ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-майындагы № 377 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 419»Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана шаардык кеңештеринин типтүү түзүмүн, штаттык санынын чегин, штаттык расписаниесинин формасын бекитүү жөнүндө«токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция29.05.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 29-майы № 377

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 419 "Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана шаардык кеңештеринин типтүү түзүмүн, штаттык санынын чегин, штаттык расписаниесинин формасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-февралындагы № 79 тескемесин аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 419 "Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана шаардык кеңештеринин типтүү түзүмүн, штаттык санынын чегин, штаттык расписаниесинин формасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 2, 2-1-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтомду ишке ашыруу республикалык маанидеги шаарлардын тиешелүү жана кийинки жылдарга жергиликтүү бюджеттеринде каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Касымалиев

 

 

 

 

 

 

 

 

1-тиркеме

 

 

 

"2-тиркеме

Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын штаттык санынын чеги

№

Шаардын мэриясынын аталышы

Муниципалдык кызматчылардын штаттык бирдиктеринин саны

Техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын штаттык бирдиктеринин саны

1

Бишкек шаарынын мэриясы

1405

276

2

Ош шаарынын мэриясы

241

86

".

 

 

 

2-тиркеме

 

 

 

"2-1-тиркеме

Республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин штаттык санынын чеги

№

Кызмат ордунун аталышы

Ош шаары

Бишкек шаары

1

Төрага

1

1

2

Төраганын орун басары

2

2

3

Аппарат жетекчиси

1

1

4

Бөлүмдүн башчысы

1

4

5

Башкы адис

3

8

6

Жетектөөчү адис

4

7

7

Адис

2

5

 

Бардыгы

14

28

 

Техникалык жана кенже тейлөөчү персонал

4

6

 

Жалпы

18

34

".