Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУЮЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 3-августу № 521
Башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө шарттары жөнүндө
«Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилидиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө шарттары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) баккан жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө өткөн календардык жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан аныкталуучу Кыргыз Республикасында калктын жан башына эсептелген орточо жашоо минимумунун өлчөмүндө белгиленет деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 «Кыргыз Республикасынын «Экономикалык иштин түрлөрү» мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын «Экономикалык иштин түрлөрү» мамлекеттик классификаторунда (ЭИТМК, 3-версия);
– «Башка топторго киргизилбеген жашап туруу камсыздалбаган башка социалдык тейлөө» 88.99.0 чакан классынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар баланы жана (же) майыптыгы бар адамды баккан жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрү».
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 556 «Бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жана/же адамдын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 283 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 4-августундагы № 58 (3818) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |