РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-июлу № 578-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы 2024–2029-жылдарга карата кызматташуу программасын ишке ашыруу боюнча Жол картасынын долбоорун расмий тилде жактыруу жөнүндө) тескемеси

Редакцияот 30.07.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси

 

2026-жылдын 30-июлу № 578-т

 

2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы 2024–2029-жылдарга карата кызматташуу программасын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. 2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы 2024–2029-жылдарга кызматташуу программасын ишке ашыруу боюнча жол картасынын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Жол картасына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев