ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 «Кыргыз Республикасынын»Экономикалык иштин түрлөрү«мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 11-январы № 9

Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө

"Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификатору (ЭИТМК, 3-версия) бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чарбакер субъекттер:

- практикалык иште Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторун пайдаланышсын;

- өзүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторунун жаңы редакциясына ылайык келтиришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 25-ноябрындагы № 640 "Кыргыз Республикасынын "Экономикалык ишмердиктин түрлөрү" мамлекеттик классификатору жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

А.Атамбаев