайкештиги жөнүндө арыз-декларациясы;
26. Транспорт каражаттарындагы газ баллондук жабдуу баллондорду өндүрүүчү тарабынан белгиленген жана баллондун (баллондордун) паспортунда көрсөтүлгөн баллондорду күбөлөндүрүүнүн мезгилдүүлүгүнө дал келген мезгилдүүлүктөгү мезгилдүү сыноолорго дуушар болот.
Газ баллондук жабдуусу бар, баллондун паспорту жок транспорт каражаттары баллонду күбөлөндүрүүдөн өтүүгө милдеттүү.
Мезгилдүү сыноолордун жыйынтыгы боюнча транспорт каражатына орнотулган газ баллондук жабдууга мезгилдүү сыноолор жүргүзүлгөндүгү жөнүндө күбөлүк таризделет.
27. Газ баллондук жабдууну күбөлөндүрүү ББ ТР 018/2011 ылайык аккредитацияланган контролдоо органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Газ баллондук жабдуу бар автотранспорт каражатынын айдоочусуна баллондорду кезектеги милдеттүү күбөлөндүрүү мөөнөтү аяктаган, газ баллондук жабдуунун компоненттеринин бекитмеси бузулган, газ баллондук жабдуунун элементтеринен жана алардын бириктирилген жерлеринде газ чыккан автотранспорт каражатын пайдаланууга тыюу салынат.
Газ баллонду күбөлөндүрүү жөнүндө колдонуудагы документтин жоктугу төмөнкүлөрдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат:
- шайкештик жөнүндө күбөлүктү берүүдөн;
- транспорт каражатына газ куюудан.
Транспорт каражатынын конструкциясына газ баллондук жабдууну орнотуу менен байланышкан өзгөртүүлөр киргизилген учурда, транспорт каражатынын анын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен коопсуздук талаптарына шайкештиги жөнүндө күбөлүктө колдонулуучу газ отунунун түрү (компримирленген жаратылыш газы (метан), суюлтулган көмүр суутек газы (пропан-бутан) же өндүрүүчүнүн техникалык документтерине ылайык газдын башка түрү (метан, пропан, бутан же алардын аралашмасы) милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
Транспорт каражатынын орнотулган газ баллондук жабдуу менен шайкештиги жөнүндө күбөлүктү берүүдө ыйгарым укуктуу орган күбөлүктө жабдуу арналган газ отунунун түрүн (компримирленген жаратылыш газы (метан), суюлтулган көмүр суутек газы (пропан-бутан) же өндүрүүчүнүн техникалык документтерине ылайык газдын башка түрүн (метан, пропан, бутан же алардын аралашмасы) көрсөтүүгө милдеттүү.
28. Газ баллондук жабдууну орнотуу жана жөндөө боюнча иштерди жүзөгө ашырган жетекчи адамдар жана персонал өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү багыттар боюнча окутуудан жана аттестациялоодон өтүүгө милдеттүү.
29. Газ баллондук жабдууну орнотуу жана жөндөө боюнча иштерди жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактар Объекттерди кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестрине каттоо жана мамлекеттик реестрди жүргүзүү жөнүндө жобого ылайык Кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестринде милдеттүү түрдө каттоого алынууга тийиш.
30. Транспорт каражатына орнотулган газ баллондун маркировкасы ББ ТР 018/2011 талаптарына шайкеш болууга тийиш.
Транспорт каражатына орнотулган баллондо ошондой эле төмөнкүлөр белгиленүүгө жана көрүнүктүү болууга тийиш:
- өндүрүүчү заводдун товардык белгиси;
- мамлекеттик стандартка же аларды өндүрүүнүн техникалык шарттарына ылайык бош баллондун иш жүзүндөгү массасы (килограмм менен);
- өндүрүлгөн датасы (айы, жылы) жана кийинки күбөлөндүрүү жылы;
- иштөө басымы (мегапаскаль менен);
- сыноо гидравликалык басымы (мегапаскаль менен);
- мамлекеттик стандартка же өндүрүүнүн техникалык шарттарына ылайык баллондун сыйымдуулугу (литр менен);
- өндүрүүгө стандарттын номери;
- баллондун эсептик номери;
- аны каттоо жөнүндө белги.
7-глава. Чектөөлөр жана тыюу салуулар
31. Транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт, эгерде мындай өзгөртүүлөр ББ ТР 018/2011 талаптарына каршы келсе, ошондой эле эгерде тиешелүү өзгөртүүлөр ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык Транспорт каражатынын конструкциясына киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн тизмегине киргизилбесе.
8-глава. Мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары
32. Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган:
- алдын ала техникалык экспертиза жүргүзөт;
- ушул Эрежелердин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
- анын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөрү бар транспорт каражатынын коопсуздук талаптарына шайкештиги жөнүндө күбөлүк берет жана берилген күбөлүктөрдүн реестрин жүргүзөт.
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган каттоо иш-аракеттерин жүзөгө ашырат.
Аккредитацияланган контролдоо органдары ББ ТР 018/2011 ылайык транспорт каражаттарынын конструкциясынын коопсуздугун баалоону жүргүзөт.
Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
- газ баллондук жабдууну орнотуу жана жөндөө боюнча иштерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу жактардын реестрин жүргүзөт;
- газ баллондук жабдууну орнотуу жана жөндөө боюнча иштердин аткарылышын контролдойт.
Транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ББ ТР 018/2011 талаптарынын аткарылышына мамлекеттик контроль жүргүзөт.
9-глава. Жоопкерчилик
33. Ушул Эрежелердин жоболорун бузууга жол берген жактар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
|
| Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү эрежелерине, ошондой эле газ баллондук жабдууга карата талаптарга 1-тиркеме |
Транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөрдүн ТИЗМЕГИ
Транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөрдүн тизмеги:
1. Транспорт каражатынын (мындан ары - ТК) бул тибинин курамында шайкештиги баалоодон өткөн стандарттык өзү түшүрүүчү жана борттук кузовдорду, цистерналарды, кузов-фургондорду (анын ичинде контейнерлерди), тентти транспорт каражатынын шассисине орнотууга байланышкан кузовдун тибин өзгөртүү, ошондой эле аталган кузовдордун типтерин бири-биринин ордуна орнотуу.
2. Жүк ташуучу автомобилдерге ТК тибинин курамында шайкештигине баалоо жүргүзүлгөн кошумча күйүүчү май бактарын орнотуу.
3. Борттук жана өзү түшүрүүчү кузовдордун жана цистерналардын ордуна ТК тибинин курамында шайкештигине баалоо жүргүзүлгөн ээрлүү чиркегич түзүлүштү орнотуу.
4. ТК тибинин курамында шайкештигине баалоо жүргүзүлгөн жүктөрдү өз алдынча жүктөө жана түшүрүү үчүн жүк ташуучу автомобилдерге жүк көтөрүүчү бортторду, лебедкаларды жана гидравликалык көтөргүчтөрдү орнотуу.
5. Автомобилдерге (анын ичинде жеңил автомобилдин салонуна) жана чиркегичтерге ТК тибинин курамында шайкештигине баалоо жүргүзүлгөн атайын алынбай турган жабдууларды орнотуу.
6. Жүк ташуучу борттук автомобилдерге жана борттук эки огу бар чиркегичтерге борттордун ордуна кониктерди орнотуу.
7. Жүк ташуучу автомобилдердин шассисине устаканаларды жайгаштыруу, почтаны, өнөр жай жана азык-түлүк товарларын ташуу үчүн ТК тибинин курамында шайкештигине баалоо жүргүзүлгөн кузов-фургондорду орнотуу (адамдарды ташуу үчүн атайын арналган кузов-фургондорду кошпогондо).
8. Кыймылдаткычты газ түрүндөгү отун (компримирленген жаратылыш газы, суюлтулган жаратылыш газы, суюлтулган мунай газы) менен азыктандыруу үчүн жабдууларды орнотуу жана мындай жабдууларды демонтаждоо.
9. Жарык берүү жана жарык сигнализациясынын түзүлүштөрүн алмаштыруу (орнотуу) же алардын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү, анын ичинде фаралардагы жарык булактарынын классын өзгөртүү.
10. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын башкаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн ТКны кайра жабдуу.
11. ТКны медициналык тез жардам автомобилине кайра жабдуу.
12. М1 жана N1 категорияларындагы ТК чатырына маалыматтык-жарнамалык модулдарды орнотуу.
13. Транспорт каражатынын эксплуатациялык документтеринде каралбаган М1 жана N1 категорияларындагы ТКга босоголорду, спойлерлерди, сплиттерлерди, глушителдерге учтуктарды, радиатор торчолорун, башка декоративдик элементтерди, багажниктерди жана рейлингдерди, антенналарды, чатырдагы люктарды, аба соргучтарды, тепкичтерди, дөңгөлөк аркаларын кеңейткичтерди, подкрылокторду, дефлекторлорду, дөңгөлөктөрдү жана дөңгөлөк шиналарын (чоңойтулган диаметрдеги дөңгөлөктөрдү жана шиналарды кошпогондо) орнотуу.
14. М1 жана N1 категорияларындагы ТКга чиркегичтерди сүйрөө үчүн түзүлүштөрдү орнотуу.
15. N1 категориясындагы ТКнын жүк платформаларына фургондорду, капкактарды жана тенттерди орнотуу.
16. М1 жана N1 категорияларындагы ТКга дөңгөлөктөрдүн астынан чачыроодон коргоочу түзүлүштөрдү орнотуу.
17. М1 жана N1 категорияларындагы ТКнын жүргүнчүлөр жайына кошумча жабдууларды: мультимедиалык жана компьютердик жабдууларды, байланыш жабдууларын жана аларды бекитүү элементтерин, коргоо сигнализация каражаттарын, транспорт каражатын уруксатсыз пайдалануудан коргоо каражаттарын, шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу түзүлүштөрүн, башка жабдууну орнотуу.
18. Чиркегичи менен ТКны пайдалануу үчүн сүйрөөчү-чиркелүүчү түзүлүштү (ээрлүү-чиркегич түзүлүштү кошпогондо) орнотуу.
19. М2 же М3 категорияларындагы ТКнын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү, анын натыйжасында ТКнын категориясы М1 же N болуп өзгөрөт, ошондой эле М1 конструкциясын өзгөртүү, анын натыйжасында N категориясына өзгөрөт.
20. Кыймылдаткычка аба соргучту (шноркелди) орнотуу.
21. Алдынкы/арткы бамперлерди коргоону (жолдо кагылышуу болгондо бузулуудан коргоо үчүн төмөнкү бөлүгүнө орнотулган түзүлүштөр) орнотуу.
22. Спойлерлерди, өткөргүчтөрдү, дефлекторлорду жана ТКнын башка деталдарын орнотуу.
23. Жүк ташуучу автомобилдердин чатырына спойлерлерди, багажниктерди жана уктоочу орундарды орнотуу.
24. N жана О категорияларындагы ТКга инструменттердин кутусун орнотуу.
25. Муздаткыч жабдууларын орнотуу.
26. Автомобилдин штаттык комплектациясында (конструкциясында) каралбаган бамперди орнотуу.
27. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ТКны кол менен башкаруу түзүлүштөрүн демонтаждоо.
28. ТКны окуп үйрөтүүчү ТКга кайра жабдуу.
29. Кыймылдаткычты алмаштыруу.
30. Өзү түшүрүүчү ТКга кайра жабдуу.
31. ТКны эвакуаторго кайра жабдуу.
32. Босого-тосмолорду орнотуу.
33. М1 жана М2 категориясындагы ТКга запастык дөңгөлөктү бекемдөөчү кронштейнди орнотуу.
34. Өзүн-өзү алып чыгуу үчүн лебедканы орнотуу.
35. Өндүрүүчү завод тарабынан эксплуатациялык документтерде каралбаган өлчөмдүү дөңгөлөктөрдү орнотуу.
36. Дөңгөлөк аркаларын кеңейтүүчүлөрдү орнотуу.
37. Багажникке жетүүнү камсыз кылуу үчүн арткы капталга тепкичти орнотуу.
38. Кран-манипулятордук түзүлүштү орнотуу.
39. Мотоциклдердин коргоочу дугаларын орнотуу.
40. Жүк ташуучу борттуу автомобилдерге жана борттуу чиркегичтерге алынбай турган кошумча бортторду орнотуу.
41. Кооптуу жүктөрдү ташуу үчүн ТКны толуктап жабдуу.
42. Мурда кооптуу жүктөрдү ташууга арналбаган ТКны кооптуу жүктөрдү ташуучу ТКга кайра жабдуу.
Транспорт каражаттарынын конструкциясына киргизилген жол берилгис өзгөртүүлөрдүн тизмеги:
1. Базанын чегинде раманы же көтөрүүчү кузовду узартуу.
2. М1 же N категориясындагы ТКнын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү, анын натыйжасында ТКнын категориясы М2 же М3 болуп өзгөрөт.
3. ТК штаттык кыймылдаткычын максималдуу кубаттуулугу же максималдуу айлануу учуру ТКнын ушул типтеги конструкциясында каралган кыймылдаткычтан 25%дан жогору болгон кыймылдаткычка алмаштыруу.
4. Автобустун классын (А, В, I, II, III) М2 жана М3 категориясына өзгөртүү.
5. ТКнын кыймылы учурунда иштөөгө жөндөмдүү жарык берүүчү жабдууларды ТКга (МАМСТ Р 58287 боюнча таксинин таануу белгисинен тышкары), ошондой эле ТКнын кабинасынын кузовунун чатырына жарык берүүчү приборлорду орнотуу (атайын ТКны кошпогондо).
6. Минивендерге, жүк-жүргүнчү (жүргүнчү) ташуучу ТКга багажниктерди орнотуу.
|
| Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү эрежелерине, ошондой эле газ баллондук жабдууга карата талаптарга 2-тиркеме |
Форма
|
| Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн жетекчисине |
|
| ______________________________ кимден _______________________ |
|
| (аты-жөнү) |
|
| ________________________________ |
|
| (жашаган жери) |
Транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө АРЫЗ
Транспорт каражаты жөнүндө маалыматтар
Мамлекеттик каттоо белгиси _________________________________ Идентификациялык номери (VIN) _____________________________ Маркасы, модели ___________________________________________ ТКнын тиби_________________________________________________ Өндүргөн уюм__________ ___________________________________ __________________________________________________________ Категориясы (А, В, С, D, чиркегич) ____________________________ Чыккан жылы _______________________________________________ Кыймылдаткычынын модели, номери__________________________ Шассинин (раманын) номери__________________________________ | Кузовунун номери_________________________________________ Түсү ____________________________________________________ Кыймылдаткычтын кубаттуулугу (кВт/л.с.) ____________________ Уруксат берилген максималдуу массасы, кг ___________________ Жүктөмү жок массасы, кг____________________________________ ТКнын паспорту_____________________________________________ _________________________________________________________ (Сериясы, номери, берилген датасы) Каттоо документи _________________________________ _________________________________________________________ (Документтин аталышы, сериясы, номери, берилген датасы) |
Транспорт каражатынын ээси же анын өкүлү жөнүндө маалыматтар
______________________________________________________________________________
(Аты-жөнү же уюмдун аталышы)
______________________________________________________________________________
(Облусу, району, калктуу конуш, көчө, үй, батир)
Ишеним кат (ээсинин өкүлү үчүн) ________________________________________________
______________________________________________________________________________
(Качан, ким берген, реестрдеги номери)
Транспорт каражатынын конструкциясына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
маселени карооңузду өтүнөм:
______________________________________________________________________________
(Конструкцияга өзгөртүүлөр, орнотулуучу тетиктердин жана
______________________________________________________________________________
агрегаттардын тиби, маркасы, монтаждоо ыкмасы ж.б. толук
______________________________________________________________________________
сыпатталат)
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
20____-жылдын "___" ________________ ___________________
(Колу)
М.О.
|
| Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү эрежелерине, ошондой эле газ баллондук жабдууга карата талаптарга 3-тиркеме |
Форма
Транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жумуштардын көлөмү жана сапаты жөнүндө АРЫЗ-ДЕКЛАРАЦИЯ
_________________________________________________________________________________
(Транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү
_________________________________________________________________________________
боюнча жумуштарды аткарган юридикалык же жеке жактын аталышы
_________________________________________________________________________________
жана дареги)
_________________________________________________________________________________
(Лицензия берген уюмдун аталышы)
тарабынан _______-жылдын "___" ________________ берилген № __________________________
лицензияга (*) жана _________________________________________________________________
(Сертификат берген уюмдун аталышы)
тарабынан _______-жылдын "___" ________________ берилген № __________________________
шайкештик сертификатына (*) ылайык мамлекеттик каттоо белгиси, __________________________
идентификациялык номери (VIN), _______________ кыймылдаткычынын № ____________________,
шассисинин (раманын) №, ________________ кузовунун (колясканын) № _____________________
транспорт каражатынын конструкциясына (маркасы, модели) _______________________________
өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча төмөнкүдөй жумуштар аткарылды
_________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________
(Транспорт каражатынын системаларынын жана агрегаттарынын конструкциясына
киргизилген өзгөртүүлөрдүн сыпаттамасы)
_________________________________________________________________________________
(*) Эскертүү. Эгерде транспорт каражатынын менчик ээси жумуштарды өз алдынча аткарса,
лицензиянын жана сертификаттын реквизиттери толтурулбайт.
Конструкциясына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин транспорт каражатынын мүнөздөмөсү
Габариттик өлчөмдөрү, мм: _________________________________________________________
Узундугу ___________________, туурасы ______________, бийиктиги _____________________,
базасы _____________________
Толук массасы, кг _________________, жүктөлгөн массасы, кг ____________________________
Кузовунун тиби: __________________________________________________________________
Адамдарды ташуу үчүн орундардын саны, айдоочуну кошкондо ___________________________
Кыймылдаткычы (тиби, кубаттуулугу, жумушчу көлөмү): __________________________________
Азыктандыруу системасы: __________________________________________________________
Трансмиссиясы: __________________________________________________________________
Илешме: ________________________________________________________________________
Өткөрмө кутучасы: ________________________________________________________________
Башкы өткөргүчү: _________________________________________________________________
Астына асылмасы: ________________________________________________________________
Рулдук механизм: _________________________________________________________________
Тормоздук системалары: ___________________________________________________________
Шиналары: _______________________________________________________________________
Кузовдун кошумча жабдуусу: ________________________________________________________
Башка: ___________________________________________________________________________
Жумуштар толук көлөмдө, сапаттуу жана транспорт каражатынын конструкциясына алдын ала
техникалык экспертизанын оң корутундусу менен аткарылды.
________________________________________________________________________________
(Корутундуну берген уюмдун аталышы)
20____-жылдын "___" ________________ __________________ ___________________
(Аты-жөнү) (Колу)
М.О.
|
| Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү эрежелерине, ошондой эле газ баллондук жабдууга карата талаптарга 4-тиркеме |
Форма
Транспорт каражатын анын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен техникалык кароонун ДИАГНОСТИКАЛЫК КАРТАСЫ
|
| ________________________________ |
|
| (Бланктын эсептик номери) |
Диагностикалык борбор ____________________________________________
(Аталышы, дареги)
Транспорт каражатынын менчик ээси жөнүндө маалыматтар (аты-жөнү же уюмдун аталышы, жашаган жеринин дареги же юридикалык дареги) |
|
Мамлекеттик каттоо белгиси |
|
Идентификациялык номери (VIN) |
|
Маркасы |
|
Коммерциялык аталышы |
|
Тиби |
|
Шасси (башка өндүрүүчүнүн шассисин колдонгондо гана) |
|
Транспорт каражатын кайра жабдуу боюнча жумуштарды өндүрүүчү жөнүндө маалымат (аты-жөнү же уюмдун аталышы, жашаган жеринин дареги же юридикалык дареги) |
|
Категориясы (А, В, С, D, Е) |
|
Экологиялык классы |
|
Чыгарылган жылы |
|
Кыймылдаткычынын номери (болсо) |
|
Шассинин (раманын) номери (болсо) |
|
Кузовдун номери (болсо) |
|
Түсү |
|
Транспорт каражатын идентификациялоочу документ (сериясы, номери, берилген датасы) |
|
Каттоо документи (аталышы, сериясы, номери, берилген датасы) |
|
Транспорт каражаты Транспорт каражатынын жалпы мүнөздөмөсү (конструкциясына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин)
Дөңгөлөк формуласы/алдынкы дөңгөлөктөрү |
|
Транспорт каражатынын чогултулган схемасы |
|
Кузовдун тиби/эшиктердин саны (М1 категориясы үчүн) |
|
Алдынкы/арткы орундардын саны (М1 категориясы үчүн) |
|
Жүктөө мейкиндигин аткаруу (N категориясы үчүн) |
|
Кабина (N категориясы үчүн) |
|
Жүргүнчү сыйымдуулугу (М2, М3 категориялары үчүн) |
|
Багаж бөлүгүнүн жалпы көлөмү (III класстагы М3 категориясы үчүн) |
|
Отуруу үчүн орундардын саны (М2, М3, L категориялары үчүн) |
|
Рамасы (L категориясы үчүн) |
|
Октордун/дөңгөлөктөрдүн саны (О категориясы үчүн) |
|
Транспорт каражатынын жабдылган абалдагы массасы, кг |
|
Транспорт каражатынын техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы, кг |
|
Габариттик өлчөмдөрү, мм: - узундугу; - туурасы; - бийиктиги |
|
Базасы, мм |
|
Алдынкы/арткы дөңгөлөктөрдүн колеясы, мм |
|
Кыймылдаткычы (маркасы, тиби): - цилиндрлердин саны жана жайгашуусу; - цилиндрлердин жумушчу көлөмү, см3; - кысуу даражасы; - максималдуу кубаттуулугу, кВт (мин-1); - максималдуу айланган учуру, Нм (мин-1); Отун |
|
Азыктануу системасы (тиби) |
|
От алдыруу системасы (тиби) |
|
От алдыруу системасы (тиби) |
|
Трансмиссиясы (тиби) |
|
Илешме (маркасы, тиби) Өткөрмө кутучасы (маркасы, тиби) |
|
Астына асылмасы (тиби): - алдынкы; - арткы |
|
Рулдук башкаруу (маркасы, тиби) |
|
Тормоздук системалары (тиби): - жумушчу; - запастык; - токтоочу |
|
Шиналар (белгиси) |
|
Тышкы жарык берүү приборлору |
|
Транспорт каражатынын конструкциясынын башка элементтери |
|
Кайра жабдылган транспорт каражаты ________________________________________________
________________________________________________________________________________
Бажы бирлигинин Техникалык регламентинин ББ ТР 018/2011 "Дөңгөлөктүү транспорт
каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" талаптарына шайкеш келет/шайкеш келбейт.
Диагностикалык борбордун жетекчиси ________________________ ________________
(Аты-жөнү) (Колу)
Берилген датасы 20____-жылдын "___" ________________
|
| Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү эрежелерине, ошондой эле газ баллондук жабдууга карата талаптарга 5-тиркеме |
Форма
Конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөрү менен транспорт каражатынын коопсуздук талаптарына шайкештиги жөнүндө КҮБӨЛҮК
|
| № _____________________________ |
|
| (Бланктын эсептик номери) |
Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмү
________________________________________________________________________________
(Аталышы, дареги)
Транспорт каражаты
Мамлекеттик каттоо белгиси |
|
Идентификациялык номери (VIN) |
|
Маркасы |
|
Коммерциялык аталышы |
|
Тиби |
|
Шассиси (башка өндүрүүчүнүн шассисин колдонгондо гана) |
|
Өндүрүүчү жана анын дареги |
|
Категориясы (А, В, С, D, Е) |
|
Экологиялык классы |
|
Чыгарылган жылы |
|
Кыймылдаткычынын номери (болсо) |
|
Шассисинин (рамасынын) номери (болсо) |
|
Кузовунун номери (болсо) |
|
Түсү |
|
Транспорт каражатын идентификациялаган документ (сериясы, номери, берилген датасы) |
|
Каттоо документи (аталышы, сериясы, номери, берилген датасы) |
|
Транспорт каражатынын менчик ээси жөнүндө маалыматтар (аты-жөнү же уюмдун аталышы, иш жүзүндөгү же юридикалык дареги) |
|
Транспорт каражатынын жалпы мүнөздөмөлөрү (конструкцияга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин)
Дөңгөлөк формуласы/алдынкы дөңгөлөктөрү |
|
Транспорт каражатын топтоо схемасы |
|
Кузовунун тиби/эшиктеринин саны (М1 категориясы үчүн) |
|
Алдынкы/арткы орундардын саны (М1 категориясы үчүн) |
|
Жүктөө мейкиндигин аткаруу (N категориясы үчүн) |
|
Кабинасы (N категориясы үчүн) |
|
Жүргүнчү сыйымдуулугу (М2, М3 категориялары үчүн) |
|
Багаж бөлүмдөрүнүн жалпы көлөмү (III класстагы М3 категориясы үчүн) |
|
Отуруу үчүн орундардын саны (М2, М3, L категориялары үчүн) |
|
Рамасы (L категориясы үчүн) |
|
Октордун/дөңгөлөктөрдүн саны (О категориясы үчүн) |
|
Транспорт каражатынын жабдылган абалдагы массасы, кг |
|
Транспорт каражатынын техникалык жол берилген максималдуу массасы, кг |
|
Габариттик өлчөмдөрү, мм: - узундугу; - туурасы; - бийиктиги |
|
Базасы, мм |
|
Алдынкы/арткы дөңгөлөктөрүнүн колеясы, мм |
|
Кыймылдаткычы (маркасы, тиби) - цилиндрлердин саны жана жайгашуусу; - цилиндрлердин жумуш көлөмү, см3; - кысуу даражасы; - максималдуу кубаттуулугу, кВт (мин-1); - максималдуу айланган учуру, Нм (мин-1); Отун |
|
Азыктануу системасы (тиби) |
|
От алдыруу системасы (тиби) |
|
Иштелип чыккан газды чыгаруу жана нейтралдаштыруу системасы |
|
Трансмиссиясы (тиби) Илешме (маркасы, тиби) Өткөрмө кутучасы (маркасы, тиби) |
|
Илешме (маркасы, тиби) Өткөрмө кутучасы (маркасы, тиби) |
|
Астына асылмасы (тиби): - алдынкы; - арткы |
|
Рулдук башкаруусу (маркасы, тиби) |
|
Тормоздук системалары (тиби): - жумушчу; - запастык; - токтоочу |
|
Шиналары (белгиси) |
|
Транспорт каражатынын кошумча жабдуусу |
|
_________________________________________________________________________
(Юридикалык дареги)
_________________________________________________________________________
(Транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү
жана тартиби жөнүндө корутундуну берген юридикалык жактын аталышы)
тарабынан берилген 20____-жылдын "___" ________________ № ___________________
корутундуга ылайык
_________________________________________________________________________
(Иш жүзүндөгү же юридикалык дареги)
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
(Транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүү киргизген адамдын
аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы)
жумушту аткаруучу тарабынан транспорт каражатынын конструкциясына төмөнкү
өзгөртүүлөр киргизилди:
_________________________________________________________________________
(Конструкцияга киргизилген өзгөртүүлөр толук сыпатталат
_________________________________________________________________________
(орнотулган компоненттердин тиби жана маркасы, монтаждоо ыкмасы ж.б.;
_________________________________________________________________________
транспорт каражатынын жаңы багыты (адистештирилиши) көрсөтүлөт)
Конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөрү менен транспорт каражаты Бажы бирлигинин
ББ ТР 018/2011 "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө"
техникалык регламентинин талаптарына шайкеш келет.
Кошумча маалымат (чектөөсүз же габариттери жана октук массалары боюнча ченемдерден
ашкандыгы үчүн чектөөлөрү менен жалпы пайдаланылуучу жолдордо колдонуу мүмкүнчүлүгү,
маршруттук транспорт каражаты катары колдонуу мүмкүнчүлүгү ж.б.)
________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________
Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси | _______________________ | _________ |
| (Аты-жөнү) | (Колу) |
Таризделген датасы 20____-жылдын "___" ________________